Skip to content
Home » Кудайдын Падышачылыгы: Көптөр чакырылган, бирок…

Кудайдын Падышачылыгы: Көптөр чакырылган, бирок…

  • by

Сажда сүрөсүндө (32- Сүрө – Сажда) сүрөөсүндө ынталуу намаз окуган жана сажда кылгандар жөнүндө окуйбуз. Андан кийин аларга кандайдыр бир сыйлык убада кылынган.

Бир да жан алардын (жакшылык) кылгандары үчүн сыйлык катары бериле турган көздөрүн кубантуучу жыргалдарды билбейт.

Сажда Сүрөсү , 32:17

Рахман сүрөсүнүн (55-Мээримдүү Сүрөсү) ушул эле суроо 33-аяттан 77 – аятка чейин катары менен 31 жолу угулган:

Эгеңердин жакшылыктарынын кайсынысын жалганга чыгара аласыңар?!

Рахмаан Сүрөсү, 55:13-77

Адил адамдарга ушундай зор кубанычтар убада кылынса, Теңирдин ырайымынан ким баш тарта алат? Бул жөн эле жиндилик болмок. Бирок Ыйса Машайак (алейхи салам) Теңирдин ырайымын кабыл албастыктын чыныгы коркунучу жөнүндө эскерткени тууралуу бир мисал айтып берген. Бирок, келгиле, бир аз сарасеп салып баштайлы.

Жогоруда да айтылгандай, Ыйса Машайак (алейхи салам) пайгамбарыбыз оорулар , жадагалса элементтер ага баш ийиши үчүн бийлик менен сүйлөйт. Мындан тышкары, Ал Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө көп нерсени үйрөтөт . Забурдун кээ бир пайгамбарлары да келе жаткан Падышачылык жөнүндө айтышкан . Ыйса алардын окуусун ачып, бул Падышачылык «жакын» экенин айтат.

Биринчиден, Тоодогу насаатында Ал Кудайдын Падышачылыгынын катышуучулары бири-бирин кантип сүйүшү керектигин көрсөтөт. Элестетип көргүлөчү, бүгүнкү күндө дүйнөдө канчалаган үрөй учурар, адилетсиздик жана кырсыктар ушул сүйүү доктринасын карманбагандыктан гана болуп жатканын болгонун көрөбүз (жаңылыктарды угуңуз). Кудайдын Падышалыгында жашоо бул азап дүйнөсүндөгү жашоодон айырмаланып тургандыктан, биз бири-бирибизге башкача мамиле кылышыбыз керек — сүйүү менен.

Майрам жөнүндөгү мисал

Ыйса Машайак (алейхи саламдын) окутуусан ылайык аз адамдар жашайт, бирок Кудайдын Падышачылыгына аз адамдар чакырылган деген тыянак чыгарууга болобу? Жок. Ыйса Машайак (алейхи салам) үйлөнүү үлпөт (майрам) жөнүндө мисал айтып, Падышачылыкка чакыруу абдан көп адамдарга тарай турганын көрсөткөн. Бирок, баары ушунчалык жылмакай эмес. Инжилде мындай дейт :

“15 Муну укканда, Ыйса менен бир дасторкондо отургандардын бири Ага: «Кудайдын Падышачылыгынан даам тата турган адам бактылуу», – деди. 16 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бир адам кечкиге чоң дасторкон даярдап, көп конок чакырат. 17 Тамак ичер убакыт болгондо, ал чакырган адамдарына: “Келгиле, баары даяр болду”, – деп, кулунан айттырып жиберет.18 Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай башташат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырып жиберет.19 Экинчиси болсо: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү барам. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырат. 20 Үчүнчүсү: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – дейт. 21 Кул кайтып келип, муну кожоюнуна айтат. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: “Сен тезинен шаардын чоң-кичине көчөлөрүн аралап, жардыларды, мунжуларды, аксактарды жана сокурларды бул жерге алып кел”, – деп айтат. 22 Кул барып келип: “Кожоюн, буйругуң орундатылды, бирок дагы орун бар”, – дейт.23 Ошондо кожоюн кулуна: “Жол боюндагыларды, шаар тосмосунун сыртындагыларды келүүгө аргасыз кыл, менин үйүм толсун.24 Анткени силерге айтып коёюн, мурунку чакырылгандардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз”, – деп айтат».”

Лука . 14:15-24

Бул мисалда биздин көнүмүш ой жүгүртүүбүз катары бир нече жолу тескери бурулган. Биринчиден, Алла Таала Падышачылыкка (өзүнүн үйүндөгү тойго) азыноолак гана чакырат деп ойлосок болот, анткени татыктуулар аз. Бирок, андай эмес. Майрамга көптөгөн адамдар чакырылат. Падыша (бул мисалдагы Аллах) үйүнүн элге толушун каалайт.

Бирок, баары адаттан тыш нукка бурулат. Чакырылгандардын арасында келүүнү каалагандар аз. Кандай гана күлкүлүү шылтоолорду ойлоп табышат. Өзүңүз ойлонуп көрүңүз: өгүздөрдү сатып алаардан мурун талаада сынаганга чейин ким сатып алат? Талааны ар тараптан кылдат текшергенче ким сатып алат? Бул шылтоолор алардын жүрөктөрүнүн чыныгы ниетин гана көрсөтөт – алар Кудайдын Падышачылыгына кызыккан эмес. Алардын башка кызыкчылыктары бар болгон.

