Skip to content

Матай 21:23 – 23:39

Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо

Матай
23  Иса ибадатканага кирип, элди окутуп жатканда, жанына жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары келип+: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+. 24  Иса аларга: «Мен да силерден бир нерсе сурайын. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам+. 25  Жакан чөмүлдүрүүгө бийликти каяктан алган эле? Асманданбы же адамдарданбы?» — деди+. Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал бизге: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+. 26  „Адамдардан“,— деп айталы десек, элден коркобуз+, анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет»+,— деп сүйлөшө башташты. 27  Анан Исага: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо ал мындай деди: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм+.28  Кандай деп ойлойсуңар? Бир кишинин эки уулу болгон экен+. Ал биринчисине барып: „Балам, бүгүн жүзүмзарга барып иштеп кел“,— деп айтат. 29  Баласы: „Макул, мырзам“+,— дейт, бирок барбай коёт. 30  Атасы экинчисине да барып, ошондой дейт. Ал баласы: „Барбайм“,— дейт. Бирок кийин өкүнүп+, иштегени барат. 31  Экөөнүн кайсынысы атасынын эркин аткарды?»+ Алар: «Экинчиси»,— дешти. Ошондо Иса мындай деди: «Ишенип койгула, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышалыгына силерден мурун баратышат. 32  Анткени Жакан силерге адилдиктин жолун көрсөткөнү келген+, бирок ага ишенбей койдуңар+. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар болсо ишеништи+. Силер баарын көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ага ишенген да жоксуңар.33  Дагы бир мисалды уккула: бир киши жүзүм отургузат да+, жүзүмзарын айландыра тосот. Анын ичине жүзүм сыккыч орнотуп, мунара салат+. Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, башка өлкөгө кетет+. 34  Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал жүзүмзарынын жемишинен алыш үчүн кулдарын багбандарга жөнөтөт. 35  Бирок багбандар аларды кармап алып, бирин сабашат, башкасын таш бараңга алышат, дагы бирин өлтүрүп салышат+. 36  Жүзүмзардын ээси кийинки жолу мурункудан да көп кулдарын жөнөтөт, бирок багбандар аларга да ошондой мамиле кылышат+. 37  Акырында ал: „Уулумду сыйлашар“ — деп, уулун жөнөтөт. 38  Аны көрүп, багбандар бири-бирине: „Бул — мурасчы+. Жүргүлө, өлтүрүп, мурасын ээлеп алалы!“ — деп айтышат+. 39  Анан аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына сүйрөп чыгып, өлтүрүп салышат+. 40  Кийин жүзүмзардын ээси келгенде, ал багбандарды эмне кылат?» 41  Алар: «Зулумдарды өлтүрүп+, жүзүмзарын түшүмүн өз убагында жыйнап бере турган башка багбандарга берет»,— дешти+.42  Ошондо Иса аларга мындай деди: «Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш+ бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды+. Бул Жахабадан, биздин көзүбүзгө таң калыштуу көрүнөт“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер? 43  Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет+. 44  Ким ал ташка жыгылса — жанчылат. Ал эми таш кимдин үстүнө куласа, аны басып калат»+.45  Бул мисалдарды укканда жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Исанын алар жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү+. 46  Алар аны кармаганга аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Исаны пайгамбар деп эсептечү

