Skip to content
Знак Ибрагима – Коран Знак Ибрагима – Таура (Бытие 12: 1-7)
Сура 3:84 (Аль Имрам) «Мы верим в Бога и в то, что было открыто нам и что было открыто Аврааму, Исмаилу, Исааку, Иакову и племенам, и в (Книгах), данных Моисею. Иисус и пророки от их Господа: Мы не делаем различий между ними, и перед Богом мы склоняем нашу волю (в исламе) ».

Сура 4:54 (Женщины)

Или они завидуют человечеству за то, что Бог дал им из Своих милостей? но Мы уже дали народу Авраама Книгу и Мудрость и даровали им великое царство

.

Кудайдын Ыбрамга берген батасы
1Жараткан Эге Ыбрамга мындай деди: «Тур да, элиңден, туугандарыңдан жана атаңдын үйүнөн чыгып, Мен сага көрсөтө турган жерге көч!
2Чыгарып сенден улуу эл,
Батамды берем сага Мен.
Даңаза кылып атыңды,
Башкага да төгөмүн.
Сен аркылуу батамды.
3Ким сага бата тилесе,
Батамды берем Мен ага,
Ким сага айтса каргышты,
Каргышым тиет ошого.
Дүйнөдөгү элдердин
Бардыгы ак батаны
Сен аркылуу алышат.
4Жараткан Эге айткандай, Ыбрам жолго чыкты. Лут да аны менен бирге кетти. Харандан чыккан кезде Ыбрам жетимиш беш жашта эле. 5Ошентип Ыбрам аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лутту ээрчитип, Харанда жыйган мал-мүлкүнүн баарын жана кишилерин алып, Канаан жерине жол тартып, акыры ал жерге жетти.
6Ыбрам ошол жерди аралап, Шекемдин жанындагы касиеттүү Море дарагына чейин жетти. Ошол кезде ал жерде канаандыктар жашачу. 7Жараткан Эге Ыбрамга көрүнүп: «Ушул жерди мен сенин укум-тукумуңа берем», – деди. Ыбрам өзүнө көрүнгөн Жараткан Эгеге арнап ошол жерге курманжай курду.