12 Жахаба Мисир жеринде Муса менен Арунга мындай деди: 2 «Бул ай силер үчүн жылдын биринчи айы болсун+. 3 Ысрайыл жамаатына мындай дегиле: „Ушул айдын онунчу күнү ар ким өз үй-бүлөсү үчүн бирден козу+, башкача айтканда, ар бир түтүн бирден козу камдасын. 4 Эгер үй-бүлө чакан болуп, бир козуну жеп түгөтө албай турган болсо, анда кишинин санына жараша аны кошунасы менен бир үйдө чогуу жешсин. Кишинин саны, бир козуну канча киши жей алса, ошого жараша болсун. 5 Ал кемтиги жок+ бир жашар эркек мал болушу керек+. Аны жаш кочкорлордун же жаш текелердин арасынан тандасаңар болот. 6 Аны ушул айдын он төртүнчү күнүнө чейин сактап койгула+. Анан Ысрайыл жамаатындагы ар бир үй-бүлө аны ошол күнү кечинде, караңгы киргенге чейин сойсун+. 7 Алар анын канынан алып, эт жей турган үйдүн эшигинин баш босогосуна, эки кашегине чачыратышсын+.8 Этин ошол түнү жеп түгөтүш керек+. Аны отко кактап бышырып, калама+, ачуу чөптөр+ менен жеш керек. 9 Этти чийки жебегиле, сууга да бышырып жебегиле, аны баш-шыйрагы, ичеги-карыны менен кошо отко кактап жегиле. 10 Андан эртең мененкиге чейин эч нерсе калтырбагыла, эгер калып калса, өрттөп жибергиле+. 11 Аны белиңерди бууп алып+, бутуңарга сандал кийип+, колуңарга таяк алып, шашылыш түрдө жегиле. Бул — Жахабанын пасахы+. 12 Ошол түнү мен Мисирди аралап өтүп+, ал жердегилердин тун балдарын өлтүрөм, малынын биринчи төлүн кырам+, Мисирдин бардык кудайларын соттойм+. Мен Жахабамын+. 13 Эшиктин кашектериндеги кан силер отурган үйлөргө коюлган белги болот: аны көрүп, мен кыя өтүп кетем+, ошондуктан Мисирди жазалаганымда, силер өлүмгө дуушар кылчу балээге кабылбайсыңар.14 Ал күндү дайыма эскеришиңер керек. Аны Жахабага арналган майрам катары укумдан-тукумга белгилегиле. Аны майрамдагыла, бул — түбөлүккө берилген көрсөтмө. 15 Жети күн бою калама жегиле. Ошол жети күндүн биринчи күнүндө үйүңөрдөгү ачыткынын баарын жок кылгыла, анткени ким жети күндүн+ ичинде ачыткы кошулган нерсе жесе, ал Ысрайылдан жок кылынат+. 16 Биринчи жана жетинчи күнү силерде ыйык жыйын болот+. Ошол күндөрү эч кандай жумуш кылбагыла+, ичип-жей турган тамагыңарды гана жасасаңар болот+.17 Калама майрамын дайыма белгилегиле+, себеби дал ошол күнү кошуундарыңарды Мисир жеринен алып чыгам. Ал күндү укумдан-тукумга белгилегиле, бул — түбөлүккө берилген көрсөтмө. 18 Биринчи айдын он төртүнчү күнүнүн кечинен баштап жыйырма биринчи күнүнүн кечине чейин калама жегиле+. 19 Жети күн бою үйүңөрдө ачыткы болбошу керек, анткени ким ачыткы кошулган нерсе жесе, ал келгин болобу же төрөлгөнүнөн ысрайылдык болобу+, Ысрайыл жамаатынан жок кылынат+. 20 Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле. Кайсы жерде жашабагыла, калама жегиле“».21 Муса ошол замат Ысрайыл аксакалдарын чогултуп+, мындай деди: «Үй-бүлөңөр менен майда жандыктардын арасынан мал алып, аны пасах курмандыгы катары сойгула+. 22 Анан иссоп өсүмдүгүнөн бир тутам алып+, идиштеги канга малып, эшигиңердин баш босогосуна, эки кашегине сыйпагыла. Таң атканга чейин эч кимиңер үйүңөрдөн чыкпагыла. 23 Жахаба мисирликтерди жазалаш үчүн алардын жерин аралап баратканда эшиктин баш босогосундагы, кашектериндеги канды көрүп, кыя өтүп кетет. Жахаба өлүмгө дуушар кылчу балээнин үйүңөргө киришине жол бербейт+.24 Бул көрсөтмөнү+ өзүңөр да, уулдарыңар да түбөлүккө аткаргыла+. 25 Жахаба берем деп айткан жерге барганыңарда сыйынууга байланышкан бул майрамды белгилегиле+. 26 Эгер балдарыңар: „Бул майрам эмнени билдирет?“ — деп сураса+, 27 силер: „Бул — Жахабага арналган пасах курмандыгы+. Ал мисирликтерди жазалаганда Мисир жериндеги Ысрайыл уулдарынын үйүнөн кыя өтүп, үй-бүлөлөрүбүздү сактап калган“,— деп жооп бергиле».Ошондо эл чөк түшүп, таазим кылды+. 28 Анан Ысрайыл уулдары барып, баарын Жахаба Муса менен Арунга айткандай кылышты+. Алар так ошондой кылышты.29 Түн ортосунда Жахаба Мисир жериндеги бардык тун балдарды+: тактыда отурган фараондун тун баласынан тартып зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин өлтүрдү, малдын биринчи төлүнүн баарын кырып таштады+. 30 Түн ичинде фараон, анын бүт кулдары менен мисирликтердин баары ордуларынан турушту. Алар катуу өкүрүп ыйлашты+, анткени өлүк чыкпаган бир да үй болгон жок. 31 Фараон ошол эле түнү Муса менен Арунду чакырып+: «Тургула, силер да, башка Ысрайыл уулдары да элимдин арасынан чыгып кеткиле. Баргыла, өзүңөр айткандай, Жахабага сыйынгыла+. 32 Өзүңөр айткандай, майда малыңар менен бодо малыңарды да ала кеткиле+. Ошондой эле мага батаңарды бергиле»,— деди.33 Мисирликтер: «Баарыбыз өлүп калабыз!» — деп+, элди өздөрүнүн жеринен батыраак чыгып кетүүгө шаштырып жатышты+. 34 Ысрайыл эли ачытылбаган камырын идиши менен кошо кийимдерине ороп, ийиндерине салып көтөрүп жөнөштү. 35 Ысрайыл уулдары Муса айткандай кылып, мисирликтерден алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алышты+. 36 Жахаба аларды мисирликтердин көз алдында ырайым тапкыдай кылгандыктан+, мисирликтер аларга сурагандарынын баарын беришти+. Ошентип, алар мисирликтерди тоноп кетишти+.37 Ысрайыл уулдары Раамсестен+ Сукотко+ жөө жөнөштү. Балдарды кошпогондо, эркекте38 Алар менен бирге ар кайсы элден чыккан көп сандаган адамдар жөнөштү+. Майда мал менен бодо мал да абдан көп эле. 39 Жолдон Ысрайыл уулдары Мисирден ала чыккан камырдан калама жасашты, анткени аларды Мисирден кууп чыгышкандыктан, камырга ачыткы кошушкан эмес болчу. Ошондой эле алар шашып, жолго тамак-аш камдай албай калышкан эле+.40 Мисирде жашаган+ Ысрайыл уулдары+ бөтөн жерде төрт жүз отуз жыл жашашты+. 41 Төрт жүз отуз жыл аяктаганда, дал ошол күнү Жахабанын бүт аскери Мисир жеринен чыкты+. 42 Жахаба аларды Мисир жеринен алып чыккандыктан, алар ошол түнү ага арналган майрам өткөрүшү керек. Ысрайыл уулдарынын баары укумдан-тукумга ошол түнү Жахабага арналган майрам өткөрүшү керек
Коран: Сура 37: 102-110 (Ас-Саффат) | Таурат: Башталыш 22:1-18 |
У него родился сын, который вырос, достигнув того возраста, когда мог трудиться. И тогда Ибрахим подвергся испытанию, увидев определённый сон. Ибрахим сказал своему сыну: “О мой сын! Я видел во сне по внушению Аллаха, что я закалываю тебя в жертву, и посмотри, что ты думаешь об этом?” Праведный сын ответил: “О мой отец! Делай то, что твой Господь повелел тебе. Если так угодно Аллаху, ты найдёшь меня терпеливым”.