Matthew
22: 1-46

22  Иса аларга жооп берип жатып дагы мындай мисал келтирди+:  «Асман Падышалыгы уулунун үйлөнүү тоюн+ өткөргөн падышага окшош.  Ал өзүнүн кулдарын тойго келе тургандарды чакырганы жөнөтөт+, бирок алардын келгиси келбейт+.  Ал чакырылгандарга дагы башка кулдарын жиберип+: „Дасторконумду белендеп+, өгүздөрүм менен борго байланган малымды союп, баарын даярдап койдум. Тойго келгиле“,— деп айттырат+.  Бирок тигилер кайдыгерлик кылып, бири талаасына, экинчиси соода иштери менен кетип калат+.  Калгандары болсо кулдарды кармап алып, кордук көрсөтүп, өлтүрүп салышат+. Буга падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберет. Алар ошол киши өлтүргүчтөрдү кырып, шаарын өрттөп салышат+.  Анан падыша кулдарына: „Той даяр, бирок чакырылгандар татыксыз болуп калышты+.  Ошондуктан шаардын чоң көчөлөрүнө чыгып, кезиккендердин баарын тойго чакыргыла“,— дейт+. 10  Кулдар көчөлөргө чыгып, жолуккандардын баарын: жаманын да, жакшысын да чогултушат+. Ошентип, той өткөрүлчү жай конокко* толот+.11  Падыша меймандарды көргөнү кирип, тойго ылайыксыз кийим+ кийип келген бирөөнү байкайт. 12  Анан андан: „Дос, бул жерге ылайыксыз кийим менен кантип кирдиң?“+ — деп сурайт. Ал үндөбөйт. 13  Ошондо падыша кызматчыларына: „Мунун колу-бутун байлап, сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат“,— дейт+.14  Чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз»+.15  Ошондо фарисейлер кетип, Исаны сөзүнөн кармаш үчүн+ өз ара кеңешишти. 16  Анан ага өз шакирттерин Ироддун жактоочулары менен бирге жөнөтүштү+. Алар келип: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз. Сен эч кимге жагынбайсың, анткени адамдардын ээлеген абалына карабайсың+. 17  Ошондуктан, оюңду айтчы, падышага* киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?» — дешти+. 18  Иса алардын арам оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар, эки жүздүүлөр?+ 19  Салыкка төлөнчү тыйынды көрсөткүлөчү»,— деди. Ага бир динар алып келишти. 20  «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сурады Иса+. 21  Алар: «Падышанын»,— дешти. Ошондо Иса: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди+. 22  Муну укканда алар таң калышты, анан ал жерден кетишти+.23  Өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер ошол күнү Исага келип, мындай деп сурашты+: 24  «Устат, Муса: „Эгерде кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деген болчу+. 25  Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, тукумсуз өтүп кетти. Анын аялын экинчиси алды+. 26  Бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да, ошентип, жетөө тең бала көрбөй өтүп кетишти+. 27  Акырында аял да өлдү. 28  Өлгөндөр тирилгенде, ал жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары алышкан болчу»+.29  Иса мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүрөсүңөр+. 30  Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт+. Алар асмандагы периштелердей болушат. 31  Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Кудайдын силерге эмне деп айтканын окуган эмес белеңер?+ 32  Кудай: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген+. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы»+. 33  Муну уккан эл анын окутуусуна таң калды+.34  Исанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, фарисейлер чогула калышты. 35  Анан алардын арасынан Мыйзамды жакшы билген бирөө Исаны сынап+: 36  «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сурады+. 37  Ал мындай деди: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“+. 38  Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. 39  Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“+. 40  Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет»+.41  Фарисейлер чогуу турганда, Иса алардан+: 42  «Машаяк жөнүндө эмне деп ойлойсуңар? Ал кимдин уулу?» — деп сурады. Алар: «Дөөтүнүн»,— дешти+. 43  Ошондо Иса: «Анда эмне үчүн Дөөтү ыйык рухтун таасири менен+ аны „Мырзам“ деп атайт? 44  Ал: „Жахаба менин Мырзама: “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+,— дебеди беле? 45  Эгерде Дөөтү аны „Мырзам“ деп атаса, анда Машаяк кантип Дөөтүнүн уулу болсун?» — деп сурады+. 46  Буга эч ким эч нерсе деп жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып ага суроо берүүгө эч ким даабай калды+

Matthew
23: 1-39

23  Анан Иса элге жана шакирттерине+ мындай деди:  «Мусанын ордуна китепчилер+ менен фарисейлер отурду+.  Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла+, бирок кылгандарын кылбагыла+. Анткени алар айтарын айтышат, бирок өздөрү аткарышпайт.  Алар оор жүктөрдү таңып, башкалардын ийнине артып коюшат+, өздөрү болсо колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт+.  Алар бардык иштерин элге көрүнүш үчүн жасашат+. Ошондуктан тагынып жүргөн тумарларынын*+ көлөмүн чоңойтуп, кийимдеринин этегиндеги чачыларын+ узартышат.  Тойлордо төрдөн орун алууну+, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды+,  базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын+ жана „Устат*“ деп атаганын жакшы көрүшөт+.  Бирок силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар+. Силер болсо бир туугансыңар.  Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“*+ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10  „Жол башчы“ деп да аталбагыла+, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. 11  Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун+. 12  Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат+; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт+.13  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени башкалардын асман Падышалыгына киришине тоскоолдук кылып жатасыңар+. Өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарды да киргизбей жатасыңар+. 14  * ——15  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Диниңерди бир киши болсо да кабыл алышы үчүн, жер-суунун баарын кыдырып чыгасыңар. Ал эми ал максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе жаман, гээнага* таштала турган кишиге айлантасыңар.16  Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени: „Кимдир бирөө ибадаткананы оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми ибадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— дейсиңер+. 17  Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү: алтынбы же аны ыйык кылган ибадатканабы?+ 18  Ошондой эле силер: „Кимдир бирөө курмандык жайын оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми анын үстүндөгү тартууну оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— деп айтасыңар. 19  Сокурлар! Кайсынысы маанилүү: тартуубу же аны ыйык кылган курмандык жайыбы?+ 20  Курмандык жайын оозанып ант берген адам аны жана анын үстүндөгү нерселердин баарын оозанып ант берген болот. 21  Ибадаткананы оозанып ант берген адам аны жана анда жашаганды+ оозанып ант берген болот. 22  Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын+ жана анда отурганды оозанып ант берген болот.23  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, ашкөктүн, зиренин ондон бир бөлүгүн бересиңер+, бирок Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө+, кайрымдуулукка+, ишенимдүүлүккө+ маани бербейсиңер. Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле. 24  Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, чиркейди+ чыпкалайсыңар да, төөнү+ жутасыңар!25  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар+, бирок алардын ичи ач көздүккө+, ооздукталбаган каалоолорго толгон. 26  Сокур+ фарисей, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала+, ошондо сырты да таза болот.27  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени акталган мүрзөлөргө окшошсуңар+. Алар сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлгөндөрдүн сөөктөрүнө, ар кандай ыпыластыкка толгон. 28  Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан адил болуп көрүнөсүңөр+, бирок ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.29  Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын мүрзөлөрүн кооздойсуңар да+: 30  „Ата-бабаларыбыздын күндөрүндө жашасак, аларга кошулуп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз“,— дейсиңер+. 31  Ошентип, пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди+ өзүңөр эле айтып жатасыңар. 32  Анда ата-бабаларыңардын кыянат иштерин уланта бергиле+.33  Жыландар, кара чаар жыландын тукумдары+, гээнага ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?+ 34  Ошон үчүн мен силерге пайгамбарларды, акылман адамдарды, насаатчыларды+ жиберип жатам+. Алардын кээ бирлерин өлтүрөсүңөр+, устунга кадайсыңар, айрымдарын синагогаларыңарда уруп-сабап+, шаардан шаарга кууп, куугунтуктайсыңар. 35  Ошентип, адил Абылдан+ тартып ибадаткана менен курмандык жайынын ортосунда силер өлтүргөн Берехиянын уулу Закарыяга+ чейинки жер үстүндөгү бардык адил адамдардын төгүлгөн каны+ силердин мойнуңарда болот+. 36  Силерге айтып коёюн, бул муун ушунун бардыгы үчүн жоопко тартылат+.37  Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп+, өзүңө жиберилгендерди+ таш бараңга алган+ Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай+, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар+. 38  Мына, үйүңөр*+ кароосуз калтырылат!+ 39  Силерге айтып коёюн, силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“+ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр».