Skip to content

 .Башчыга. «Таң маралы». Дөөтүнүн ыры.
22 Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?+
Эмнеге мени куткарбайсың?+
Эмнеге кыйкырыгымды укпайсың?+
2 Оо, Кудайым, сени күндүз чакырсам да, жооп бербейсиң+.
Түнкүсүн да үнүм басылбайт+.
3 Бирок сен ыйыксың+,
Ысрайылдын даңктоосуна бөлөнгөнсүң+.
4 Ата-бабаларыбыз сага таянган+,
Сага таянышкандыктан, аларды куткарып тургансың+.
5 Алар сени чакырып+, аман калышкан+,
Сага таянып, уят болушкан эмес+.
6 Мен адам эмес эле куртмун+,
Баарына күлкүмүн, элге жек көрүндүмүн+.
7 Мени көргөндөрдүн баары шакаба чегишет+,
Ооздорун чоң ачып, баштарын чайкашат+.
8 «Жахабага таянчу эмес беле+, эми Ал сактап калсын!+
Ушунчалык эле жакшы көрсө, куткарып алсын!» — дешет+.
9 Сен мени энемдин курсагынан чыгаргансың+,
Эмчектеги кезимде эле коргоп жүргөнсүң+.
10 Төрөлгөнүмөн тартып сенин колуңа тапшырылгам+,
Энемдин курсагында жаткандан бери сен менин Кудайымсың+.
11 Менден алыстаба, анткени кырсык жакындап келатат+,
Сенден башка жардамчым жок+.
12 Мени букачарлар курчап алды+,
Башандын күчтүү букалары тегеректеп алды+.
13 Олжосун жара тартып жиберчү арылдаган арстандай болуп+,
Алар мага тишин кайрап жатышат+.
14 Мен суудай төгүлдүм+,
Сөөктөрүм бири-биринен ажырап калды+,
Жүрөгүм момго айланды+,
Ичимде балкып эриди+.
15 Дарманым кетип, карапанын сыныгындай какжырап калдым+,
Тилим таңдайыма жабышты+,
Сен мени өлүм оруна салдың+.
16 Мени душмандарым, иттердей болуп, тегеректеди+,
Кыянатчылдардын тобу курчап алды+.
Алар, арстандай болуп, колу-бутума тишин салып жатышат+.
17 Сөөгүмдүн баары саналгыдай болуп калды+.
Душмандарым мени карап, көздөрүн албай тиктеп турушат+.
18 Алар кийимимди өз ара бөлүп жатышат+,
Кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат+.
19 Оо, Жахаба, менден алыстаба+,
Оо, күч-кубатым+, жардамга шашыл+.
20 Жанымды кылычтан куткар+,
Жалгыз өмүрүмдү жапайы иттен сакта+.
21 Мени арстандын азуусунан сакта+,
Мага жооп бер, жапайы буканын мүйүзүнөн сакта+.
22 Мен болсо сенин ысмыңды бир туугандарыма+ жарыялайм+,
Жыйналышта сени даңктап ырдайм+.
23 Жахабадан корккондор, Аны мактагыла!+
Жакыптын бардык урпактары, Аны даңктагыла!+
Ысрайылдын бардык урпактары, Анын алдында сестенгиле!+
24 Анткени ал кыйналгандын азап-кайгысына кайдыгер караган жок+,
Андан жийиркенген жок+,
Жүзүн жашырган жок+,
Жардамга чакырганда, үнүн укту+.
25 Сени чоң жыйналышта даңктайм+,
Берген анттарымды сенден корккондордун алдында аткарам+.
26 Мүнөзү жумшактар ичип-жеп, тоюнушат+,
Жахабаны издегендер аны даңкташат+.
Алардын жүрөгү түбөлүк соксун+.
27 Жердин булуң-бурчундагылар Жахабаны эстеп, ага кайтып келет+.
Бардык элдердин уруулары сага таазим кылат+.
28 Анткени Жахаба — Падыша+,
Ал элдерди башкарат+.
29 Жер жүзүндөгү байлардын баары тойлошот, таазим кылышат+,
Топуракка жата тургандардын баары Анын алдында тизе бүгүшөт+.
Бири да өз жанын аман алып кала албайт+.
30 Ага тукум кызмат кылат+,
Жахаба жөнүндө келерки муунга жарыяланат+.
31 Алар келип, анын адилдиги тууралуу айтып беришет+.
Төрөлө турган элге анын ишин жарыялашат+.
Мурункусу