Skip to content
Home » Машайактын ички тазалык жөнүндөгү окуулары

Машайактын ички тазалык жөнүндөгү окуулары

  • by

Таза болуу канчалык маанилүү? Ниса сүрөөсү (4-Аялдар сүрөсү) окулат

Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула! Ошондой эле, силер булганыч абалыңарда да жуунганга чейин (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, тайамум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө, же айалыңар менен катнашсаңар, анан жуунганга суу таппасаңар, таза топуракка тайаммум жасагыла: жүзүңөрдү жана колуңарды (ошол сүртүлгөн чаң менен) сылагыла! Албетте, Аллах Кечирүүчү!

Ниса сүрөөсү 4:43

Ниса сүрөөсүнүн буйругу намаздан мурун бетти жана колду таза топурак менен сүртүүнү айтат. Сырткы тазалык маанилүү.

Шамс Сүрөсү (91-Сүрө – Күн) да рух, башкача айтканда, адамдын ички маңызы жөнүндө сөз кылат, андан кем эмес мааниге ээ.

Напсыга жана аны жайгаштырганга ант!Напсыга бузулууну да, такыба болууну да илхам салды.Кимде-ким аны тазаласа, ал ийгилике жетишет.А кимде-ким аны адаштырса, зыйан тартат.

Шамс сүрөөсү 91:7-10

Шамс сүрөсү , эгер жан дүйнөбүз, башкача айтканда, ички маңызыбыз тазаланган болсо, анда биз чындап бакубатчылыкта болобуз, ал эми рухубуз булганса, анда биз чындыгында жеңилген болобуз деп айтылат. Ыйса Машайак (алейхи саламдын) да ички жана тышкы тазалык тууралуу окутуусу бар.

Жогоруда айтылгандай, Ыйса Машайак (алейхи саламдын) сөздөрү күчкө ээ, ал бийлик менен үйрөткөн , тактап айтканда, адамдарды айыктырган , ал тургай , элементтерди да буйруган. Мындан тышкары, ал көп учурда адамдын жүрөгүнүн абалын ашкерелеген – ошондуктан биз сырткы адамды көргөндөй, ички адамыбызды көрөбүз. Сырткы тазалык эмне экенин баарыбыз билебиз, ошондуктан намаздын алдында даарат алып, адал эт жейбиз. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васалам) мындай деген (Хадис боюнча).

«Тазалык – ыймандын жарымы…» Муслим, 3-бөл. 1 китеп 002, № 0432

Ыйса Машайак (алейхи салам) тыйындын экинчи тарабына – ички тазалыкка көңүл бурууну үйрөткөн. Бул маанилүү – адам сырткы тазалыкты гана көрөт, ал эми Аллах ички дүйнөнү – жүрөктү көрөт. Мисалы, жөөттөрдүн падышаларынын бири бардык сырткы диний жөрөлгөлөрдү аткарып, бирок жүрөгүн таза сактаган эмес. Ага төмөнкү кабар менен бир пайгамбар келди:

“9 Анткени Теңир Өзүнө жүрөгүн толугу менен берген адамдарды колдош үчүн, бүт жер жүзүн карап турат. Сен азыр акылсыз иш кылдың. Ошон үчүн мындан ары сага каршы согуш болуп турат».”

2 Жылнаама 16:9

Бул кабарда айтылгандай, ички тазалык – бул адамдын ойлонгон, сезген, чечим чыгарган, моюн сунуучу же баш ийбеген, тилди башкарган бөлүгү болгон жүрөктүн абалы. Забур пайгамбарларынын айтымында, биздин күнөөбүздүн түбүндө жүрөктүн чаңкоосу жатат . Жүрөк чоң мааниге ээ жана Ыйса Машайак (алейхи саламды) сырткы тазалыктан айырмаланып, жүрөктүн тазалыгына дайыма басым жасаган. Инжилде Анын жүрөк жөнүндөгү таалими мындайча баяндалат:

Идишти сыртынан гана эмес, ичинен да тазалаңыз

(Бул жерде фарисейлер – азыркы имамдар сыяктуу байыркы мыйзам окутуучулар айтылган. Ыйса бул жерде Теңир үчүн ондук жөнүндө айтып жатат. Бул иудаизмде зекеттин бир түрү болгон).