И когда отец и сын предались воле Аллаха, Ибрахим положил сына на кучу песка лицом вниз, готовясь заколоть его, Аллах, узнав искренность Ибрахима и его сына через это испытание, воззвал к нему как к другу: “О Ибрахим! Ты оправдал Наше внушение (через видение) и не колебался в выполнении Нашего повеления. Этого с тебя достаточно. Мы Своё испытание облегчим награждением за твоё добродеяние. Так Мы награждаем добродеющих!” Испытание, которому Мы подвергли Ибрахима и его сына – испытание, которое выявило их настоящую веру в Господа обитателей миров. Мы выкупили его сына великой жертвой, чтобы он жил по повелению Аллаха Всевышнего. Мы завещали потомству прославление и благословение его: “Мир Ибрахиму!” Таким вознаграждением, отвратившим беду, Мы воздаём добродеющим за их повиновение Аллаху. |
Ыбрайымдын ишениминин сыналышы
1Бир канча убакыттан кийин Кудай Ыбрайымды сынады.
– Ыбрайым! – деди Ал.
– Угуп жатам! – деп жооп берди Ыбрайым. 2Кудай:
– Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мория жерине бар. Ошол жерде, Мен сага айта турган тоолордун биринде аны өрттөлчү курмандыкка чал, – деди.
3Ыбрайым саарда туруп, эшегин токуду. Жанына эки кол баласын жана уулу Ыскакты алды. Курмандык үчүн отун жарды да, Кудай айткан жерге бет алды. 4Үчүнчү күн дегенде, Ыбрайым көз чаптырып, айтылган жерди алыстан көрдү. 5Ошондо эки кол баласына:
– Силер ушул жерде эшектин жанында калгыла. Уулум экөөбүз тетиги жерге барып, Кудайга ийбадат кылып, кайра келебиз, – деди.
6Ыбрайым Ыскактын жонуна курмандыкка даярдалган отунду артып, өзү колуна оттук менен бычакты алды да, экөө бирге жөнөдү. 7Анан Ыскак:
– Ата! – деп үн катты.
– Ии, балам, – деди Ыбрайым.
– Оттук менен отун бар, курмандыкка чала турган козу кана? – деди Ыскак.
8– Курмандыкка чалчу козуну Кудай Өзү караштырат, уулум, – деди Ыбрайым. Ошентип, экөө андан ары чогуу жолун улашты.
9Алар Кудай айткан жерге келишкенде, Ыбрайым курманжай куруп, үстүнө отунду койду. Анан баласын байлап, курманжайга коюлган отундун үстүнө жаткырды. 10Ыбрайым уулун мууздамакчы болуп, бычагын алганда,
11– Ыбрайым, Ыбрайым! – деди Жараткан Эгенин периштеси асмандан.
– Угуп жатам, – деп жооп берди Ыбрайым.
12– Балага тийбе, ага эч нерсе кылба! – деди периште. – Сенин Кудайдан коркоруңду билдим. Себеби сен Менден жалгыз уулуңду да аябадың.
13Ыбрайым башын көтөрүп, бадалга мүйүзүнөн чаташып калган бир кочкорду көрдү. Барып, аны уулунун ордуна бүт өрттөм курмандыгына чалды. 14Анан ошол жерди «Жараткан Эге караштырат» деп атады. Ошол себептен азыр да «Жараткан Эгенин тоосунда караштырылат» деп айтылат.
15Жараткан Эгенин периштеси көктөн Ыбрайымга экинчи ирет үн катты: 16«Мен сага Өз атым менен ант берем», – дейт Жараткан Эге. – «Бул ишти жасап, жалгыз уулуңду да аябадың, 17ошондуктан Мен сени жалгагандан жалгаймын. Тукумуңду асмандагы жылдыздай, деңиз жээгиндеги кум сыяктуу көбөйткөндөн көбөйтөмүн. Тукумуң душмандарынын шаарларын ээлейт. 18Мени укканың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер батамды алышат».
|