Skip to content
Home » Иса Масих (алейхи салам) чыккынчыны куткарат

Иса Масих (алейхи салам) чыккынчыны куткарат

  • by

«Шуура» сүрөөсү (42-Сүрөсү – «Кеңеш») мындай дейт:

Мына ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылган пенделерине Аллах кабар берет: “Мен силерден бул үчүн акы сурабаймын, бирок жакындоо үчүн жакшы көрүү болсун. Ким жакшылык кылса, ага Биз жакшылыкты кошобуз. Акыйкатта, Аллах – Кечирүүчү, Каниеттүү,” – дегин.

Шуура 42:23

Ал ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга Өз ырайымдуулугун арттырат. А каапырлар үчүн катуу азап бар.

Шуура 42:26

Ошондой эле «Касас» сүрөсүндө (28-сүрө – «Кисса») мындай деп айтылат:

Ал эми ким тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаган болсо, анда алардын (Тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт.

Касас сүрөөсү 28:67

Бирок , биз «салих иш» кылбай, «жакшылык» кылбасакчы? Мусанын шариятынан көрүнүп тургандай, бизден толук баш ийүү талап кылынат жана ким мыйзамды аткарбаса , «катуу азапка» туш болот, муну «Шуура» жана «Касас» сүрөсүнүн тиешелүү аяттары тастыктайт. Ыйса Машайак (алейхи салам) пайгамбардын сүйүнчүсү бул аяттарда айтылган жакшы иштерди жетиштүү кылбагандарга тиешелүү . Сиз жетиштүү жакшы кылып жатасызбы? Болбосо, Ыйса Машайак бир жолу такыр эле жакшы иштерди кылбаган бир кишиге кантип жолуккандыгы тууралуу Инжилден оку . Элине чыккынчы болгон.

Ыйса Машайак (алейхи салам) Лазарды тирилтип , бул дүйнөдө өзүнүн миссиясын – өлүмдү жеңүүнү ачып берген. Ошентип, ал өзүнүн миссиясын аткаруу үчүн Иерусалимге барат. Жолдо ал Жериходон (бүгүнкү күндө Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестинанын аймагы) өтөт. Анын кереметтүү жышаандары менен насааттарын уккан көптөгөн адамдар аны тосуп чыгышты . Алардын арасында бир бай адам бар болчу – жек көрүндү Закай , өзүнүн байлыгын мыйзамсыз жол менен тапкан. Ал римдик баскынчылар үчүн салык чогултууга катышкан. Айтып коюшум керек, ошол эле учурда ал өз мекендештерин тоноп – алардан римдиктер талап кылгандан да көбүрөөк салык алып, ашыкчасын өзүнө сактап калган. Жүйүттөр Закайды жек көрүшчү , анткени ал жүйүт, римдик баскынчылар үчүн иштеп, өз уруулаштарынын эсебинен байыган. Ал жек көрүндү болгон.

Закай кыска бойлуу киши болгон жана эл арасынан Ыйса Машайак (алейхи салам) пайгамбарды көрбөй каламбы деп корккон . Анын үстүнө ал жерге эч ким киргизбей турганын билчү. Закай менен пайгамбардын жолугушуусу Инжилде мындайча сүрөттөлөт :

“Ыйса Жерихо шаарына кирип, аны аралап бара жатты. Ал жерде салык жыйноочулардын башчысы, Закай деген бай киши бар эле. Ал Ыйсаны көргүсү келди. Бирок бою кыска болгондуктан, көпчүлүктүн арасынан Аны көрө албай койду. Ошондо ал Ыйсаны көрүү үчүн чуркап барып, Ал өтө турган жолдун боюндагы анжыр дарагына чыгып алды. Ыйса ошол жерге келгенде, жогору карап: «Закай, тезирээк түш! Мен бүгүн сенин үйүңдө болушум керек», – деди. Закай дарактан шашып түшүп, Аны үйүнө кубаныч менен кабыл алды. Муну көргөндөрдүн бардыгы: «Ал күнөөкөр адамдын үйүнө кирди», – деп күңкүлдөй башташты. Закай болсо ордунан туруп, Ыйсага: «Теңир, мен мал-мүлкүмдүн жарымын жакырларга таратып берем. Эгерде кимдир бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, төрт эсе кайтарып берем», – деди. Ошондо Ыйса: «Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди, анткени бул адам да Ыбрайымдын урпагы. Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап куткаруу үчүн келген», – деди.”

Лука 19:1-10

Пайгамбардын кылганы элге жаккан жок. Кантип ал Закайга барууну суранат ? Анткени Закай жаман адам, муну баары билет. Бирок Закай күнөөкөр экенин мойнуна алган. Көпчүлүгүбүз күнөөлөрүбүздү жашырабыз же алар такыр жок деп эсептейбиз. Закай андай кылган эмес. Ал туура эмес кылганын түшүндү. Ал эми Ыйса пайгамбарга бир коркок кадам таштаганда, ал ушунчалык жылуу жооп алгандыктан, бардыгы таң калышты.

Ыйса Машайак (алейхи салам) Закайдын тообо кылышын, анын жаман иштерин четке кагып, Машайактан жардам сурап кайрылышын каалайт . Жана Закай күнөөсүн мойнуна алганда, пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аны кечирип, аны «куткарылган » деп жарыялаганын көрдү .

Эмне дейбиз? Албетте, Закайдан айырмаланып , биз уятсыз иш кылган жокпуз. Ал эми биз «анчалык жаман адамдар эмес» болгондуктан, биз Адамга окшоп , каалагандай жашырып, «күнөөлөрүбүздү» жаап-жашырсак же алар анчалык деле жаман эместей түр көрсөтүшүбүз мүмкүн. Салих иштерибиз менен тең салмактуулукту тескери тарапка бура аларыбызга ишенебиз. Ошол күнү Ыйсаны ээрчигендердин көбү ошондой кылышкан. Ошондуктан Ыйса алардын эч кимисине зыярат кылууну суранган эмес жана аларды куткарылды деп жарыялаган эмес. Бул наам Закайга гана ыйгарылган . Аллахтын алдында күнөөбүздү моюнга алып, жашырбай койгонубуз жакшы эмеспи? Биз Ыйса Машайак  ырайымына кайрылганыбызда , биз мойнубузга алуудан абдан коркконубуз үчүн ал бизди ырайымдуулук менен кечирерин көрөбүз.

А бирок, кантип Закайдын бардык мыкаачылыктары эч качан болбогондой бир көз ирмемде тазаланып калышы мүмкүн? Кыяматка чейин кечирилерине ишене алабы? Ыйса Машайак  (алейхи салам) жер бетиндеги миссиясын кантип аткарганын көрүү үчүн Иерусалимге чейин ээрчип көрөлү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *