Skip to content

Различные законы

19 Жахаба Муса менен Арунга мындай деди: 2 «Жахаба аткарууну буйрук кылган мыйзам мындай: „Ысрайыл уулдарына айт, алар кемтиги жок+, моюнтурук салынбаган кызыл уй алып келишсин+. 3 Аны дин кызматчы Элазарга бергиле. Элазар уйду конуштун сыртына алып чыксын. Анан ал уйду анын көз алдында союшсун. 4 Дин кызматчы Элазар уйдун канына манжасын малып, жыйын чатырынын кире беришин көздөй жети жолу чачыратсын+. 5 Уйду анын көз алдында өрттөш керек. Терисин, этин кан-жини менен кошо+ өрттөш керек. 6 Дин кызматчы бал карагайдын бутагын+, иссоп өсүмдүгүн+ жана ачык кызыл түстөгү жүндү+ алып, күйүп жаткан уйдун үстүнө таштасын. 7 Анан кийими менен денесин жуусун. Ошондон кийин конушка кирсе болот, бирок кечке чейин таза эмес болот.
8 Уйду өрттөгөн киши да кийими менен денесин жуушу керек+, ал да кечке чейин таза эмес болот.
9 Таза киши өрттөлгөн уйдун күлүн чогултуп+, конуштун сыртындагы таза жерге коюп койсун. Аны Ысрайыл уулдарынын жамааты колдоно турган тазартуучу сууга кошуу үчүн сактап коюш керек+. Бул — күнөө курмандыгы. 10 Өрттөлгөн уйдун күлүн чогулткан киши да кийимин жуушу керек, ал кечке чейин таза эмес болот+.
Бул — Ысрайыл уулдары менен алардын арасында жашаган келгиндер түбөлүккө сакташы керек болгон көрсөтмө+. 11 Ким өлгөн кишинин* сөөгүнө тийсе+, жети күн таза эмес болот+. 12 Үчүнчү күнү ал өзүн суу менен тазаласын+, ошондо жетинчи күнү таза болот. Эгер үчүнчү күнү өзүн суу менен тазалабаса, жетинчи күнү таза болбойт. 13 Ким өлгөн кишинин сөөгүнө тийгенден кийин тазаланбаса, Жахабанын ыйык чатырын арамдаган болот+. Андай киши* Ысрайылдан жок кылынсын+. Ага тазартуучу суу+ чачыратылбагандыктан, ал таза эмес; ал таза эмес бойдон калат+.
14 Чатырдын ичинде кимдир бирөө өлүп калганда мындай мыйзам колдонулат: ошол учурда чатырга кирген же ага чейин эле анын ичинде жүргөн киши жети күн таза эмес болот. 15 Байланган капкак менен жабылбаган ар бир идиш+ таза эмес болуп калат. 16 Ким талаада жүрүп кылычтан өлгөн кишиге+ же өлгөн адамдын денесине же сөөгүнө+, же мүрзөсүнө тийсе, жети күн таза эмес болот. 17 Таза эмес болуп калган киши үчүн күнөө курмандыгы өрттөлгөндө калган күлдөн идишке салып, үстүнө агын суудан куюп коюш керек. 18 Андан кийин таза киши+ иссопту+ ошол сууга малып, чатырга, анын ичиндеги идиштер менен кишилердин* баарына чачыратышы керек. Ошондой эле өлгөн адамдын денесине же сөөгүнө, же өлтүрүлгөн кишиге, же мүрзөгө тийген адамга да ошол суудан чачыратышы керек. 19 Таза киши таза эмес кишиге үчүнчү жана жетинчи күнү ал суудан чачыратып, жетинчи күнү аны күнөөдөн тазалашы керек+. Тазаланып жаткан киши кийими менен денесин жуусун, ал кечинде таза болот.
20 Эгер таза эмес киши тазаланбаса, ал киши жыйналыштын ичинен жок кылынсын+, анткени ал Жахабанын ыйык жайын арамдаган болот. Ага тазартуучу суу чачыратылбагандыктан, ал таза эмес.
21 Түбөлүккө сакташ керек болгон көрсөтмө бул: тазартуучу сууну чачыраткан адам да, ал сууга тийген адам да, кийимин жуусун+. Ал кечке чейин таза эмес болот. 22 Таза эмес адам эмнеге тийсе, ошонун баары таза эмес болот+. Аларга тийген киши да кечке чейин таза эмес болот“»+.