“37 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, бир фарисей Аны үйүнө түшкү тамакка чакырды. Ал келип, дасторконго отурду. 38 Ыйсанын тамак алдында кол жуу салтын аткарбаганын көрүп, фарисей таң калды.   39 Бирок Теңир ага мындай деди: «Силер, фарисейлер, табак менен чөйчөктүн сыртын тазалайсыңар. Ал эми ичиңер талап-тоноочулук менен арамдыкка толгон.40 Эй, акылсыздар, сыртын Ким жаратса, ичин да Ошол жараткан эмеспи?! 41 Андан көрө ичиңерде эмне болсо, ошону кайыр берген сыяктуу берип салгыла, ошондо силердин бардык нерсеңер таза болот.42 Бирок силерге кайгы, фарисейлер! Анткени жалбыздан, адырашмандан жана ар кандай жемиштерден ондук бергениңер менен, Кудайдын соту менен сүйүүсүнө кош көңүлсүңөр. Муну аткарыш керек, бирок тигини да калтырбаш керек эле.43 Фарисейлер, силерге кайгы! Анткени синагогалардын алдыңкы орундарында отурууну, эл жыйылган жерлерде алик алууну жакшы көрөсүңөр. 44 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар алардын мүрзө экенин билбей, үстүнөн басып жүрүшөт».”

Лука 11:37-44

Мыйзамга  ылайык эврей өлүккө тийгенден кийин таза эмес болуп калган. Ыйса Машайак (алейхи салам) фарисейлерди жашыруун мүрзөлөр деп атайт, бул алардын ичи ыпластыкка толгондугун билдирет, анткени алар жүрөктөрүнүн тазалыгына кайдыгер мамиле жасагандарын өздөрү билишпейт. Эгерде биз ички тазалыкка көңүл бурбай калсак, анда биз ишенбегендер сыяктуу таза эмес болуп калабыз, алар үчүн күнөө менен булганбоо куру сөз болгон.

Таза эмес жүрөк адам бардык тазалык ырымдарын аткарган болсо да жаманатты кылат

Ыйса Машайак (алейхи саламдын) кийинки окутуусунда биздин заманга чейинки 750-жылы жашаган Ышайа (алейхи салам) пайгамбардан цитата келтирилген. ( Бул жерден Ышайанын жашоосунун чоо-жайын окуй аласыз)

Ошондо фарисейлер менен мыйзам окутуучулар Иерусалимден Ыйсага келип, мындай дешти:

“1 Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип:  2 «Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу салтын аткарышпайт», – дешти. 3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Анда эмне үчүн өзүңөр салттарыңардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар? 4 Кудай мындай деп осуят кылган: “Ата-энеңди сыйла”, “Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал өлүм жазасына тартылсын”.   5 Силер болсо: “Эгерде ким атасына же энесине: “Сенин менден алчу нерсеңдин баары Кудайга багышталган”, – десе,  6 ал адам атасына же энесине сый көрсөтпөй койсо да болот”, – дейсиңер. Ошентип, силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар.  7 Эки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган:    8 “Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс.     9 Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын үйрөткөнү – адамдык эрежелер”».   10 Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: «Жакшылап угуп, түшүнүп алгыла. 11 Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат». 12 Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты», – дешти. 13 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат.  14 Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».   15 Петир Ага: «Бул үлгү-насаат аңгемеңди бизге түшүндүрүп берчи!» – деди.  16 Ошондо Ыйса: «Силер да алиге чейин түшүнө элексиңерби?  17 Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсиңерби?   18 Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.   19 Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот.  20 Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт»

.”Матай 15:1-20

Бул эпизоддо Ыйса Машайак (алейхи салам) дин эрежелерин Аллахтын окууларынын негизинде эмес, адамдык каада-салттардын негизинде өзүбүз чыгарабыз дейт. Маселен, пайгамбарлар доорунда яхудий акимдер Алла тарабынан берилген карыган ата-энелерине кам көрүү милдетин этибарга албай, ата-энелеринин муктаждыктарын көрмөксөн болуп, диний долбоорлорго акча берип турушкан.

Бүгүнкү күндө ошол эле көйгөйдү – ички тазалыкка болгон кайдыгерликти көрүп жатабыз. Жүрөгүбүздүн канчалык таза экенине Аллах кам көрөт. Ичиндеги ыпластык тазаланбаса кыяматка алып барат.

Сыртынан кемчиликсиз көрүнгөнү менен, бирок алардын ичи бардык ыпластыктарга толгон

“25 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон.   26 Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.    27 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар.   28 Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.”

Матай 23:25-28

Ыйса Машайак (алейхи салам) дагы бир жолу биз айтып өткөн нерсени баса белгилейт. Момундар көбүнчө сырткы тазалыкка гана кам көрүшөт, бирок алардын көбүнүн жүрөгү ач көздүккө жана жамандыкка толгон – ал тургай диний жетекчилердин арасында да ушундай нерселер болгон. Ички тазалыкты табуу өтө маанилүү, бирок ошол эле учурда өтө кыйын. Аллах бизди жүрөгүнүн тазалыгы менен соттойт. Мындай суроо пайда болот: Кыямат күнү Кудайдын Падышачылыгына кирүү үчүн жүрөктү кантип тазалоо керек? Жооп алуу үчүн Инжилге кайрылалы .

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *