Skip to content

Сны Иосифа

 .Башталыш
37:1—36
37 Жакып атасы келгин болуп жашаган+ Канаан жеринде жашап калды+.
2 Жакыптын жашоосу жөнүндөгү билдирүү.
Жусуп+ атасынын аялдары Била менен Зилпанын уулдары+ менен бирге кой бакчу+. Ошол кезде ал он жети эле жашта болчу. Бир күнү ал атасына бир туугандарынын кылып жүргөн жаман иштери жөнүндө айтып койду+. 3 Ысрайыл Жусупту башка уулдарынын+ баарынан жакшы көрчү, анткени ал карыганда көргөн уулу эле. Ал Жусупка узун кооз кийим тиктирип берди+. 4 Бир туугандары атасынын аларга караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшкөндө аны жек көрүп+, ага жөн* сүйлөбөй калышты+.
5 Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди+. Алар аны ого бетер жек көрүп калышты. 6 Жусуп аларга: «Уксаңар, мен мындай түш көрдүм+. 7 Биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз. Бир убакта мен байлаган боо тикесинен туруп калды. Анан силердин боолоруңар менин боомду тегеректеп алып, ага жүгүнүштү»+,— деди. 8 Ошондо бир туугандары: «Эмне, бизге падыша болгуң барбы?+ Бизге бийлик кылгың барбы?»+ — деп, аны айтып берген түшү, сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты.
9 Андан кийин Жусуп дагы бир түш көрүп, аны да бир туугандарына айтып берди. Ал: «Мен дагы бир түш көрдүм. Бул жолу түшүмдө мага күн, ай жана он бир жылдыз жүгүнүп жатыптыр»,— деди+. 10 Жусуп түшүн агаларына эле эмес, атасына да айтып берди. Ошондо атасы аны: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага жерге чейин ийилип таазим кылалы?» — деп кагып койду+. 11 Жусуптун айткандарын укканда бир туугандарынын ичи тарый баштады+, атасы болсо анын сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алды+.
12 Бир күнү Жусуптун бир туугандары атасынын койлорун Шекемдин жанына+ жайганы кетишти. 13 Бир канча убакыттан кийин Ысрайыл Жусупка: «Сени Шекемдин жанында мал жайып жүргөн агаларыңа жиберейин, барып келбейсиңби»,— деди. Жусуп: «Мейли, барып келейин»,— деди+. 14 Ысрайыл ага: «Барып, агаларың аман-эсен жүрөбү, малы түгөлбү, көрүп кел»,— деди+. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн+ Шекемге жөнөттү. 15 Кийинчерээк бир киши Жусуптун талаада жүргөнүн көрүп, андан: «Эмне издеп жүрөсүң?» — деп сурады. 16 Ал: «Агаларымды издеп жүрөм. Алардын каякта мал жайып жүргөнүн билбейсизби?» — деди. 17 Тиги киши: «Алар бул жерден кетип калышкан. Мен алардын: „Дотанга баралы“,— деп жатышканын уккам»,— деди. Жусуп агаларынын артынан барып, аларды Дотандан тапты.
18 Агалары Жусупту алыстан эле көрүп, ал жакындай электе, аны өлтүрөбүз деп сүйлөшө башташты+. 19 Алар бири-бирине: «Карасаңар, түш көргүч келатат+. 20 Келгиле, аны өлтүрүп, суу сакталчу чуңкурга таштап салалы да+, жырткыч жеп кетти деп коёлу+. Ошондо түштөрү кантип аткарыларын көрөбүз»,— дешти. 21 Бул сөздөрдү укканда Рубейин Жусупту алардын колунан куткарып калганга аракет кылып+: «Анын жанын кыйбай эле коёлу»,— деди+. 22 Анан аларга: «Кан төкпөгүлө+. Андан көрө, аны бул жердеги, талаадагы, суу сакталчу чуңкурга таштап салгыла. Ага тийбегиле»,— деди+. Ал Жусупту алардын колунан бошотуп алып, кайра атасына жибергиси келгендиктен ошентти.
23 Жусуп жакын келери менен, агалары анын үстүндөгү кооз кийимин сыйрып алып+, 24 өзүн чуңкурга таштап салышты+. Чуңкур бош эле, суусу жок болчу.
25 Анан тамактанганы отурушту+. Бир убакта Гилат жактан келаткан Ысмайылдын тукумдарынын+ кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө ладан, бальзам*, чайыры бар кабыктарды жүктөп алып+, Мисирге жол тартып баратышкан эле. 26 Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбызды өлтүрүп, аны жашырып койгондон эмне пайда?+ 27 Ага зыян кылгандан көрө+, Ысмайылдын тукумдарына сатып жибербейлиби+. Кантсе да, бир тууганыбыз, бир боорубуз* эмеспи»,— деди. Тигилер Жүйүттүн айтканына макул болушту+. 28 Ошол учурда Мидиандын тукумдарынан чыккан соодагерлер+ алардын жанынан өтүп баратышкан эле. Агалары Жусупту чуңкурдан алып чыгып+, Ысмайылдын тукумдарына жыйырма күмүш тыйынга сатып жиберишти+. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти.
29 Кийинчерээк Рубейин суу сакталчу чуңкурга барып, Жусуптун ал жерде жок экенин көргөндө, кийимин айрып жиберди+. 30 Анан бир туугандарынын жанына келип: «Бала жок экен, эми эмне кылам?» — деп кыйкырды+.
31 Алар бир текени союп, Жусуптун кийимин анын канына малып+, 32 атасына берип жиберишти да: «Биз муну таап алдык. Карап көрсөңүз+, уулуңуздун кийими эмеспи?» — деп айттырып жиберишти+. 33 Жакып анын кийимин таанып: «Бул — уулумдун кийими. Жусупту жырткыч жара тартып, жеп кеткен турбайбы»,— деп катуу боздоду+. 34 Анан үстүндөгү кийимин айрып, белине таар* курчанып, уулун жоктоп көп күн ыйлады+. 35 Уул-кыздарынын баары аны соороткону келип жатышты+. Бирок ал сооронбой+: «Кайгырып жүрүп уулума, көргө* барам» — деп, уулун жоктоп ыйлай берди.
36 Мисирден Мидиандын тукумдары Жусупту жан сакчылардын башчысына+, фараондун ак сарайында кызмат кылган Потипарга, сатып жиберишти

Башталыш39:1—23

39  Ысмайылдын тукумдары+ Жусупту Мисирге алып барышты+. Аны алардын колунан жан сакчылардын башчысы, фараондун ак сарайында кызмат кылган мисирлик Потипар сатып алды+.  Бирок Жахаба Жусуп менен болду. Ошондуктан ал бардык иштеринде ийгиликке жетип+, мисирлик мырзасынын үйүндө ар кандай жоопкерчиликтерге ээ болду.  Мырзасы Жахабанын Жусуп менен экенин, Жахабанын анын бардык иштерине батасын берип жатканын көрдү. Ошентип, Жусуп мырзасына жагып, ага кызмат кылып калды. Мырзасы аны өзүнүн үйүнө башкаруучу кылып дайындап+, өзүнө таандык нерсенин баарын ага тапшырды.  Ошондон тартып Жахаба Жусуп үчүн мисирлик кишинин үйүнө батасын бере баштады. Жахаба анын үйүндөгү, талаасындагы бардык нерсесине батасын бере баштады+.  Потипар өзүнө таандык болгондун баарын Жусупка тапшырып койду+. Ошондуктан жеген тамагынан башка эч нерседен кам саначу эмес. Арадан убакыт өтүп, Жусуп келишимдүү, сулуу жигит болду. Ошондо мырзасынын аялынын ага көңүлү түшүп+: «Мени менен жат»,— дей баштады+.  Бирок Жусуп макул болбой+: «Мен барда, мырзам үйүндөгү эч нерсесинен кам санабайт, ал баарын мага тапшырган+.  Бул үйдө менден жогору турган эч ким жок. Мырзам мага сизден башка эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени сиз анын аялысыз+. Анан кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деди+.10  Аял Жусупка күн сайын ошентип жабыша берсе да, ал аны менен жатканга, аны менен бирге болгонго макул болгон жок+. 11  Бир күнү ал, адаттагысындай эле, иштери менен үйгө кирди. Үйдө кызматчылардын эч кимиси жок болчу+. 12  Ошондо аял Жусупту кийиминен тартып+: «Мени менен жат»,— деди+. Бирок Жусуп үйдөн чыга качты, кийими болсо аялдын колунда калып калды+. 13  Жусуп кийимин калтырган бойдон качып чыкканда, аял 14  кызматчыларын чакырды да, аларга: «Карагылачы, күйөөм алып келген бул еврей бизди шылдың кылайын дептир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим+. 15  Менин кыйкырганымды угуп, ал кийимин калтырган бойдон үйдөн качып чыкты»,— деди. 16  Анан Жусуптун кийимин, анын мырзасы үйгө келгенге чейин, өзүнө калтырып койду+.17  Андан кийин күйөөсүнө: «Сен алып келген еврей кулуң мени шылдың кылайын деп келиптир. 18  Бирок мен кыйкырып жиберсем, ал кийимин калтырган бойдон качып кетти»,— деди+. 19  Жусуптун мырзасы аялынын сөздөрүн, анын: «Кулуң мени ушинтти»,— дегенин укканда, каары кайнап чыкты+. 20  Ошондуктан ал Жусупту падыша каматкан кишилер жаткан түрмөгө каматып койду. Ошентип, Жусуп түрмөгө түшүп калды+.21  Бирок Жахаба Жусуп менен болуп, ага мээримдүүлүк көрсөтө берди жана түрмө башчысынын көз алдында ырайым таптырды+. 22  Түрмө башчысы камакта жаткандардын баарын Жусуптун колуна тапшырды. Алар, Жусуп эмне десе, ошонун баарын аткарып жатышты+. 23  Жахаба Жусуп менен болгондуктан, түрмө башчысы ага тапшырган нерселеринен кам саначу эмес. Себеби Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берип жатты+

Башталыш40:1—23

40  Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Мисир падышасынын шарап сунуучусу+ менен наабайчысы өздөрүнүн мырзасынын, Мисир падышасынын, алдында айыптуу болуп калышты+. Ошондо фараон ал эки кызматчысына: шарап сунуучулардын башчысы менен наабайчылардын башчысына+ каарданып+, аларды жан сакчылардын башчысынын+ үйүндөгү түрмөгө, Жусуп жаткан түрмөгө+, каматып койду. Жан сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады+. Ошентип, алар бир нече убакыт камакта болушту. Бир жолу түн ичинде+ Мисир падышасынын түрмөдө отурган шарап сунуучусу менен наабайчысы+ түш көрүштү+. Ар биринин түшүнүн өзүнчө мааниси бар эле+. Жусуп эртеси эртең менен келип, алардын маанайы пас экенин көрдү+. Анан фараондун кызматчыларынан, мырзасынын үйүндөгү түрмөдө өзү менен чогуу отурган ал экөөнөн: «Эмнеге бүгүн кабагыңар салыңкы?» — деп сурады+. Тигилер: «Биз түш көрдүк, бирок түшүбүздү жоруп берчү эч ким жок»,— дешти. Жусуп аларга: «Түштү чечмелей турган Кудай эмеспи?+ Эмне көргөнүңөрдү мага айтып бергилечи»,— деди. Ошондо шарап сунуучулардын башчысы Жусупка: «Түшүмдө жүзүм сабагын көрдүм.10  Анын үч бутагы бар экен+. Ал бүчүр байлап, гүл ачты. Анан мөмөлөрү бышты.11  Мен жүзүмдү алып, колумда кармап турган фараондун чөйчөгүнө сыктым да+, чөйчөктү фараонго сундум»+,— деди.12  Жусуп мындай деди: «Бул түштүн мааниси мындай+: үч бутак үч күндү билдирет.13  Үч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан мурунку ордуңа коёт+. Ошондо сен, шарап сунуучу болуп кызмат кылган убагыңдагыдай эле, фараонго чөйчөк сунасың+.14  Суранам, ишиң оңолгондо, мени эстей көр+. Бул жактан чыгышым үчүн, фараонго мен жөнүндө айтып, мага мээримдүүлүк көрсөтө көр+.15  Анткени мени еврейлердин жеринен зордоп алып келишкен+. Анын үстүнө, бул жакта жүргөнүмдө зынданга салынгыдай эч нерсе кылган эмесмин»+.16  Жусуптун түштү жакшылыкка жоруганын көргөндө наабайчылардын башчысы ага: «Мен да түш көрдүм. Башымда ак нан салынган үч себет туруптур.17  Эң үстүнкү себетте фараон үчүн бышырылган ар кандай нан-токочтор бар экен+. Чымчыктар учуп келип+, башымдагы себеттин ичиндегилерди чокуп жатышыптыр»,— деди.18  Жусуп ага: «Бул түштүн мааниси мындай+: үч себет үч күндү билдирет.19  Үч күндөн кийин фараон башыңды алып, сени устунга астырат+. Денеңди чымчыктар чокуп жешет»,— деди+.20  Үч күндөн кийин фараон туулган күнүн белгилеп+, кызматчыларынын баарын чакырып, чоң той өткөрдү. Анан алардын көзүнчө шарап сунуучулардын башчысы менен наабайчылардын башчысын түрмөдөн чыгарды+.21  Шарап сунуучулардын башчысын ал мурунку ордуна койду+. Ал кайрадан фараонго чөйчөк суна баштады.22  Ал эми наабайчылардын башчысын, Жусуп жоругандай эле+, асып салды+.23  Бирок шарап сунуучулардын башчысы Жусупту эстеген жок, аны унутуп койду

Башталыш
41:1—57
41 Арадан эки жыл өткөндөн кийин, фараон түш көрдү+. Түшүндө ал Нил дарыясынын жээгинде туруптур. 2 Бир убакта дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, жээкте оттой баштады+. 3 Андан кийин дарыядан түрү бир укмуш, кыржыйган жети уй чыгып+, жээкте жүргөн тиги уйларга кошулду. 4 Анан түрү бир укмуш, кыржыйган уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп коюшту+. Ошондо фараон ойгонуп кетти+.
5 Фараон кайра уктап, дагы бир түш көрдү. Түшүндө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшынакай жети машак пайда болду+. 6 Андан кийин чүрүшкөн, чыгыштан соккон ысык шамал күйгүзүп кеткен+ жети машагы бар буудай өсүп чыкты+. 7 Анан чүрүшкөн машактар бадырайган, жакшынакай жети машакты жеп койду+. Ошондо фараон ойгонуп кетип, түш көргөнүн билди.
8 Эртең менен тынчы кеткен+ фараон Мисирдеги сыйкырчылык кылган дин кызматчылар+ менен акылмандардын баарын чакыртып+, аларга түшүн айтып берди+. Бирок эч кимиси анын түштөрүн жоруй алган жок.
9 Ошондо шарап сунуучулардын башчысы+ фараонго мындай деди: «Бүгүн мен күнөөлөрүмдү, туура эмес иштеримди эстедим+. 10 Улуу урматтуу фараон, сиз кызматчыларыңызга каарданып+, мени жана наабайчылардын башчысын жан сакчылардын башчысынын үйүндөгү түрмөгө камап койгонсуз+. 11 Анан бир жолу түндө ал экөөбүз тең түш көрдүк. Алардын ар биринин өзүнчө мааниси бар эле+. 12 Ал жерде биз менен жан сакчылардын башчысына кызмат кылган+ бир еврей жигит бар эле+. Биз ага түштөрүбүздү айтып бергенде+, ал ар бирибизге түшүбүздү жоруп берген. 13 Анан баары ал жоругандай болуп чыккан: мен кайра мурунку ордума коюлгам+, тигини болсо асып салышкан»+.
14 Ошондо фараон Жусупту тезинен зындандан+ алып келүүнү буйрук кылды+. Жусуп сакал-мурутун алып*+, кийимин которуп+, фараонго келди. 15 Фараон ага: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким жоруп бере албай жатат. Сени болсо айтып берген түштөрдү жоруй алат деп уктум»,— деди+. 16 Жусуп: «Аны фараонго жакшылыкка чечмелеп бере турган мен эмес, Кудай»,— деди+.
17 Фараон Жусупка мындай деп айтып бере баштады: «Түшүмдө мен Нил дарыясынын жээгинде туруптурмун. 18 Бир убакта дарыядан семиз, көрүнүшү жакшы жети уй чыгып, жээкте оттой баштады+. 19 Андан кийин дарыядан араң жан, түрү бир укмуш, кыржыйган башка жети уй чыкты+. Мисир жеринен мындай түрү суук уйларды эч качан көргөн эмесмин. 20 Анан ошол арык, түрү суук уйлар тиги семиз уйларды жей баштады+. 21 Бирок алардын семиз уйларды жегени билинген жок, анткени алар баштагыдай эле арык, түрү суук бойдон калды+. Ошондо мен ойгонуп кеттим.
22 Анан дагы бир түш көрдүм. Түшүмдө буудайдын бир сабагында бадырайган, жакшынакай жети машак пайда болду+. 23 Андан кийин куураган, чүрүшкөн, чыгыштан соккон ысык шамал күйгүзүп кеткен+ жети машагы бар буудай өсүп чыкты. 24 Ошол чүрүшкөн машактар бадырайган, жакшынакай жети машакты жеп койду+. Мен түшүмдү сыйкырчылык кылган дин кызматчыларга айтып бердим+, бирок эч кимиси анын маанисин чечмелей алган жок»+.
25 Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Бул эки түштүн мааниси бир. Чыныгы Кудай эмне кыла турганын фараонго ачып берди+. 26 Жети семиз уй жети жылды билдирет. Бадырайган жети машак да жети жылды билдирет. Эки түштүн мааниси бир. 27 Семиз уйлардын артынан чыккан арык, түрү суук уйлар жети жылды билдирет. Чыгыштан соккон ысык шамал+ күйгүзүп кеткен чүрүшкөн жети машак ачарчылык боло турган жети жылды билдирет+. 28 „Чыныгы Кудай эмне кыла турганын фараонго көрсөтүп берди“,— деп ушулар жөнүндө айткан болчумун+.
29 Мисир жеринде мол түшүмдүү жети жыл болот. 30 Бирок андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Ошондо Мисир жеринде болгон мол түшүмдүн баары унутулуп, ачарчылыктан жер такыр болот+. 31 Ачарчылык аябай катуу болгондуктан, эл бир кезде тамак-ашы мол болгонун унутат. 32 Ал эми фараондун түштү эки жолу көргөнү чыныгы Кудайдын ушунун баарын бекем чечкенин+ жана жакын арада орундатарын билдирет+.
33 Ошондуктан фараон акыл-эстүү киши таап, аны Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындасын+. 34 Ошондой эле Мисир жеринде мол түшүм болчу жети жылдын ичинде түшүмдүн бештен бир бөлүгүн чогултуп турганга+ көзөмөлчүлөрдү койсун+. 35 Алар түшүм мол боло турган жылдары эгинди жыйнап, шаарларга чогултуп, сактап коюшсун+. Ал түшүм фараонго таандык болот. 36 Ошондо Мисир жеринде боло турган ачарчылыктын+ айынан эл менен мал кырылып калбашы үчүн+, ачарчылык боло турган жети жылга жетерлик азык болот».
37 Бул фараон менен анын бардык кызматчыларына жагып калды+. 38 Ал кызматчыларына: «Кудайдын руху бар ушул кишиден башка дагы кимди таба алмак элек?» — деди+. 39 Анан Жусупка: «Эгер Кудай ушунун баарын сага ачып берген болсо+, анда сендей акыл-эстүү башка эч ким жок+. 40 Менин үйүмө сен көзөмөл кыласың+, бүт элим сага толугу менен баш иет+. Тактыда отурган мен гана сенден жогору болом»,— деди+. 41 Анан: «Сени бүт Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындайм»,— деп кошумчалады+. 42 Андан кийин колундагы мөөр шакегин+ чечип, Жусуптун колуна салды да, үстүнө жогорку сапаттагы зыгырдан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты43 Андан тышкары, аны падышанын экинчи арабасына отургузууга+, анын алдында бараткандардын: «Аврек!»* — деп жар салышына буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине көзөмөл кылганга дайындады.
44 Андан кийин фараон Жусупка: «Мен фараон болсом да, бүт Мисир жеринде сенин уруксатыңсыз эч кандай иш жасалбайт*»,— деди+. 45 Анан фараон Жусупка Запенат-Панеах деген ат койду жана ага Он+ деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинатты+ алып берди. Жусуп Мисир жерин кыдыра баштады+. 46 Фараондун, Мисир жеринин падышасынын, алдына барганда ал отуз жашта эле+.
Анын жанынан кеткенден кийин Жусуп бүт Мисир жерин кыдырып чыкты. 47 Мол түшүмдүү жети жылдын ичинде жер көп түшүм берип жатты+. 48 Жети жыл бою Жусуп Мисир жериндеги түшүмдү жыйнап, шаарларга чогултуп жатты+. Ал ар бир шаарга анын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйнады+. 49 Жусуп аябай көп эгин жыйнады+. Эгин деңиз жээгиндеги кумдай көп болгондуктан, акырында аны эсептебей да калышты, анткени эсеп жетпей калды+.
50 Ачарчылык башталганга чейин, Он деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинат Жусупка эки уул төрөп берди+. 51 «Кудай бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду»+ — деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше* деп койду+. 52 Экинчисинин атын болсо: «Кудай мага азап тарткан жеримде тукум берди*»+ — деп, Эпрайым* койду+.
53 Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл соңуна чыгып+, 54 Жусуп айткандай, жети жылдык ачарчылык башталды+. Бүт жерде ачарчылык болду, Мисир жери болсо нандан өксүгөн жок+. 55 Анан ачарчылык бүтүндөй Мисир жерине да кулач жайды. Мисирликтер фараонго нан сурап жалына башташты+. Фараон болсо аларга: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла»,— деди+. 56 Ошентип, бүт жер жүзү ачарчылыктын запкысын тарта баштады+. Ошондо Жусуп мисирликтерге кампаларга жыйналган эгинден сата баштады+, анткени Мисир жериндеги ачарчылык да аябай катуу болду. 57 Андан тышкары, бүт жер жүзүндө ачарчылык күчөгөндүктөн, Жусуптан эгин сатып алыш үчүн Мисирге башка жерлерден да келип жатышты

Башталыш42:1—38

42  Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп+, уулдарына: «Эмнеге бири-бириңерди карап отурасыңар?  Мисирде эгин бар деп уктум+. Ачкадан өлүп калбашыбыз үчүн, тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келбейсиңерби»,— деди.  Ошондуктан Жусуптун он агасы+ эгин сатып келгени Мисирге жөнөштү.  Бирок Жакып: «Балам кокусунан кырсыкка кабылып, өлүп калбасын» — деп+, Жусуптун иниси Бенжеминди агалары менен кошо жиберген жок+. Ошентип, Ысрайылдын уулдары эгин сатып алганы башкалар менен бирге Мисирге барышты, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан+.  Жусуп Мисир жерине башчылык кылып+, ар кайсы жерден келген адамдарга эгин сатып жаткан эле+. Ошондуктан ага бир туугандары келип, жерге чейин ийилип таазим кылышты+.  Агаларын көрөрү менен Жусуп аларды дароо тааныды, бирок таанымаксан болуп+: «Кайдан келдиңер?» — деп зекий сүйлөдү. Алар: «Тамак-аш сатып алганы Канаан жеринен келдик»,— деп жооп беришти+. Жусуп агаларын тааныды, бирок алар аны тааныган жок.  Ошол замат Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеди+. Анан: «Силер чалгынчысыңар! Бул жерге кайсы жагынан кол салса болорун байкаганы келдиңер»,— деди+. 10  Тигилер болсо: «Жок, мырзам+, кулдарыңыз+ тамак-аш сатып алганы келишти. 11  Биз баарыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл кишилербиз. Кулдарыңыз чалгынчы эмес»,— дешти+. 12  Бирок Жусуп: «Жок, силер бул жерге кайсы жагынан кол салса болорун байкаганы келдиңер!» — деди+. 13  Ошондо тигилер: «Биз, кулдарыңыз, он эки бир тууганбыз+. Канаан жеринде жашаган бир кишинин балдарыбыз+. Кенжебиз атабыз менен калды+, ал эми бирөөнөн айрылып калганбыз»,— дешти+.14  Бирок Жусуп мындай деди: «Чалгынчысыңар деп ошон үчүн айттым да. 15  Чынын айтып жатасыңарбы же жокпу, текшерип көрөйүн. Кенже иниңер бул жерге келмейин, фараон тирүү*, силер эч жакка кетпейсиңер+. 16  Араңардан бирөөнү иниңерди алып келгени жибергиле. Калганыңар болсо камакта отурасыңар. Ошондо айткан сөздөрүңөрдүн чын-төгүнү билинет+. Эгер калп айткан болсоңор, фараон тирүү, анда чындап чалгынчысыңар». 17  Ошентип, аларды үч күнгө камап койду.18  Үчүнчү күнү Жусуп аларга: «Мен чыныгы Кудайдан корком+. Андыктан аман калышыңар үчүн мен айткандай кылгыла. 19  Эгер чынчыл кишилер болсоңор, бириңер камакта калгыла да+, калганыңар эгинди жеткиргиле, анткени үйүңөрдөгүлөр ачка отурушат+. 20  Анан айтканыңар чын экенин далилдеш үчүн кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо тирүү каласыңар»+,— деди. Алар ошондой кылышты.21  Алар бири-бирине: «Бир тууганыбызга жасаган мамилебиз үчүн күнөөлүүбүз+, анткени ал ырайым кылышыбызды сурап жалынганда, биз аны укпай койгонбуз. Ошон үчүн ушундай балээге кабылдык»,— дешти+. 22  Рубейин аларга: «„Балага каршы күнөө кылбагыла“,— деп айтпадым беле, бирок силер укпай койгонсуңар+. Эми анын каны үчүн жоопко тартылып жатабыз»,— деди+. 23  Алар Жусуптун түшүнүп жатканын билишкен жок, анткени ал алар менен котормочу аркылуу сүйлөшүп жаткан эле. 24  Жусуп ары барып, ыйлап жиберди+. Анан кайра келип, бир туугандары менен сүйлөшкөн соң, алардын көзүнчө Шымонду+ байлатып салды+. 25  Андан кийин алардын каптарын данга толтурууну, ар биринин акчасын кайра өз кабына салып коюуну+ жана жолго жетерлик азык берүүнү буйрук кылды+. Анын айтканын орундатышты.26  Ошентип, бир туугандары эгиндерин эшектерине артып, жолго чыгышты. 27  Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бериш үчүн кабынын оозун чечсе+, ичинде акчасы жатыптыр+. 28  Ал бир туугандарына: «Акчамды кайра кабыма салып коюшуптур!» — деди. Алар жүрөктөрү түшүп, калтырап+, бири-бирине: «Кудай эмнеге ушинтти?» — деп жатышты+.29  Акыры, алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага болгон окуянын баарын мындай деп айтып беришти: 30  «Ал жердин башчысы зекип сүйлөдү+, анткени бизди жерин байкаганы келген чалгынчылар деп ойлоду+. 31  Бирок биз ага: „Биз чынчыл кишилербиз+, чалгынчылар эмеспиз. 32  Биз бир атанын балдарыбыз+, он эки бир тууганбыз+. Бирөөнөн айрылып калганбыз+, ал эми кенжебиз Канаан жеринде атабыз менен калды“,— дедик+. 33  Ошондо ал жердин башчысы бизге+: „Силердин чынчыл экениңерди+ мындан билейин: араңардан бирөөңөр мени менен калсын+. Калганыңар болсо үйүңөрдө ачка отургандарга тамак-аш алып, жолго чыккыла+. 34  Анан кенже иниңерди мага алып келгиле. Ошондо силердин чалгынчы эмес, чынчыл кишилер экениңерди билем. Анан бир тууганыңарды бошотуп берем. Ошондо бул жерге келип, соода-сатык кыла аласыңар“,— деди»+.35  Анан алар каптарындагы эгинди төгө баштаганда, ар биринин кабынан акча салынган түйүнчөгү чыкты. Аны көрүп, өздөрү да, атасы да коркуп кетти. 36  Жакып балдарына: «Мени балдарыман айрылттыңар!+ Жусуптан айрылдым, Шымондон айрылдым+, эми Бенжеминди алып кеткени жатасыңар! Эмнеге мунун баары менин башыма түштү?!» — деп боздоду. 37  Рубейин ага: «Эгер аны кайра сизге алып келип бербесем, эки баламды өлтүрүп салыңыз+. Аны менин колума тапшырыңыз, мен аны кайра сизге алып келем»,— деди+. 38  Бирок Жакып: «Балам силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, жалгыз калды+. Жолдон кокус бир нерсе болуп өлүп калса, ак баскан башыма кайгы кошуп, мени көргө* жибересиңер»,— деди

Башталыш43:1—34

43  Ал жердеги ачарчылык абдан катуу болду+.  Ошондуктан Мисирден алып келген эгиндери түгөнгөндө+, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз тамак-аш сатып келгиле»,— деди+.  Ошондо Жүйүт+ атасына: «Ал киши бизге: „Кенже иниңерди ала келбесеңер, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— деп ачык эле эскерткен+.  Эгер инибизди биз менен кошо жиберсеңиз+, барып, азык сатып келебиз.  Жибербесеңиз барбайбыз, анткени ал киши: „Кенже иниңерди ала келбесеңер, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— деп айткан»+,— деди.  Ысрайыл+: «Эмнеге мени мынча азапка салдыңар? Инибиз бар деп ага эмнеге айттыңар?» — деди.  Алар: «Ал: „Атаңар дагы эле тирүүбү?+ Дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп, өзүбүз, туугандарыбыз жөнүндө сурап туруп албадыбы, ошон үчүн айттык+. Анын: „Иниңерди бул жерге алып келгиле“+,— деп айтарын кайдан билдик»,— дешти. Анан Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибериңиз+, биз да, сиз да, балдарыбыз+ да өлүп калбашы үчүн, тирүү калышыбыз үчүн+, жолго чыгалы.  Балага мен жооптуу болоюн+. Эгер бир нерсе болсо, мени жоопко тартыңыз+. Аны кайра алып келип, алдыңызга койбосом, өмүр бою сиздин алдыңызда айыптуу болоюн. 10  Минтип создуктурбаганда, эмгиче эки жолу барып келмекпиз»,— деди+.11  Ошондо Ысрайыл балдарына мындай деди: «Мейлиңер+, анда мындай кылгыла: бул жердин эң жакшы нерселеринен: бир аз бальзам+ менен балдан+, ладандан, чайыры бар кабыктан+, мистеден, бадамдан+ каптарыңарга салып, ал кишиге тартуу катары алып баргыла+. 12  Ошондой эле мурункудан эки эсе көп акча алып алгыла. Каптарыңарга кайра салынган акчаны да ала баргыла+. Балким, бул жаңылыштык болсо керек+. 13  Иниңерди алып, ал кишиге кайра баргыла. 14  Кудурети Күчтүү Кудайдын жардамы менен силер анын көз алдында ырайым таап+, ал киши ошол жакта калган бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсе экен. Мен болсо балдарымдан айрылышым керек болсо, айрылайын»+.15  Ошентип, алар тартуу менен кошо эки эсе көп акча алып, Бенжеминди ээрчитип, Мисирди көздөй жөнөштү. Ал жакка жетип, кайрадан Жусуптун алдына барышты+. 16  Жусуп алар менен кошо Бенжеминдин келгенин көргөндө үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Буларды үйгө киргизип, мал союп, тамак даярдап кой+. Булар түштө мени менен тамактанышат»,— деди. 17  Ал дароо Жусуп айткандай кылып+, аларды Жусуптун үйүн көздөй алып жөнөдү. 18  Анын үйүнө барышканда алар коркуп+: «Булар бизди өткөндө каптарыбыз менен кетип калган акча үчүн бул жакка алып келишти. Эми бизди кармап, кулга айландырышат да, эшектерибизди тартып алышат»,— дешти+.19  Анан Жусуптун үйүнө көзөмөл кылган кишиге жакын барып, үйдүн кире беришинде ага мындай дешти: 20  «Кулак салсаңыз, мырзам, биз тамак-аш сатып алганы бул жакка мурун да келгенбиз+. 21  Кетип баратып түнөгөнү токтоп+, каптарыбыздын оозун чечсек, ар бирибиздин кабыбыздын ичинде акчабыз жатыптыр. Салмагы эч кемибептир. Ошол акчаны өз колубуз менен кайра берели дедик+. 22  Тамак-аш сатып алыш үчүн дагы акча ала келдик. Өткөндө болсо каптарыбызга акчабызды ким салып койгонун билбейбиз»+. 23  Тиги киши аларга: «Баары жайында, коркпогула+. Мурун акча төлөгөнүңөрдү билем. Бирок силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы кенчти кайра каптарыңарга салып койгон»,— деди+. Анан аларга Шымонду алып келди+.24  Андан соң аларды Жусуптун үйүнө киргизип, буттарын жууганга суу алып келди+, ошондой эле алардын эшектерине жем берди+. 25  Алар тартуусун+ түшкүгө, Жусуп келе турган маалга даярдап коюшту, анткени анын ошол жерде тамактанарын угушту+. 26  Жусуп үйүнө киргенде, алар тартуусун берип, анын алдында жүзтөмөндөп жыгылышты+. 27  Жусуп алардын ал-жайын сурап+, анан: «Силер айткан кары атаңар кандай жүрөт? Дагы эле барбы?» — деп сурады+. 28  Алар: «Сиздин кулуңуз, атабыз, дагы эле бар, жакшы жүрөт»,— деп жооп беришти да, анын алдына тизелеп, жерге чейин ийиле таазим кылышты+.29  Анан Жусуп энесинин уулун, иниси Бенжеминди көрүп+: «Бул баягы силер айткан иниңерби?»+ — деп сурады да, ага кайрылып: «Кудай сага ырайым кылсын+, уулум!» — деди. 30  Ал бир тууганын көргөндө жүрөгү дүкүлдөп, ыйлап жибере жаздагандыктан чыгып кеткенче шашты+. Анан ички бөлмөгө кирип, өксөп ыйлады+. 31  Андан кийин бетин жууп, өзүн колго алды да+, кайра берки бөлмөгө кирип: «Тамак тарткыла»,— деди+. 32  Ошондо Жусупка өзүнчө, бир туугандарына өзүнчө, аны менен тамактанган мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты. Анткени мисирликтер еврейлер менен чогуу отуруп тамактанышчу эмес, бул алар үчүн жийиркеничтүү болчу+.33  Жусуптун бир туугандарын анын алдына жашына жараша отургузушту: биринчи кылып туңгучтук укугуна карап улуусун, андан кийин кичүүсүнө чейин улуулата отургузушту+. Алар бири-бирин таң кала карап жатышты. 34  Жусуп өзү отурган үстөлдөгү тамактан аларга сунуп жатты. Ал берки бир туугандарына караганда Бенжеминге беш эсе көп берди+. Ошентип, алар Жусуп менен тойгончо ичип-жешти

Башталыш44:1—34

44  Бир аздан кийин Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге+: «Булардын каптарына алып кете алышынча эгин салып бер да, ар биринин акчасын өзүнүн кабына салып кой+.  Ал эми кичүүсүнүн кабына эгинге төлөгөн акчасы менен бирге менин күмүш чөйчөгүмдү да салып кой»,— деди. Ал Жусуп айткандай кылды+. Эртең менен жарык киргенде, аларды эшектери менен кошо узатып коюшту+.  Алар шаардан узай электе, Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Бар, тигилерди кууп жетип: „Эмнеге жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?+  Эмне үчүн мырзам ичкен чөйчөктү уурдап кеттиңер? Ал аны менен төлгө аччу+. Силер жаман иш кылдыңар“,— деп айт»,— деди. Ал тигилерди кууп жетип, ушуларды айтты.  Ошондо алар: «Эмнеге мырзам минтип айтып жатат? Кантип эле кулдарыңыз ушундай ишке барсын?  Өткөндө каптарыбыздан табылган акчаны сизге Канаан жеринен бери кайра алып келбедикпи+. Анан кантип мырзаңыздын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?+  Эгер чөйчөк кулдарыңыздын кимдир бирөөсүнөн табылса, ал өлүм жазасына тартылсын, калгандарыбыз мырзабызга кул бололу»+,— дешти. 10  Ал: «Айтканыңардай болсун+. Кимден табылса, ал мага кул болот+, калгандарыңар айыптуу болбойсуңар»,— деди. 11  Алар шашылыш түрдө каптарын жерге түшүрүп, ар бири өз кабынын оозун ачты. 12  Тиги киши улуусунан баштап кичүүсүнө чейин ар биринин кабын кылдаттык менен карап чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды+.13  Ошондо алар кийимдерин айрып+, жүктөрүн кайра эшектерине артып, шаарга кайтып келишти. 14  Жүйүт+ менен бир туугандары Жусуптун үйүнө киришсе, ал кете элек экен. Алар анын алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты+. 15  Жусуп: «Бул эмне кылганыңар? Мендей адамдын белгилерди карап эле билип коёрун билген жок белеңер?» — деди+. 16  Жүйүт: «Мырзабызга эми эмне дей алабыз? Эмне дейбиз? Эмне деп актанабыз?+ Чыныгы Кудай кулдарыңыздын айыбын ачты+. Эми биз мырзабызга кул болобуз. Чөйчөк кимден табылган болсо, ошол да кул болот»,— деди+. 17  Бирок Жусуп: «Жок, мен андай кылбайм!+ Чөйчөк кимден табылса, ошол гана мага кул болот+. Калганыңар атаңарга тынчтык менен бара бергиле»,— деди+.18  Ошондо Жүйүт жанына келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңузга бир ооз сөз айтканга уруксат этиңиз+, кулуңузга каардана көрбөңүз+, сиз фараонго тең адамсыз+. 19  Мырзабыз кулдарынан: „Атаңар же дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп сураганда, 20  биз мырзабызга: „Карып калган атабыз жана анын карыганда көргөн баласы, кенже уулу, бар+. Бир энеден экөө төрөлгөн эле, бирок агасы өлүп, ал жалгыз калган+. Атасы аны аябай жакшы көрөт“,— дегенбиз. 21  Ошондо сиз кулдарыңызга: „Аны мага алып келгиле, аны өз көзүм менен көрөйүн“,— дегенсиз+. 22  Бирок биз мырзабызга: „Бала атасын калтырып кете албайт. Эгер калтырып кетсе, атасы өлүп калат“,— дегенбиз+. 23  Сиз болсо кулдарыңызга: „Кенже иниңер силер менен келбесе, жүзүмдү көрбөйсүңөр“,— дегенсиз+.24  Анан биз кулуңузга, атабызга, барып, мырзабыздын эмне дегенин айтып бергенбиз. 25  Кийин атабыз: „Дагы барып, бир аз тамак-аш сатып келгиле“,— деди+. 26  Бирок биз: „Ал жакка бара албайбыз. Кенже инибиз биз менен барса, барабыз, анткени ал барбаса, тиги кишинин жүзүн көрө албайбыз“,— дедик+. 27  Ошондо сиздин кулуңуз, атабыз, бизге: „Силер аялымдын мага эки уул төрөп бергенин билесиңер+. 28  Бирөөнөн айрылганымда: “Ал жырткычка жем болсо керек”,— деген элем+. Ошондон бери аны көрө элекмин. 29  Эгер муну да алып кетсеңер, анан бул да кырсыкка кабылып, өлүп калса, ак баскан башыма кайгы кошуп, мени көргө* жибересиңер“,— деди+.30  Эгер кулуңузга, атама, жанындай жакшы көргөн бул баласын алып барбасам+, 31  баласынын жок экенин көрүп ал өлүп калат. Ошондо кулдарыңыз аны, ак баскан башына кайгы кошуп, көргө жиберген болушат. 32  Баланы алып кетип баратып кулуңуз атасына: „Эгерде аны сизге кайра алып келип бербесем, өмүр бою сиздин алдыңызда айыптуу болоюн“+ — деп, жоопкерчиликти мойнуна алган эле+. 33  Ошондуктан баланын ордуна мырзама мен кул болоюн, бала болсо бир туугандары менен кете берсинчи+. 34  Бул баласыз атама кантип барам? Башына кайгы түшкөн атамды кантип карап турам?
Башталыш
45:1—28
45 Ушул сөздөрдү укканда Жусуп кызматчыларынын алдында андан ары өзүн кармай албай калгандыктан+: «Баарыңар чыгып кеткиле!» — деп кыйкырды. Жанында бир туугандары эле калганда, ал өзүнүн ким экенин айтты+.
2 Ал абдан катуу ыйлагандыктан+, аны мисирликтер да укту. Бул жөнүндө фараонго да кабар жетти. 3 Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, атамдын көзү дагы эле тирүүбү?» — деди. Бирок алар айран-таң калгандыктан эч нерсе дей алышкан жок+. 4 Жусуп аларга: «Мага жакын келгилечи»,— деди. Алар жакын барышты.
Ошондо ал мындай деди: «Мен Жусупмун, силер Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын+. 5 Бирок эми кайгырбагыла+, мени сатып жибергениңер үчүн өзүңөрдү жемелебегиле. Анткени Кудай өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн мени бул жакка силерден мурун жиберген+. 6 Жер жүзүндө ачарчылык болуп жатканына эки жыл болуп калды+, дагы беш жыл бою жер айдалбайт, оруп-жыюу болбойт+. 7 Ошондуктан Кудай силерге улуу куткарылуу жиберип, үй-бүлөлөрүңөрдү*+ аман алып калыш үчүн мени бул жакка силерден мурун жиберген. 8 Ооба, бул жакка мени силер эмес+, чыныгы Кудай жиберген. Ал мени фараондун атасы+, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин башкаруучусу кылып койду.
9 Тезирээк атама баргыла да, мындай дегиле: „Уулуңуз Жусуп мындай дейт: “Кудай мени бүт Мисир жерине мырза кылып койду+. Мага тезирээк келиңиз. 10 Сиз Гошен жеринде жашап+, уулдарыңыз, неберелериңиз, бардык мал-мүлкүңүз менен менин жанымда болосуз. 11 Дагы беш жыл ачарчылык болот. Ошондуктан өзүңүз да, үйдөгүлөрүңүз да жакырданып кетип, колуңузда болгондун баары түгөнүп калбашы үчүн, мен сизди тамак-аш менен камсыз кылып турам”“+. 12 Силерге сүйлөп жаткан чын эле мен экенимди иним Бенжемин да, силер да көрүп турасыңар+. 13 Атама менин Мисирдеги атак-даңкым менен көргөн нерселериңердин баарын айтып бергиле. Тезирээк баргыла да, аны бул жакка алып келгиле».
14 Анан иниси Бенжеминди мойнунан кучактап, ыйлап кирди. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады+. 15 Жусуп бүт бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлап жатты+. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшө башташты.
16 «Жусуптун бир туугандары келиптир»,— деген кабар фараондун үйүнө жетти. Муну укканда фараон да, анын кызматчылары да кубанышты+. 17 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа: „Эшектериңерге жүк артып, Канаан жерине баргыла да+, 18 атаңарды, үй-бүлөңөрдү алып, мага келгиле. Мен силерге Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем, бул жердин эң жакшы түшүмүн жейсиңер“+,— деп айт. 19 Аларга мындай буйрук бер+: „Мындай кылгыла: балдарыңар менен аялдарыңарды алып келиш үчүн Мисир жеринен арабаларды алгыла+. Анан алардын бирине атаңарды отургузуп, бул жакка келгиле+. 20 Калган мүлкүңөр+ үчүн кейибегиле, анткени Мисир жериндеги эң жакшы нерселер силердики болот“»+.
21 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга, фараон буйругандай, арабаларды берди, жолго деп азык да берди+. 22 Ошондой эле ар бирине бирден жаңы кийим+, Бенжеминге болсо 300 күмүш тыйын жана беш жаңы кийим берди+. 23 Атасына болсо Мисир жериндеги жакшы нерселер жүктөлгөн он эшек жана жолуна деп камдаган дан, нан, тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек берип жиберди. 24 Ошентип, ал бир туугандарын жөнөттү. Аларды узатып жатып: «Жолдон урушпагыла»,— деди+.
25 Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келишти да: 26 «Жусуп тирүү экен, ал бүт Мисир жерин башкарып жатыптыр!» — дешти+. Жакып дал болуп туруп калды, анткени алардын айткандарына ишенген жок+. 27 Балдары Жусуптун айткан сөздөрүнүн баарын айтып беришкенден кийин жана Жусуптун аны алып кетиш үчүн жиберген арабаларын көргөндөн кийин Жакыптын руху жандана түштү+. 28 Ошондо Ысрайыл: «Эми ишендим! Уулум Жусуп тирүү экен! Көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын»,— деди+

