Skip to content

Жакан17

17 Ушул сөздөрдү айткандан кийин Иса асманды карап+, мындай деп тиленди: «Ата, убакыт келди. Уулуң сени даңкташы үчүн, уулуңду даңктай көр+. 2 Анткени уулуң өзүнө тапшырылгандардын баарына+ түбөлүк өмүр бериши үчүн+, сен ага бүт адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң+. 3 Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн+, жалгыз чыныгы Кудай сени+ жана сен жиберген Иса Машаякты+ таанып-билүү зарыл+. 4 Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу+ менен мен сени жер үстүндө даңктадым+. 5 Ата, эми мени жаныңа алып, дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр+.
6 Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим+. Алар сеники болчу, мага бердиң. Алар сенин сөзүңдү сакташат. 7 Эми алар мага бергениңдин баары сенден экенин билишет. 8 Анткени мага айткан сөздөрүңдү аларга айттым+, алар баарын кабыл алышты жана сенден келгенимди чындап түшүнүп+, мени сен жибергениңе ишеништи+. 9 Мен алар үчүн суранып жатам. Дүйнө үчүн эмес+, мага тапшырган адамдарың үчүн суранып жатам, анткени алар сеники. 10 Мендегинин баары сеники, сендегинин баары меники+. Мен алардын арасында даңкталдым.
11 Мындан ары мен дүйнөдө болбойм, алар болсо дүйнөдө болушат+. Мен сага баратам. Ыйык Ата, мага берген өзүңдүн ысмың үчүн аларды коргой жүр+: алар биз сыяктуу бир болушсун+. 12 Алар менен жүргөнүмдө мага берген ысмың үчүн аларды коргоп+, сактап жүрдүм. Ыйык Жазмада айтылгандар аткарылышы үчүн+, өлүм уулунан+ башка эч кимиси жоголгон жок+. 13 Эми болсо сага баратам. Алар мендеги кубанычты толугу менен сезиши үчүн, мунун баарын дүйнөдөн кете элегимде айтып жатам+. 14 Мен аларга сенин сөзүңдү айттым. Дүйнө болсо аларды жек көрдү+, анткени мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес+.
15 Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, кара өзгөйдөн* коргошуңду өтүнөм+. 16 Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле+, алар да дүйнөгө таандык эмес+. 17 Аларды чындык аркылуу ыйыкта+. Сенин сөзүң+ — чындык+. 18 Сен мени дүйнөгө жибергендей эле, мен да аларды дүйнөгө жибердим+. 19 Алар да чындык аркылуу ыйыкталышы үчүн, мен өзүмдү алар үчүн ыйыктап жатам+.
20 Мен алар үчүн эле эмес, алардын сөзү аркылуу мага ишене тургандар үчүн да суранам+. 21 Ошентип, алардын бардыгы бир болсун+. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле+, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун+. Ушунун аркасында дүйнө мени сен жибергениңе ишенсин+. 22 Андан сырткары, экөөбүз бир болгондой эле, алар да бир болушу үчүн+, мага берген даңкыңды мен аларга бердим. 23 Мен алар менен биримдиктемин, сен да мени менен биримдиктесиң. Ушунун аркасында алар толук биримдикте болушсун+ жана дүйнө мени сен жибергениңди, ошондой эле аларды мени сүйгөндөй сүйөрүңдү билсин. 24 Ата, мага тапшырган адамдарыңдын мен боло турган жерде мени менен болуп+, мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени сен мени дүйнө+ негизделгенге чейин эле+ сүйчүсүң. 25 Адил+ Ата, дүйнө сени билбейт, мен болсо билем+. Булар да мени сен жибергениңди билишет+. 26 Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн+, сенин атыңды аларга ачып бердим+, дагы да ачып берем».