Skip to content
Home » Вопросы и ответы » Page 3

Вопросы и ответы

Ыбрайым (ага тынчтык болсун) кимди курмандыкка чалган: Ыскактыбы же Ысмайылдыбы?

  • by

Ыбрайым (ага тынчтык болсун ) курмандыгы жөнүндө сөз кылсак, досторум курмандык Сааранын кичүү уулу Ыскак эмес, Ажардан болгон Ыбрайымдын кичүү уулу Азирети Ысмайыл болгонун айтышат.… Read More »Ыбрайым (ага тынчтык болсун) кимди курмандыкка чалган: Ыскактыбы же Ысмайылдыбы?

Ысмайыл пайгамбар тууралуу ар кандай пикирлер бар. Ал эми 3500 жыл мурун Муса пайгамбар (ага тынчтык болсун) тарабынан жазылган «Тооратта» анын тагдыры тууралуу так жана ачык-айкын маалыматтар бар . Алла Таала Ыбрайымге (алайхис салам) бата берип, анын тукумун деңиздин кумундай көбөйтөм деп убада берген (караыз (бул жерде) . Ошондо Ыбрайым (ага тычтык болсун) эки аялынан эки уулдуу болот, бирок көп өтпөй аялдарынын ортосунда кастык пайда болуп, Ыбрайым Ажар менен Ысмайылды жүзүнөн узатууга аргасыз болду. Душмандык эки этапта пайда болду. Биринчи этап – Ысмайыл төрөлгөндөн кийинки жана Ыскак төрөлгөнгө чейинки мезгил. Бул душмандык жана Алла Таала Ажарды кантип коргоп, ага көрүнүп, Ысмайыл (ага тынчтык болсун) батасын бергени жөнүндө Тоорат эмне дейт:

“1 Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу.

2 Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды.

3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде турганына он жыл болгондо, Ыбрамдын аялы Сара Ажар деген мисирлик күңүн күйөөсү Ыбрамга аялдыкка алып берди.

4 Ал Ажарга жакындады. Анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады.

5 Ошондо Сара Ыбрамга мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага бердим эле. Ал болсо өзүнүн боюна бүткөнүн билип, мени жек көрө баштады. Экөөбүздүн ортобузга Теңир Өзү сот болсун».

6 Ыбрам Сарага мындай деди: «Мына, күңүң өз колуңда. Эмне кылам десең, өзүң бил». Ошондо Сара Ажарды кысымга ала баштады. Ажар андан качып кетти.

7 Теңирдин периштеси аны чөлдөгү булак суусунун жанынан, Шурга кеткен жолдогу булактын жанынан тапты.

8 Анан ага мындай деди: «Ажар, Саранын күңү! Сен кайдан келдиң, кайда бара жатасың?» Ал: «Мен өзүмдүн мырзайымым Сарадан качып бара жатам», – деп жооп берди.

9 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий.

10 Укум-тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм, көптүгүнөн санап чыккыс болот».

11 Теңирдин периштеси ага дагы мындай деди: «Азыр сенин боюңда бар, уул төрөйсүң, атын Ысмайыл деп коёсуң, анткени сенин кайгы-муңуңду Теңир укту.

12 Ал эл арасында жапайы эшектей болот. Ал баарына каршы, баары ага каршы болот. Ал өз бир туугандарынын жанында жашайт».

13 Ошондо Ажар: «Мен бул жерден мени көргөндү чын эле көрдүм», – деп, өзүнө сүйлөгөн Теңирге мындай деп ат койду: «Сен мени көрүп турган Кудайсың».

14 Ошон үчүн ал булак Бейир-Лакай-Ройи деп аталат. Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан.

15 Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан төрөлгөн уулунун атын Ысмайыл койду.

16 Ажар Ыбрамга Ысмайылды төрөп бергенде, Ыбрам сексен алты жашта эле.”. (Башталыш 16:1—16)

Ажар Теңир менен сүйлөшүп жатканда ал пайгамбар аял болгонун көрөбүз. Ал ага уулунун (Ысмайыл) атын ачкан жана ага: “сенин тукумуңду көбөйтөм”, – деп убада берген адам менен сүйлөшкөн. Ошол ачылышты жана убаданы алгандан кийин, ал мырзасынын аялына кайтып келип, алардын кастыгы убактылуу токтоду.

Душмандык күчөйт

Сара Ыскакты төрөлгөндөн кийин 14 жылдан кийин, уруш кайрадан күчөдү. Тоората биз бул жөнүндө көбүрөөк биле алабыз :

“8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.

9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,

10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».

11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.

12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт. 13 Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

15 Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,

16 жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.

17 Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.

18 Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.

19 Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.

20 Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.

21 Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.”. (Башталыш 21:8—21)

Биз Сааранын (Саранын аты Саара деп өзгөртүлгөнүн) Ажар менен бир үйдө тил табыша албай, күйөөсүнөн аны кууп жиберүүнү талап кылганын көрөбүз. Ыбрайым (ага тынчтык болсун) муну жасагысы келген жок, бирок Аллах ага Ажар менен Ысмайылга (ага тынчтык болсун) кам көрөм деп убада берди. Ал ага дагы бир жолу көрүнүп, көздөрүн четке кагып, чөлдөгү булакты көрүп, Ысмайылды (ага тынчтык болсун) улуу эл болорун ачып берди.Тоорат жаңы элдин калыптанышынын алгачкы этаптары жөнүндө айтылат . Ыбрайым (ага тынчтык болсун) өлгөндө Ысмайыл (ага тынчтык болсун) менен болгон окуяны окуй алабыз:

“7 Ыбрайым жүз жетимиш беш жыл жашады.

8 Анан ал көз жумду. Ал бакыбат өмүр сүрүп, абдан карып, өмүргө тоюп, өз элине кошулду.

9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл аны Мамрейдин каршысындагы хеттик Сохар уулу Эпрондун талаасындагы Махпел үңкүрүнө коюшту.

10 Ал талааны Ыбрайым Хеттин уулдарынан сатып алган. Ошентип, ал жерге Ыбрайым менен аялы Саара коюлду.

11 Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди. Ыскак Бейир-Лакай-Ройинин жанында жашап турду.

12 Сааранын күңү мисирлик Ажардан төрөлгөн, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын санжырасы мындай:

13 Ысмайылдын уулдарынан тараган уруулардын аттары мына булар: Ысмайылдын туну – Ныбайот, андан кийин  Кейдар, Адбаел, Мипсам,

14 Мишма, Дума, Маса,

15 Хадат, Тейма, Жетур, Напиш жана Кедма.

16 Булар – Ысмайылдын уулдары, булар – алардын отурукташкан айыл-кыштактарынын, конуштарынын аттары. Булар – алардын он эки уруусунун башчылары.

17 Ысмайыл жүз отуз жети жыл өмүр сүрүп, көз жумуп, өз элине кошулду.

18 Алар Ашурга бараткан жолдогу, Мисирдин алдындагы Хабиладан тартып Шурга чейинки жерлерде жашашкан. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышкан.” (Башталыш 25:7—18)

Ысмайылды чындыгында узак өмүр сүргөн жана анын урпактары он эки уруунун башчысы болушкан. Аллах убадасын аткарды. Ушул күнгө чейин арабдар Ысмайыл аркалуу Ыбрайым келип чыкканын айтышат.

Почему существует четыре Евангелия, но только один Инджил?

  • by

Меня иногда спрашивают: если существует только один Инджил, почему в аль-Китаб (Библии) содержится четыре книги под названием Евангелие, и у каждой книги свой автор? Разве это… Read More »Почему существует четыре Евангелия, но только один Инджил?