Элчилер
2:1—47
2 Элүүнчү күн майрамында*+ алардын баары бир жерге чогулушту. 2 Күтүлбөгөн жерден асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, алар отурган үйдүн ичин жаңыртты+. 3 Анан көрүнүшү тилге окшогон жалындар+ көрүндү да, бөлүнүп-бөлүнүп, ар биринин үстүнө бирден конду. 4 Ошондо баары ыйык рухка толуп+, рух берген сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө жараша, ар кайсы тилдерде сүйлөй башташты+.
5 Ошол убакта Иерусалимде ар кайсы жерлерден келген динчил+ жүйүттөр бар эле+. 6 Добуш чыкканын угуп, көп эл чогулду. Шакирттер алардын ар биринин эне тилинде сүйлөп жатышкан эле. Муну көрүп, баары айран-таң калышты. 7 Алар абдан таң калып, мындай деп жатышты: «Бул сүйлөп жаткандардын баары галилеялыктар+ эмеспи? 8 Анан кантип ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат? 9 Парфтан, Мадайдан+, Эйламдан+, Месопотамиядан, Жүйүт жеринен+, Кападокиядан+, Понттон+, Азиядан*+, 10 Фригиядан+, Памфилиядан+, Мисирден, Ливиянын Киренага чектеш аймактарынан, Римден келген жүйүттөр жана алардын динин кабыл алгандар+, 11 криттиктер+, арабиялыктар+ — баарыбыз булардын ар бирибиздин тилибизде Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жатканын угуп жатабыз». 12 Ошентип, баары аң-таң болуп, бири-биринен: «Бул эмнеси?» — деп сурап жатышты. 13 Ал эми кээ бирлери: «Таттуу шарапка тоюп алышкан тура»+,— деп шылдыңдай башташты.
14 Ошондо Петир он бир элчи менен+ ордунан туруп, үнүн бийик чыгара мындай деди: «Жүйүттөр жана Иерусалимдин бардык тургундары+, сөзүмдү кунт коюп уккула. 15 Булар, силер ойлогондой, мас эмес+. Анткени азыр үчүнчү* эле саат болду. 16 Бул окуя жөнүндө Жоел пайгамбар аркылуу мындай деп алдын ала айтылган: 17 „Акыркы күндөрдө,— дейт Кудай,— ар кандай адамдарга рухумду төгөм+. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат, уландарыңар аян алышат, карыяларыңар өзгөчө түштөрдү көрүшөт+. 18 Ал күндөрү кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм, алар да пайгамбарлык кылышат+. 19 Жогорудагы асманда жышаандарды, төмөндөгү жерде кереметтерди көрсөтөм. Алар — кан, от жана коюу түтүн+. 20 Жахабанын улуу, даңктуу күнү келер алдында+ күн караңгылыкка+, ай канга айланат. 21 Ошондо Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат“+.
22 Ысрайылдыктар, сөзүмө кулак салгыла: өзүңөр билгендей, Кудай назареттик Исаны+ өзү жибергенин ал аркылуу араңарда ажайып иштерди+, керемет-жышаандарды көрсөтүп айкын кылган+. 23 Кудайдын белгиленген эрки жана алдын ала билгени боюнча+ колуңарга салынып берилген ал адамды силер мыйзамсыздардын колу менен устунга кадап өлтүрдүңөр+. 24 Бирок Кудай аны өлүм аркандарынан бошотуп+, тирилтип алды+. Себеби анын өлүм туткунунда андан ары калышы мүмкүн эмес болчу+. 25 Дөөтү ал жөнүндө мындай дейт: „Мен Жахабаны дайыма көрүп тургам. Ал оң жагымда болгондуктан, мен эч качан олку-солку болбойм+. 26 Ушундан улам жүрөгүм кубанычка толуп, тилим шаттана сүйлөдү. Атүгүл денем да үмүт менен жашайт+. 27 Анткени сен жанымды көрдө* калтырбайсың, ишенимдүү кызматчыңдын чиришине жол бербейсиң+. 28 Сен мага өмүр жолун ачып бердиң, көз алдыңда мени кубанычка бөлөйсүң“+.
29 Агайын-туугандар, атабыз Дөөтүнүн өлүп, мүрзөгө коюлганын+ жана мүрзөсү ушул жерде азыркыга чейин бар экенин ишенимдүү түрдө айтууга болот. 30 Бирок ал пайгамбар болгондуктан жана Кудайдын ага тукумдарынын бирин тактысына отургузары тууралуу ант бергенин билгендиктен+, 31 Машаяктын тирилерин алдын ала көрө билип, анын көрдө калтырылбасын жана денесинин чирибей турганын айткан+. 32 Ошол Исаны Кудай тирилтти; буга баарыбыз күбөбүз+. 33 Ошентип, ал жогору көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына отуруп+, Атасынан убадаланган ыйык рухту алгандыктан+, өзүңөр угуп-көрүп тургандай, аны бизге төктү. 34 Дөөтү болсо асманга көтөрүлгөн эмес+, бирок ал мындай дейт: „Жахаба менин Мырзама+: 35 “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+. 36 Ошондуктан силер устунга кадаган Исаны+ Кудай өзү Мырза да+, Машаяк да кылганын бүт Ысрайыл үйү жакшылап билип алсын».
37 Муну укканда алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болду+. Ошондо алар Петир менен берки элчилерден: «Агайын-туугандар, биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашты+. 38 Петир: «Өкүнгүлө+ жана күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн+, ар бириңер Иса Машаяктын аты менен+ чөмүлтүлгүлө+. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар+. 39 Анткени бул убада+ силерге, силердин балдарыңарга жана алыстагылардын баарына+, Жахаба Кудайыбыз кимди чакырса+, ошолордун бардыгына берилген»,— деди. 40 Ал дагы башка көп нерселерди айтып, кылдат күбөлөндүрүп, аларды: «Бул бузулган муундан алыс болгула»+,— деп үндөдү. 41 Анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар чөмүлтүлүп+, ошол күнү шакирттерге 3 000дей киши* кошулду+. 42 Алар элчилердин насааттарын түшүнүүгө, бардык нерсесин бири-бири менен бөлүшүүгө+, чогуу тамактанууга+ жана тиленүүгө дайыма ынтызар эле+.
43 Элчилер көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөтүп жатышты. Муну көргөндөрдүн баарын* Кудайдан коркуу сезими чулгай баштады+. 44 Исага ишенип калгандардын баары чогуу болуп, бүт нерсесин жалпы колдонуп жүрүштү+. 45 Алар өздөрүнүн жерин, бүт мүлкүн сатып+, түшкөн акчаны ба46 күн сайын ибадатканада бирге болушчу+. Ошондой эле алар бири-биринин үйүнө чогулуп, таза жүрөк, зор кубаныч менен тамактанып+, 47 Кудайды даңктап жүрүштү. Ошентип, алар баарынын жактыруусуна ээ боло беришти+. Жахаба болсо күн сайын аларга куткарылуу жолуна түшкөндөрдү+ кошуп 46 күн сайын ибадатканада бирге болушчу+. Ошондой эле алар бири-биринин үйүнө чогулуп, таза жүрөк, зор кубаныч менен тамактанып+, 47 Кудайды даңктап жүрүштү. Ошентип, алар баарынын жактыруусуна ээ боло беришти+. Жахаба болсо күн сайын аларга куткарылуу жолуна түшкөндөрдү+ кошуп жатты