Skip to content

Он кыз жонундо окуя

Матай25:1—46

25  Асман Падышалыгын чырактарын көтөрүп+, үйлөнө турган жигитти+ тосуп чыккан он кызга салыштырууга болот.  Алардын бешөө акылсыз+, бешөө акылдуу+.  Акылсыздары чырактарын алганы менен, май албай чыгышат.  Ал эми акылдуулары чырактары менен кошо идиштерине май куя чыгышат.  Үйлөнө турган жигит кармалып жаткандыктан, алардын баары үргүлөп, уктап калышат+.  Түн ортосунда: „Жигит келатат! Тосуп чыккыла!“ — деген кыйкырык угулат+.  Ошондо кыздардын баары туруп, чырактарын даярдашат+.  Акылсыздары акылдууларына: „Майыңардан+ бир аз бергилечи, чырактарыбыз өчкөнү жатат“,— дешет.  Акылдуулары болсо+: „Бизге да, силерге да жетпей калып жүрбөсүн. Андан көрө, май саткандарга барып, сатып алгыла“,— деп жооп беришет. 10  Алар май сатып алганы кеткенде, жигит келип калат. Ошондо даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тою+ өткөн үйгө киришет, анан эшик жабылат. 11  Андан кийин берки кыздар келип: „Мырзам, мырзам, эшикти ачып койчу!“ — дешет+. 12  Ал болсо: „Мен силерди тааныбайм“,— деп жооп берет+.13  Ошондуктан сергек болгула+, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер+.14  Асман Падышалыгын башка өлкөгө кетерде+ кулдарын чакырып, аларга өзүнүн акча-каражатын тапшырган+ кишиге+ салыштырууга болот. 15  Ар биринин жөндөмдүүлүгүнө жараша+, ал бирөөнө беш, экинчисине эки, үчүнчүсүнө бир талант* берип, жолго чыгат. 16  Беш талант алган кул дароо барып, ал акчаны айландырып, дагы беш талант табат+. 17  Эки талант алганы дагы эки талант табат. 18  Ал эми бир талант алган кулу барып, кожоюнунун күмүш акчасын жерге көмүп коёт.19  Бир топ убакыт өткөндөн кийин+, кожоюну келип, кулдары менен эсептешет+. 20  Беш талант алган кул дагы беш талант алып келип: „Мырзам, сен мага беш талант берген болчусуң, мына, мен дагы беш талант таптым“,— дейт+. 21  Кожоюну ага: „Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул!+ Кичинекей нерседе ишенимдүү болгонуң үчүн+, сага чоң нерсени тапшырам+. Мырзаңдын кубанычына ортоктош бол“+,— деп айтат. 22  Андан кийин эки талант алганы келип: „Мырзам, сен мага эки талант берген болчусуң, мына, мен дагы эки талант таптым“,— дейт+. 23  Кожоюну ага: „Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей нерседе ишенимдүү болгонуң үчүн, сага чоң нерсени тапшырам+. Мырзаңдын кубанычына ортоктош бол“+,— деп айтат.24  Акырында бир талант алган кул келип+: „Мырзам, мен сенин сеппеген жерден жыйнап, сапырбаган жерден эгин чогулткан катаал киши экениңди билем. 25  Ошондуктан коркконуман+ барып, берген талантыңды көмүп койгом. Мына, өзүңдүкүн ал“,— дейт. 26  Ага кожоюну мындай дейт: „Жаман, жалкоо кул, сеппеген жерден жыйнап, сапырбаган жерден эгин чогултарымды билсең, 27  анда эмне үчүн талантымды акча айландыра тургандарга берген жоксуң? Кайтып келгенимде кирешеси менен албайт белем+.28  Мунун колунан талантты алып, он таланты бар кулга бергиле+. 29  Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат+. 30  Пайдасы жок бул кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат“+.
31  Адам Уулу+ өзүнүн даңкы менен, бүт периштелери менен келип+, даңктуу тактысына отурат+. 32  Ошондо анын алдына бүт элдер чогултулат+. Ал, койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй, адамдарды экиге+ бөлөт+. 33  Койлорду оң жагына+, эчкилерди сол жагына топтойт+.34  Анан Падыша оң жагындагыларга: „Атамдан бата алгандар+, келгиле, дүйнө негизделгенден бери+ силер үчүн даярдалган Падышалыкты+ мурастагыла+. 35  Анткени ачка болгонумда, мага тамак бергенсиңер+. Суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар. Жолоочу болуп жүргөнүмдө, меймандостук көрсөткөнсүңөр+. 36  Жылаңач калганымда+, кийинткенсиңер. Ооруганымда, кам көргөнсүңөр. Түрмөдө отурганымда+, келип тургансыңар“,— дейт. 37  Ошондо адил адамдар андан: „Мырзам, биз сенин качан ачка болгонуңду көрүп, тамак бердик эле? Качан суусаганыңды көрүп+, суусунуңду кандырдык эле?+ 38  Качан жолоочу болуп жүргөнүңдү көрүп, меймандостук көрсөттүк эле же жылаңач экениңди көрүп, кийинттик эле? 39  Качан ооруганыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, сага бардык эле?“ — деп сурашат. 40  Падыша+ аларга: „Силерге айтып коёюн, буларды менин эң кичине бир туугандарымдын+ бирине кылганыңар+ — мага кылганыңар“+,— деп жооп берет.41  Анан сол жагындагыларга: „Каргышка калгандар, кеткиле жанымдан!+ Ибилис менен анын периштелерине+ даярдалган түбөлүк отко түшкүлө+. 42  Анткени ачка болгонумда+, силер мага эч нерсе берген эмессиңер. Суусаганымда+, суусунумду кандырган эмессиңер. 43  Жолоочу болуп жүргөнүмдө, меймандостук көрсөткөн эмессиңер. Жылаңач калганымда, кийинткен эмессиңер+. Ооруганымда да, түрмөдө отурганымда да+, мага кам көргөн эмессиңер“,— дейт. 44  Ошондо алар: „Мырзам, качан сенин ачка болгонуңду же суусаганыңды, жолоочу болуп жүргөнүңдү же жылаңач калганыңды, ооруганыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, сага кызмат кылбай койдук эле?“ — деп сурашат. 45  Падыша аларга: „Силерге айтып коёюн, буларды менин эң кичине бир туугандарымдын бирине кылбаганыңар+ — мага+ кылбаганыңар“+,— деп жооп берет. 46  Ошентип, алар түбөлүккө жок кылынат+, ал эми адил адамдар түбөлүк өмүргө ээ болушат»