Skip to content
Home » Кыямат Күнү: Хумаза жана Машайак

Кыямат Күнү: Хумаза жана Машайак

  • by

Хумаза Сүрөсү (104-Сүрөсү – «Жалаачы») бизди кыямат күнү тууралуу төмөнкүчө эскертет:

Тили жана кыймыл-аракети менен кайбат кылуучуга азап болсун! Ал мал-дүйнө топтоп, аны санады. Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт. Жок! (Андай болбойт) ал сөзсүз “быркыратуучуга” (тозокко) ыргытылат. “Быркыратуучу” эмне экенин билесиңби? Ал Аллахтын жагылган оту…

Хумаза 104:1-6

Хумаза сүрөсү , айрыкча, ач көздүктүн туткуну болуп, башкаларды жамандап жатсак, бизди Алланын каарынын оту күтөрү айтылат. Бирөөгө жардам берүүдөн эч качан баш тартпаган, бирөөнүн байлыгына көз артпай, жамандабаган, акча талашып-тартышпагандар, Кыяматта Алла Таала аларды аяп, каарынын туңгуюгуна батпай турганын үмүт кылса болот.

Бирок башкаларды кандай тагдыр күтүп турат?

Ыйса Машайак (алейхи салам) Алланын адилеттүү каарынан корккондорду куткаруу үчүн келген. Инжил мындай дейт :

“Мени: “Устат”, “Теңир”, – дейсиңер. Мунуңар туура, анткени Мен чынында эле Ошолмун. Мен Теңир жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз кожоюнунан жогору эмес, жиберилген адам жиберүүчүдөн жогору эмес. Эгерде ушул билгениңерди аткарсаңар, анда бактылуусуңар. Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун, Мен Өзүм тандап алган адамдарымды билем. Бирок Ыйык Жазуудагы “Мени менен бир дасторкондо отурган адам Мага согончогун көтөрдү” деген сөз аткарылышы керек. Мен бул сөздү силерге аткарыла электе эле айтып жатам, аткарылгандан кийин, Ошол Мен экендигиме ишенип каласыңар. Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, ким Мен жиберген адамды кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ал эми Мени кабыл алган адам Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот». Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса кайгырып, мындай деди: «Чындыкты, силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат».”

Жакан 13:13-21

Ыйса Машайак өзүн улуу күчкө ээ деп, атап айтканда, «асмандан түшкөнүн» айткан. Самариялык бир адам менен болгон маегинде (толугураак бул жерде ) Пайгамбар өзүн «Тирүү суу» деп атаган:

“Ыйса аялга: «Эгерде Кудайдын белеги эмне экендигин жана сенден суу сураган Ким экендигин билсең, сен Андан өзүң сурар элең, ошондо Ал сага тирүү суу бермек», – деп жооп берди. Аял Ага: «Мырза, суу сузуп алгыдай эч нерсең жок экен, кудук болсо терең, Сенде тирүү суу кайдан болсун? Сен, эмне, бизге ушул кудукту калтырган атабыз Жакыптан да чоңсуңбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушул кудуктан суу ичишкен», – деди. Ыйса аялга мындай деп жооп берди: «Бул суудан ичкен адам кайра эле суусайт. Ал эми Мен берген суудан ичкен адам түбөлүк суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айланат».”

Жакан 4:10-14

Машайактын бийлиги Тоорат Мусанын 6 күндүн ичинде дүйнө куруу жөнүндөгү пайгамбарлыктарында тастыкталат. Андан кийин Забур жана андан кийинки пайгамбарлар анын келүүсүнүн чоо-жайын алдын ала айтышып, Кудайдын планын ачып беришет. Бирок пайгамбар ага ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ болушу үчүн «асманга чыгышы » керек деп айтканда эмнени айткысы келген ? Бул жерде түшүндүрүлөт .

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *