Skip to content

Жертвоприношения в День отпущения грехов

16 Арундун эки уулу Жахабага туура эмес жол менен жакындаганы үчүн өлүп калгандан кийин+, Жахаба Муса менен сүйлөштү. 2 Жахаба ага мындай деди: «Бир тууганың Арунга айт, өлүп калбашы үчүн+ көшөгөнүн ичиндеги Ыйыктын ыйыгына+, келишим сандыгынын капкагынын алдына, каалаган учурунда кире бербесин+, анткени мен ал капкактын үстүнө+ булут ичинде келип турам+.
3 Арун Ыйыктын ыйыгына+ кирерден мурун күнөө курмандыгына букачар+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кочкор чалсын+. 4 Ал зыгырдан токулган узун ыйык көйнөгүн+, жылаңач этин жаап турган зыгыр чолок шымын+ кийип, белин зыгыр кур+ менен курчап, башына зыгырдан жасалган чалмасын+ кийсин. Булар — ыйык кийимдер+. Арун жуунгандан кийин+ ушуларды кийсин.
5 Ысрайыл уулдарынын жамаатынан+ күнөө курмандыгына эки эркек улак+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир кочкор алсын+.
6 Өзүнүн күнөөсү үчүн болсо букачарды курмандыкка чалып+, өзүн+, үйүндөгүлөрүн+ күнөөдөн арылтсын+.
7 Ал эки текени* Жахабанын алдына, жыйын чатырынын кире беришине алып келсин. 8 Анан эки теке үчүн эки өкчөмө таш* ыргытат+: бирин Жахаба үчүн, экинчисин азазел* үчүн ыргытат+. 9 Арун Жахаба үчүн ыргытылган өкчөмө таш+ түшкөн текени күнөө курмандыгына чалат+. 10 Ал эми азазел үчүн ыргытылган өкчөмө таш түшкөн текени, анын күнөөлөрү кечирилип, азазел үчүн чөлгө+ коё берилиши үчүн+, Жахабанын алдына тирүү алып келет.
11 Анан өзүнүн күнөөсү үчүн букачарды курмандыкка чалып, өзүн, үйүндөгүлөрүн күнөөдөн арылтат. Ал өзүнүн күнөөсү үчүн курмандыкка алынып келген букачарды соёт+.
12 Андан кийин жыпарзат салынчу идишке+ Жахабанын алдындагы курмандык жайынан чок толтуруп+, бир кочуш толтура майда жанчылган жыпарзат алып+, көшөгөнүн ичине кирет+. 13 Өлүп калбашы үчүн ал жыпарзатты Жахабанын алдында чоктун үстүнө салат+, ошондо жыпарзаттын түтүнү келишим сандыгынын+ үстүндөгү капкакты каптайт+.
14 Андан соң букачардын канынан алып+, бир манжасы менен капкактын чыгыш тарабына, жерге чачыратат+. Канды манжасы менен капкактын алдында жети жолу чачыратат+.
15 Анан элдин күнөөсү үчүн+ алынып келген текени союп, канын көшөгөнүн ичине алып кирет да+, букачардын канын+ чачыраткандай чачыратат. Аны капкактын алдында чачыратат.
16 Ал ыйык жерди Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен+, кылмыштарынан, бардык күнөөлөрүнөн+ тазалайт. Ошондой эле таза эмес Ысрайыл уулдарынын арасындагы жыйын чатырын да тазалайт.
17 Арун күнөөдөн арылтыш үчүн Ыйыктын ыйыгына кирип, кайра чыкканга чейин, жыйын чатырында бир да киши болбошу керек. Ал өзүн+, үйүндөгүлөрүн, бүт Ысрайыл жыйналышын күнөөдөн арылтат+.
18 Анан Жахабанын алдындагы курмандык жайына+ барып, аны күнөөдөн арылтат: ал букачар менен текенин канынан алып, курмандык жайынын мүйүздөрүнүн ар бирине сыйпайт+. 19 Ошондой эле канга манжасын малып, курмандык жайына жети жолу чачыратып+, аны Ысрайыл уулдарынын таза эмес нерселеринен тазалап, ыйыктайт.
20 Ыйыктын ыйыгын, жыйын чатырын, курмандык жайын күнөөдөн арылткандан кийин+ ал тирүү текени алып келет+. 21 Анан текенин башына колдорун коюп+, Ысрайыл уулдарынын бардык мыйзамсыз иштерин+, кылмыштары менен күнөөлөрүн+ айтып+, аларды текенин башына жүктөп+, дайындалган киши+ аркылуу аны чөлгө коё берет+. 22 Теке алардын бардык мыйзамсыз иштерин+ чөлгө алып кетет+. Ошентип, ал текени чөлгө коё берет+.
23 Арун жыйын чатырына кирип, Ыйыктын ыйыгына киргенде кийген зыгырдан токулган кийимдерин чечип, ошол жерге калтырат+. 24 Анан ыйык жерде+ денесин жууп+, кийимин кийгенден кийин+ курмандык жайына барып, өзү үчүн да, эл үчүн да бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалып+, өзүн да, элди да күнөөдөн арылтат+. 25 Ал күнөө курмандыгынын майын курмандык жайында өрттөйт+.
26 Текени азазел үчүн+ чөлгө коё берген киши+ кийимин жууп, өзү да жуунгандан кийин+ гана конушка кирсе болот.
27 Күнөөдөн арылтыш үчүн каны Ыйыктын ыйыгына алынып кирген, күнөө курмандыгына чалынган бука менен текени ал конуштун сыртына алып чыгат. Анан алардын терисин, этин кан-жини менен кошо өрттөшөт+. 28 Аларды өрттөгөн киши кийимин жууп, өзү да жуунгандан кийин гана конушка кирсе болот.
29 Түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө мындай+: жетинчи айдын онунчу күнү+ күнөөлөрүңөр үчүн кайгырып жатканыңарды көрсөткүлө*+, эч кандай жумуш кылбагыла+; жергиликтүү тургун да, араңардагы келгин да ошентсин. 30 Анткени таза деп жарыяланышыңар үчүн ошол күнү күнөөлөрүңөрдөн арыласыңар+. Жахабанын алдында бардык күнөөлөрүңөрдөн тазаланасыңар+. 31 Ал күн — силер толугу менен эс ала турган ишемби+. Ошол күнү күнөөлөрүңөр үчүн кайгырып жатканыңарды көрсөткүлө. Бул — түбөлүккө берилген көрсөтмө.
32 Атасынын ордуна+ дин кызматчы болуп майланып+, бийликке ээ боло* турган дин кызматчы+ күнөө курмандыктарын чалат, зыгыр кийимдерди киет+. Булар — ыйык кийимдер+. 33 Ал ыйык жайды+, жыйын чатырын+, курмандык жайын+, дин кызматчылар менен бүт ысрайыл элин күнөөдөн арылтат+. 34 Ысрайыл уулдарын жылына бир жолу бардык күнөөлөрүнөн арылтыш үчүн+ түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө — ушул+».
Ал баарын Жахаба Мусага буйругандай кылды.