Бирок биз падышанын үйүндө адамдардын аздыгына ачуулануу керек деп чечкенибиз менен, сюжетте дагы бир күтүүсүз бурулуш пайда болот. Тойго эң “күтүлбөгөн” коноктор чакырылат – биз четте калган, эч кандай чакырууга татыксыз деп эсептегендер, көчөдөн келгендер, селсаяктар жана үйү жок адамдар, “байкуштар, майыптар, аксактар, сокурлар” чакырылат. Мына ошолор сейилдеп жүргөндөр. Тойго биз ойлогондон да көп адамдар чакырылган. Падыша өз үйүнүн конокко толушун каалайт, атүгүл биз эч качан босогого киргизбей тургандарды да чакырат.

Жана бул адамдар чакырууну кабыл алышат! Алардын башка, андан артык “приоритеттүү” кызыкчылыктары жок – өгүздөрү да, талаалары да жок. Аларды майрамдан алаксыта турган эч нерсе жок. Кудайдын Падышачылыгы элге толуп, Падышанын эрки аткарылды!

Ыйса Машайак (алейхи салам) бул мисалды бизге суроо берүү үчүн айтып берди: «Эгерде мени, Кудайдын Падышачылыгына чакырса, кабыл аламбы?» Же баш тартууга негиз боло турган башка кызыкчылыктарым жана каалоолорум барбы? Чындыгында сиз падышанын тоюна чакырылгансыз, бирок көбүбүз барбай коюуга шылтоо табабыз. Жок деп ачык айтпайбыз, бирок каалообузду жашыруу үчүн шылтоо табабыз. Түпкүрүндө биз дагы бир нерсени жакшы көрөбүз жана бул биздин баш тартуубуздун чыныгы себеби. Бул мисалда четке кагуунун себеби тойдон башка нерсеге болгон сүйүү. Чакырылгандар дүйнөнү жана бул дүйнөдө болгон нерселерди (талааларды, өгүздөрдү, никени) Кудайдын Падышачылыгына караганда көбүрөөк сүйүшкөн.

Акылсыз имамдын мисалы

Кээ бирибиз бул дүйнөнү жана андагы нерселерди Падышачылыкка караганда көбүрөөк жакшы көрөбүз, ошондуктан тойго чакырууну кабыл албайбыз. Башкалар өздөрүнүн адилдигине жана татыктуулугуна таянышат. Ыйса Машайак (алейхи саламды) азыркы имамга салыштырууга боло турган диний лидер жөнүндөгү дагы бир окуяны мисал катары келтирген.

“9 Өздөрүн адил адам эсептеп, башкаларды басынткан кээ бир адамдарга да Ыйса мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: 10 «Эки адам сыйыныш үчүн, ийбадатканага кирет. Алардын бири фарисей, бири салык жыйноочу экен. 11 Фарисей туруп алып, ичинен мындай деп сыйынат: “Кудайым! Сага ыраазымын, анткени мен башка адамдарга окшоп талап-тонобойм, жамандык кылбайм, ойноштук кылбайм жана мына бул салык жыйноочудай эмесмин! 12 Мен жумасына эки жолу орозо кармайм, тапкан бардык кирешемдин ондон бир бөлүгүн берем”. 13 Салык жыйноочу болсо алыс туруп алып, асманды кароого да батынбастан, көкүрөгүн койгулап: “Кудайым! Мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!” – деп сыйынат. 14 Силерге айтып коёюн, фарисейге караганда бул адам Кудай алдында көбүрөөк акталып, үйүнө кетти. Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».”

Лука. 18:9-14

Фарисей (имамга окшош ыйман мугалими) ал мыйзамды толук аткарат, ошондуктан Кудуреттүү Жараткандын алдында татыктуумун деп ойлогон. Ал орозо кармап, зекетти мыйзамда каралгандан да көп берчү. Ал өзүнүн адилдигине таянган. Мындай текебердик Ыбрайым пайгамбар (алейхи саламдын) Алланын убадасына ишенүү менен адилеттүүлүктү кабыл алып , бизге билдиргенинен түп-тамырынан айырмаланат. Ал эми салыкчы (ошол күндөрдө адеп-ахлаксыз кесип) Алладан ырайым тилеп, Алланын ырайымына таянып, «акталып» үйүнө кайтты. Ал Кудайдын алдында акталып, мыйзам талап кылган нерселердин баарын кылгандай көрүнгөн фарисей (имам) өз күнөөлөрү менен үйүнө кайтты.

Ошондуктан Ыйса Машайак (алейхи салам) бизден Кудайдын Падышачылыгын чындап каалайбызбы же бул биздин башкалардай эле кызыкчылыктарыбыздын бириби деп сурайт. Биз өзүбүздүн жакшылыктарыбызга таянабызбы же Кудайдын ырайымына таянабызбы деп сурайт.

Муну өзүбүзгө чынчылдык менен сураганыбыз абдан маанилүү, антпесе биз анын кийинки окуусун тааныбай калабыз – бизге ички тазалык керек .

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *