Skip to content

Биринчи жумада

Жакан20:19—30

20  Жуманын биринчи күнү*+ эртең менен эрте, жарык кире электе магдалалык Мариям мүрзөгө барып+, анын оозундагы таштын жылдырылып калганын көрдү.  Ал Симон Петир менен Исанын жакшы көргөн шакиртине+ чуркап барып: «Мырзабызды мүрзөдөн+ алып кетишиптир. Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз»,— деди. Ошондо Петир+ менен тиги шакирт сыртка чыгып, мүрзөнү көздөй жөнөштү.  Экөө тең чуркап баратышты. Тиги шакирт Петирден батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетти.  Ал эңкейип, мүрзөнүн ичин карады да, жерде жаткан зыгыр кездемени+ көрдү, бирок ичкери кирген жок.  Артынан Симон Петир келди. Ал мүрзөнүн ичине кирип, жерде жаткан зыгыр кездемени көрдү+.  Исанын башына оролгон кездеме болсо тиги кездеменин жанында эмес, оролуу бойдон өзүнчө жатыптыр.  Анан мүрзөгө биринчи чуркап келген шакирт да ичкери кирди. Ал да бардыгын көрүп, айтылган сөздөрдүн чын экенине ишенди.  Бирок алар Исанын тирилиши керектиги жөнүндө жазылган аяттарды+ дагы деле түшүнө элек болчу. 10  Анан шакирттер үйлөрүнө кайтышты.11  Мариям болсо мүрзөнүн жанында туруп, ыйлап жатты. Ыйлап жатып мүрзөнүн ичин эңкейип карады да, 12  ак кийимчен эки периштени көрдү+. Бири Исанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отуруптур. 13  Алар Мариямдан: «Эмнеге ыйлап жатасың?» — деп сурашты. Ал: «Мырзамды алып кетип калышыптыр. Аны кайсы жерге коюшканын билбейм»,— деп жооп берди. 14  Анан артын карап, Исанын турганын көрдү, бирок аны тааныган жок+. 15  Иса андан: «Эмнеге ыйлап жатасың? Кимди издеп жүрөсүң?» — деп сурады+. Мариям аны бакчы деп ойлоп: «Мырзам, эгерде аны сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып кетейин»,— деди. 16  Иса ага: «Мариям!» — деди+. Мариям бурулуп, ага еврейче: «Раббуни!» — деди+. (Бул сөз «устат» дегенди билдирет.) 17  Ошондо Иса: «Мени кармаба. Анткени мен али Атама бара элекмин. Бир туугандарыма барып+, менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма+ жана силердин Кудайыңарга+ кетип баратканымды айт»,— деди+. 18  Магдалалык Мариям шакирттерге барып: «Мен Мырзабызды көрдүм!» — деп кабарлады да, анын эмне дегенин айтып берди+.19  Ошол күнү, жуманын биринчи күнү+, шакирттер кечинде бир үйгө чогулушту. Жүйүттөрдөн корккондуктан+ алар эшиктерди бекитип алышкан эле. Бир убакта Иса пайда болуп+, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун»,— деди+. 20  Анан аларга капталын+, колдорун көрсөттү. Шакирттер Мырзасын көрүп, кубанып кетишти+. 21  Иса кайрадан: «Силерге тынчтык болсун. Атам мени дүйнөгө жибергендей эле+, мен да силерди дүйнөгө жиберип жатам»,— деп айтты+. 22  Ушуларды айткандан кийин шакирттерине үйлөп: «Ыйык рухту кабыл алгыла+. 23  Кимдин күнөөлөрүн кечирсеңер, анын күнөөлөрү кечирилет+. Ал эми кимдин күнөөлөрүн кечирбесеңер, анын күнөөлөрү кечирилбейт»,— деди+.24  Он экинин бири, Эгиз деп да коюшкан Томас+, Иса келгенде, алардын арасында жок болчу. 25  Ошондуктан алар: «Биз Мырзабызды көрдүк!» — деп айтышканда, ал: «Колдорундагы мыктан калган жарааттарды көрмөйүн, ал жарааттарга жана капталына+ колумду тийгизмейин ишенбейм»,— деп айтты+.26  Сегиз күндөн кийин шакирттер кайрадан чогулушту. Алардын арасында Томас да бар эле. Үйдүн эшиктери бек болсо да, Иса пайда болуп, алардын ортосуна туруп: «Силерге тынчтык болсун»,— деди+. 27  Анан Томаска кайрылып: «Манжаңды бул жериме тийгизип, колдорумду карап көр+. Колуңду сунуп, капталыма тийгизип көр. Мындан ары шектенбе, ишен»,— деп айтты. 28  Ошондо Томас: «Мырзам, Кудайым!» — деди+. 29  Иса ага: «Мени көргөнүң үчүн ишенип калдыңбы? Көрбөй туруп ишенгендер бактылуу»,— деп айтты+.30  Иса шакирттеринин көз алдында дагы башка көптөгөн кереметтерди көрсөткөн. Бирок алар бул түрмөккө жазылган жок+. 

Жакан21:1—25

21  Андан кийин Иса Тиберия деңизинин жээгинде шакирттерине дагы бир жолу көрүндү. Бул мындайча болду:  Симон Петир, Эгиз деп да коюшкан Томас+, Галилеянын Каана шаарынан болгон Натанаел+, Зебедейдин уулдары+ жана дагы башка эки шакирт чогуу жүрүшкөн.  Симон Петир аларга: «Мен балык кармаганы баратам»,— деди. Алар: «Биз да сени менен барабыз»,— дешти. Ошентип, баары кайыкка түшүштү. Бирок ал түнү эч нерсе кармай алышкан жок+. Таң эрте Иса жээкте турган эле, бирок шакирттери аны тааныган жок+.  Иса алардан: «Балдар, жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурады. Алар: «Жок!» — деп жооп беришти.  «Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар»,— деди Иса+. Шакирттер торун салышты да, түшкөн балыктын көптүгүнөн аны кайра тартып чыгара албай калышты+.  Ошондо Исанын жакшы көргөн шакирти+ жанындагы Петирге+: «Бул — Мырзабыз!» — деди. Муну укканда кийимсиз жүргөн Симон Петир сырт кийимин кие калып, сууга секирди.  Ал эми калган шакирттер балыкка толгон торду сүйрөй кичирээк кайык менен жээкке сүзүп келишти. Алар жээктен анча алыс эмес жерде, 90 метрдей аралыкта болчу. Жээкке чыгып, алар чокту+ жана анын үстүндө жаткан балыкты көрүштү. Ал жерде нан да бар экен. 10  Иса аларга: «Кармаган балыгыңардан алып келгиле»,— деди. 11  Симон Петир кайыкка барып, чоң-чоң балыктарга толгон торду жээкке сүйрөп чыкты. Ичинде 153 балык бар экен. Балык ушунчалык көп болсо да, тор айрылбаптыр. 12  Иса аларды: «Келгиле, тамактанып алгыла»,— деп чакырды+. Шакирттердин эч кимиси андан: «Сен кимсиң?» — деп сураганга даай алган жок, себеби анын өздөрүнүн Мырзасы экенин билип турушту. 13  Иса басып келди да, нандан алып, аларга берди+. Ошондой эле балыктан да берди. 14  Бул Исанын тирилгенден кийин шакирттерине үчүнчү жолку көрүнүшү эле+.15  Тамактанып бүтүшкөндө Иса Симон Петирден: «Жакандын уулу Симон, буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү*+ — деп сурады. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү* билесиң да»,— деп жооп берди+. Иса ага: «Козуларымды бак»,— деди+. 16  Анан кайра: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү*+ — деп экинчи жолу сурады. Ал: «Ооба, Мырзам. Сени абдан жакшы көрөрүмдү* билесиң да»,— деди. Иса ага: «Койлорумду кайтар»,— деп айтты+. 17  Анан үчүнчү жолу: «Жакандын уулу Симон, мени жакшы көрөсүңбү*?» — деп сурады. Исанын: «Мени жакшы көрөсүңбү?» — деп үчүнчү жолу сураганына капаланып, Петир: «Мырзам, сен баарын билесиң+. Сени абдан жакшы көрөрүмдү* да билесиң»,— деди. Иса ага: «Койлорумду бак+. 18  Сага чындыкты айтып коёюн, жаш кезиңде өзүң кийинип, каалаган жагыңа барчусуң. Ал эми карыганыңда колуңду сунуп бересиң, ошондо башка бирөө кийиндирип+, каалабаган жагыңа алып барат»,— деди+. 19  Ал муну Петирдин Кудайды кандай өлүм+ менен даңктаарын+ билдириш үчүн айтты. Анан Петирге: «Мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деди+.20  Петир аркасын карап, алардын артынан Исанын жакшы көргөн шакирти+ келатканын көрдү. Ал шакирт мурун кечки тамак учурунда башын Исанын төш жагына жакындатып: «Мырзам, сага чыккынчылык кыла турган ким?» — деп сураган эле. 21  Аны көргөндө Петир Исадан: «Мырзам, булчу?» — деп сурады. 22  Иса: «Анын мен келгенге чейин+ болушун кааласам, сага эмне? Сен болсо мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деди. 23  Ошондон улам бир туугандардын арасында ал шакирттин өлбөй турганы жөнүндө сөз тарап кетти. Бирок Иса анын өлбөй турганын айткан эмес болчу. Ал: «Анын мен келгенге чейин болушун кааласам+, сага эмне?» — деп айткан эле.24  Ушулар жөнүндө күбөлөндүрүп, баарын жазган — ошол шакирт+. Биз анын күбөлөндүрүүсү чындык экенин билебиз+.25  Иса булардан башка дагы көптөгөн иштерди жасаган. Эгер алардын баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурса, жазылган түрмөктөр бул дүйнөгө батпай кетмек деп ойлойм

Элчилер1:1—26 

 Теопил+, биринчи билдирүүмдө мен Исанын эмнелерди кылып, эмнелер тууралуу окутканын+,  өзү тандап алган элчилерине ыйык рух аркылуу көрсөтмөлөрдү берип+, асманга көтөрүлгөн+ күнгө чейин кылган бардык иштерин баяндап жазгам.  Азап чегип өлгөндөн кийин Иса аларга кырк күн бою көрүнүп+, өзүнүн тирүү экенин көптөгөн ишеничтүү далилдер менен көрсөткөн жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген+.  Элчилерине жолукканда ал мындай буйрук берген: «Иерусалимден кетпей+, Атам убада кылганды күткүлө+. Силер ал жөнүндө менден уккансыңар.  Жакан сууга чөмүлдүргөн, силер болсо бир нече күндөн кийин ыйык рухка чөмүлтүлөсүңөр»+. Алар дагы бир жолу чогулганда Исадан: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын+ азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашты.  Ал: «Атам белгилеген*+ убакыт-мөөнөттөрдү билүүнүн силерге зарылдыгы жок+.  Бирок үстүңөргө ыйык рух түшкөндө+, күч аласыңар да, Иерусалимде+, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда+, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин+ менин күбөлөрүм болосуңар»,— деди+.  Ушуларды айткандан кийин алардын көзүнчө жогору көтөрүлдү да+, булут каптап, көрүнбөй калды+. 10  Ал көтөрүлүп баратканда+, элчилер асманды карап турушту. Күтүлбөгөн жерден алардын жанына ак кийимчен эки киши пайда болуп+: 11  «Галилеялык эркектер, эмнеге асманды карап турасыңар? Асманга алынып кеткен бул Иса, силердин көзүңөрчө асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой жол менен келет»,— дешти