Skip to content

Ыйса убада кылган Ыйык Рух

1-2Ыйса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта Өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем. 3Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып берди. 4Андан соң, алар менен бирге отурганда:
– Иерусалимден кетпей, Атабыз убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер Ал жөнүндө Менден уккансыңар. 5Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр, – деди.
6Элчилер Ыйсадан мындай деп сурашты:
– Эгебиз, Сенин Ысрайыл падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби?
7Ыйса аларга:
– Атабыз Өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес. 8Үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, Анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин Мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер, – деп жооп берди.
Ыйсанын асманга көтөрүлүшү
9Ыйса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң, элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти. 10Элчилер Анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти:
– 11Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул – Ыйса, Аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүпкетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет.
Элчилер 1-11