Башталыш46:1—34

46  Ошентип, Ысрайыл бардык мал-мүлкүн алып жолго чыкты. Беир-Шебага+ жеткенде атасы Ыскактын Кудайына+ арнап курмандыктарды чалды.  Анан Кудай түндө Ысрайылга аян берип+: «Жакып, Жакып!» — деп чакырды. Ал: «Угуп жатам!» — деди+.  Кудай ага: «Мен чыныгы Кудаймын+, атаңдын Кудайымын+. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде сенден улуу эл жаратам+.  Мен Мисирге сени менен барам, анан кайра ал жерден сени өзүм алып чыгам+. Сен өлгөндө, Жусуп көзүңдү өз колу менен жабат»,— деди+. Ысрайылдын, Жакыптын, уулдары фараондун Жакыпты алып келиш үчүн жөнөткөн арабаларына атасы Жакыпты, балдары менен аялдарын салып жөнөштү+.  Алар Канаан жеринде топтогон мал-мүлкүн да ала кетишти+. Ошентип, Жакып бүт бала-бакырасы менен Мисир жерине барды.  Ал Мисирге өзү менен кошо бүт тукумун: бардык уул-кыздарын, неберелерин ала барды+. Ысрайылдын, тактап айтканда, Жакыптын Мисирге барган уулдары булар+: тун уулу — Рубейин+. Рубейиндин уулдары: Ханох, Палу, Кесрон, Карми+.10  Шымондун+ уулдары: Жемуел, Жамин, Охат, Жахин+, Зохар жана канаандык аялы төрөгөн Шабул+.11  Лебинин+ уулдары: Гершон+, Каат+, Мерари+.12  Жүйүттүн+ уулдары: Эр+, Онан+, Шелах+, Перес+, Зерак+. Эр менен Онан Канаан жеринде өлгөн+.Перестин уулдары: Кесрон+ менен Хамул+.13  Исахардын+ уулдары: Тола+, Пуба+, Аюп, Шимрон+.14  Забулундун+ уулдары: Серет, Элон, Жахлел+.15  Лия Падан-Арамда Жакыпка ушул уулдарын+ жана кызы Динаны төрөп берген+. Анын бардык уул-кыздары отуз үч жан эле.16  Гаттын+ уулдары: Зипон, Хаги, Шуни, Эзбон, Эри, Арот, Арели+.17  Ашырдын+ уулдары: Имнак, Ишба, Ишби, Берия+. Анын Серак деген да кызы болгон.Бериянын уулдары: Хебер менен Малкиел+.18  Булар — Лабан өзүнүн кызы Лияга күң катары берген Зилпанын Жакыпка төрөп берген уул-кыздары+. Алар бардыгы биригип он алты жан эле.19  Жакыптын аялы Рахилдин+ уулдары: Жусуп+ менен Бенжемин+.20  Мисирде Жусуптан Менаше+ менен Эпрайым*+ төрөлдү. Аларды ага Он деген шаардын дин кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди+.21  Бенжеминдин уулдары: Бела+, Бехер+, Ашбел, Гера+, Нааман+, Эхи, Рош, Мупим+, Хупим+, Арт.22  Булар — Рахилдин Жакыпка төрөп берген уулдары. Алар бардыгы биригип он төрт жан эле.23  Дандын+ уулдары: Хушим+24  Напталынын+ уулдары: Жахсил, Гуни+, Жесер, Шилем+.25  Булар — Лабан өзүнүн кызы Рахилге күң катары берген Биланын+ Жакыпка төрөп берген уулдары. Алар бардыгы биригип жети жан эле.26  Жакыптын Мисирге аны менен чогуу барган тукумдары+, келиндерин кошпогондо, алтымыш алты жан эле. 27  Мисирде Жусуптан эки уул төрөлгөн. Ошентип, Мисирге Жакыптын үй-бүлөсүнө кирген жетимиш* жан барган+.28  Жакып Гошенге баратканын Жусупка билдириш үчүн өзүнөн мурун Жүйүттү жөнөттү+. Анан алар Гошенге барышты+. 29  Жусуп арабасын коштуруп, атасы Ысрайылга жолугуш үчүн Гошенге жөнөдү+. Атасын көргөндө чуркап барып, мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады+. 30  Анан Ысрайыл Жусупка: «Эми өлө берсем болот+. Анткени сенин жүзүңдү көрдүм, сенин тирүү экениңди билдим»,— деди.31  Жусуп бир туугандары менен атасынын үй-бүлөсүнө мындай деди: «Барып, фараонго+: „Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү келиптир+. 32  Алар — койчулар+, мал багышат+. Бул жакка бардык майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир“,— деп айтайын+. 33  Эгер фараон силерди чакырып: „Эмне иш кыласыңар?“ — деп сураса, 34  силерге Гошен жерин бериши үчүн+, ага: „Кулдарың, ата-бабалары сыяктуу эле, жаштайынан мал багышат“+,— деп жооп бергиле. Анткени мисирликтер кой баккандардын баарынан жийиркенишет

Башталыш47:1—31

47  Жусуп фараонго барып+: «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым келиптир. Алар майда малы менен бодо малын, бүт мүлкүн ала келишиптир. Азыр алар Гошен жеринде»,— деди+.  Анан ал беш бир тууганын фараондун алдына алып барды+. Фараон алардан: «Эмне иш кыласыңар?» — деп сурады+. Алар: «Кулдарыңыз, ата-бабаларындай эле+, кой багышат»,— деп жооп беришти+.  Анан: «Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп+, кулдарыңыздын малына жайыт жок калгандыктан+, бул жерге келгин катары жашаганы келдик+. Кулдарыңызга Гошен жерине отурукташканга уруксат бериңиз»,— дешти+.  Ошондо фараон Жусупка: «Атаң менен бир туугандарың келген турбайбы.  Мына, Мисир жери өзүңдүн кол алдыңда+, аларды эң жакшы жерине жайгаштыр+. Гошен жеринде жашай беришсин+. Эгер алардын арасында иш билги кишилер бар экенин билсең+, аларды менин малыма көз салып турганга дайындап кой»,— деди+. Андан кийин Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып барды. Жакып фараонго батасын берди+.  Фараон Жакыптан: «Канчага келип калдың?» — деп сурады.  Жакып: «Көчүп-конуп, ар кайсы жерде келгин болуп жашаганыма 130 жыл болду+. Аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм+. Ар кайсы жерде келгин болуп жашаган ата-бабаларымдын жашына жеткен жокмун»,— деди+. 10  Анан фараонго батасын берип, анын жанынан кетти+.11  Жусуп, фараон буйрук кылгандай, атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, өлкөнүн эң жакшы жеринен, Раамсес+ аймагынан, жер бөлүп берди. 12  Ал атасын, бир туугандарын жана атасынын бүт үй-бүлөсүн балдарынын санына жараша+ тамак-аш менен камсыз кылып турду+.13  Ачарчылык абдан катуу болгондуктан+, ал жерде нан калбай калды. Мисирдин да, Канаандын да тургундары ачарчылыктан алсырап калды+. 14  Жусуп Мисир менен Канаан жериндеги акчанын баарын, элге эгин саткандан+ түшкөн акчанын баарын, чогултуп, фараондун үйүнө алып барды. 15  Мисирдеги, Канаан жериндеги акчанын баары түгөнгөндө, мисирликтер Жусупка келип: «Акчабыз түгөндү, бизге нан бер+. Сенин алдыңда ачкадан өлүп калганыбыздан эмне пайда?» — дей башташты+. 16  Ошондо Жусуп: «Акчаңар калбай калса, малыңарды алып келгиле, эгинди малга айырбаштайм»,— деди. 17  Алар Жусупка малын айдап келе башташты. Жусуп аларга жылкыларынын+, майда малы менен бодо малынын, эшектеринин ордуна тамак-аш берип турду. Ошол жылы ал тамак-ашты малга айырбаштап, элди тамак-аш менен камсыз кылып турду.18  Ал жыл да соңуна чыкты. Кийинки жылы алар Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырганда эмне, акчабызды да, малыбызды да мырзабызга берип бүттүк+. Өзүбүз менен жерибизден башка мырзабызга берчү эч нерсебиз калган жок+. 19  Биздин өлүп калганыбыздан+, жерибиздин иштетилбей калганынан эмне пайда? Андан көрө, өзүбүздү да, жерибизди да тамак-ашка сатып ал+. Өзүбүз фараонго кул болуп, жерибиз ага таандык болсун. Бизге үрөн бер, өлбөй тирүү калалы, жерибиз ээн калбасын»+,— дешти. 20  Катуу ачарчылыктын айынан мисирликтердин баары жерлерин сата баштагандыктан, Жусуп алардын бүт жерлерин фараон үчүн сатып алды+. Ошентип, жердин баары фараонго таандык болуп калды.21  Анан Жусуп Мисирдин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элди шаарларга көчүрдү+. 22  Ал дин кызматчылардын жерлерин гана сатып алган жок+. Дин кызматчылар фараон берген тамак-аш менен камсыздандырылып турушчу+, ошондуктан алар жерлерин сатышкан жок+. 23  Анан Жусуп элге: «Мен силерди да, жерлериңерди да фараон үчүн сатып алдым. Эми бул үрөндү алгыла да, жериңерге эккиле+. 24  Анан түшүмүңөрдү жыйнаганда+ бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле+. Калган төрт бөлүгү болсо үрөндүккө, ошондой эле өзүңөргө, балдарыңарга, үйүңөрдө жашагандарга жегенге калсын»+,— деди. 25  Алар: «Сен биздин өмүрүбүздү сактап калдың+. Мырзабыздын көз алдында ырайым табалы, фараонго кул бололу»,— дешти+. 26  Жусуп түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин деп буйрук чыгарды. Ал буйрук Мисир жеринин бардык аймактарында азыркы күнгө чейин күчкө ээ. Дин кызматчылардын гана жерлери фараондун карамагына өткөн жок+.27  Ысрайыл эли Мисирде, Гошен жеринде, жашады+. Ал жерге отурукташып, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү+. 28  Жакып Мисир жеринде он жети жыл жашады. Ошентип, ал 147 жашка чыкты+.29  Ысрайылдын көз жума турган убагы жакындаганда+, ал уулу Жусупту чакырып: «Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, колуңду санымдын астына коюп+, мага мээримдүүлүк, ишенимдүүлүк көрсөтөм деп ант бер+. Суранам, сөөгүмдү Мисир жерине койбо+. 30  Ата-бабаларыма окшоп өлгөнүмдө+, сөөгүмдү Мисир жеринен алып чыгып, ата-бабаларым коюлган жерге кой»+,— деди. Жусуп: «Сиз айткандай кылам»,— деди. 31  Ошондо Ысрайыл: «Ант бер»,— деди. Жусуп ант берди+. Анан Ысрайыл төшөктүн баш жагында отурган жеринен таазим кылды+