Skip to content
Коран: Сура 37: 102-110 (Ас-Саффат) Таурат: Башталыш 22:1-18
У него родился сын, который вырос, достигнув того возраста, когда мог трудиться. И тогда Ибрахим подвергся испытанию, увидев определённый сон. Ибрахим сказал своему сыну: “О мой сын! Я видел во сне по внушению Аллаха, что я закалываю тебя в жертву, и посмотри, что ты думаешь об этом?” Праведный сын ответил: “О мой отец! Делай то, что твой Господь повелел тебе. Если так угодно Аллаху, ты найдёшь меня терпеливым”.

И когда отец и сын предались воле Аллаха, Ибрахим положил сына на кучу песка лицом вниз, готовясь заколоть его, Аллах, узнав искренность Ибрахима и его сына через это испытание, воззвал к нему как к другу: “О Ибрахим!

Ты оправдал Наше внушение (через видение) и не колебался в выполнении Нашего повеления. Этого с тебя достаточно. Мы Своё испытание облегчим награждением за твоё добродеяние. Так Мы награждаем добродеющих!”

Испытание, которому Мы подвергли Ибрахима и его сына – испытание, которое выявило их настоящую веру в Господа обитателей миров.

Мы выкупили его сына великой жертвой, чтобы он жил по повелению Аллаха Всевышнего.

Мы завещали потомству прославление и благословение его: “Мир Ибрахиму!”

Таким вознаграждением, отвратившим беду, Мы воздаём добродеющим за их повиновение Аллаху.

Ыбрайымдын ишениминин сыналышы
1Бир канча убакыттан кийин Кудай Ыбрайымды сынады.
– Ыбрайым! – деди Ал.
– Угуп жатам! – деп жооп берди Ыбрайым. 2Кудай:
– Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мория жерине бар. Ошол жерде, Мен сага айта турган тоолордун биринде аны өрттөлчү курмандыкка чал, – деди.
3Ыбрайым саарда туруп, эшегин токуду. Жанына эки кол баласын жана уулу Ыскакты алды. Курмандык үчүн отун жарды да, Кудай айткан жерге бет алды. 4Үчүнчү күн дегенде, Ыбрайым көз чаптырып, айтылган жерди алыстан көрдү. 5Ошондо эки кол баласына:
– Силер ушул жерде эшектин жанында калгыла. Уулум экөөбүз тетиги жерге барып, Кудайга ийбадат кылып, кайра келебиз, – деди.
6Ыбрайым Ыскактын жонуна курмандыкка даярдалган отунду артып, өзү колуна оттук менен бычакты алды да, экөө бирге жөнөдү. 7Анан Ыскак:
– Ата! – деп үн катты.
– Ии, балам, – деди Ыбрайым.
– Оттук менен отун бар, курмандыкка чала турган козу кана? – деди Ыскак.
8– Курмандыкка чалчу козуну Кудай Өзү караштырат, уулум, – деди Ыбрайым. Ошентип, экөө андан ары чогуу жолун улашты.
9Алар Кудай айткан жерге келишкенде, Ыбрайым курманжай куруп, үстүнө отунду койду. Анан баласын байлап, курманжайга коюлган отундун үстүнө жаткырды. 10Ыбрайым уулун мууздамакчы болуп, бычагын алганда,
11– Ыбрайым, Ыбрайым! – деди Жараткан Эгенин периштеси асмандан.
– Угуп жатам, – деп жооп берди Ыбрайым.
12– Балага тийбе, ага эч нерсе кылба! – деди периште. – Сенин Кудайдан коркоруңду билдим. Себеби сен Менден жалгыз уулуңду да аябадың.
13Ыбрайым башын көтөрүп, бадалга мүйүзүнөн чаташып калган бир кочкорду көрдү. Барып, аны уулунун ордуна бүт өрттөм курмандыгына чалды. 14Анан ошол жерди «Жараткан Эге караштырат» деп атады. Ошол себептен азыр да «Жараткан Эгенин тоосунда караштырылат» деп айтылат.
15Жараткан Эгенин периштеси көктөн Ыбрайымга экинчи ирет үн катты: 16«Мен сага Өз атым менен ант берем», – дейт Жараткан Эге. – «Бул ишти жасап, жалгыз уулуңду да аябадың, 17ошондуктан Мен сени жалгагандан жалгаймын. Тукумуңду асмандагы жылдыздай, деңиз жээгиндеги кум сыяктуу көбөйткөндөн көбөйтөмүн. Тукумуң душмандарынын шаарларын ээлейт. 18Мени укканың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер батамды алышат».