Skip to content

Жакан 13 – 16

13 Иса бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы+ келип калганын пасах майрамына чейин эле билчү+. Ал бул дүйнөдөгү шакирттерин сүйдү+, аларды акырына чейин сүйдү. 2 Кечки тамак учуру эле. Ибилис буга чейин эле Симон уулу Жүйүт Искариоттун жүрөгүнө Исага чыккынчылык кылуу жөнүндө+ ой салып койгон болчу+. 3 Иса Атасынын бардык нерсени өзүнүн колуна тапшырганын+ жана өзүнүн Кудайдан келип, кайра ага баратканын билчү+. 4 Ал дасторкондон туруп, сырт кийимин чечти да, белине сүлгү байлады+. 5 Анан чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин бутун жууп+, белиндеги сүлгү менен аарчый баштады. 6 Симон Петирдин жанына келгенде, ал: «Мырзам, сен менин бутумду жууйсуңбу?» — деди+. 7 Иса ага: «Менин эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»,— деди+. 8 Петир: «Мен сага бутумду эч качан жуудуртпайм»,— деди. Иса болсо: «Эгер жуубасам+, мени менен үлүшүң болбойт»,— деп айтты. 9 Ошондо Петир: «Мырзам, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да жуу»,— деди. 10 Буга Иса: «Жуунган киши+ таптаза болгондуктан, бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты. 11 Ал кимдин чыккынчылык кыларын билгендиктен+: «Араңардан бирөө таза эмес»,— деп айтты.

12 Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, сырт кийимин кийген соң Иса кайрадан дасторконго отурду да, аларга мындай деди: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? 13 Мени „Устат“+, „Мырза“ дейсиңер+. Мунуңар туура, анткени мен, чынында эле, Устатмын+, Мырзамын. 14 Эгер мен Мырза, Устат болуп туруп бутуңарды жуусам+, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек+. 15 Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым+. 16 Силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз мырзасынан жогору эмес, ошондой эле жиберилген өзүн жибергенден жогору эмес+. 17 Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар+. 18 Баарыңар жөнүндө айтып жаткан жокмун. Мен өзүм тандап алгандарды билем+. Бирок Ыйык Жазмадагы: „Нанымды жеп жүргөн киши мага каршы чыкты*“+,— деген сөздөр ушундайча аткарылышы керек+. 19 Булар аткарылганда, келиши керек болгондун өзү мен экениме ишенишиңер үчүн, силерге муну аткарыла электе эле айтып жатам+. 20 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мен жибергендерди кабыл алса, ал мени да кабыл алган болот+. Ал эми ким мени кабыл алса, ал мени жибергенди да кабыл алган болот»+.
21 Ушуларды айткандан кийин Иса катуу кайгырып: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө мага чыккынчылык кылат»,— деп ачык айтты+. 22 Шакирттери анын ким жөнүндө айтканын түшүнбөй, бири-бирин карай башташты+. 23 Алардын бири Исанын жанында* жамбаштап жаткан эле. Иса аны жакшы көрчү+. 24 Симон Петир ага ымдап белги берди да: «Айтчы, ким жөнүндө айтып жатат?» — деди. 25 Тиги болсо башын Исанын төш жагына жакындатып: «Мырзам, ал ким?» — деп сурады+. 26 Иса: «Бир үзүм нанды табакка малып, кимге берсем, ал — ошол»+,— деп жооп берди. Анан нанды табакка малып, Симон Искариоттун уулу Жүйүткө сунду. 27 Ал нанды алгандан кийин, ичине Шайтан кирди+. Ошондо Иса Жүйүткө: «Кылып жаткан ишиңди батыраак кыл»,— деди. 28 Бирок дасторкондо отургандардын эч кимиси Исанын ага эмне үчүн ошентип айтканын түшүнгөн жок. 29 Акча салынган куту Жүйүттө болгондуктан+, кээ бирөөлөрү Иса ага майрамга карата керектүү нерселерди сатып алууну же жакырларга бир нерсе берүүнү буйруду деген ойдо калышты+. 30 Исанын колунан нанды алгандан кийин Жүйүт дароо сыртка чыгып кетти. Түн эле+.
31 Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Иса мындай деди: «Азыр адам Уулу даңкталып жатат+. Ал эми ал аркылуу Кудай даңкталууда. 32 Кудай аны өзү даңктайт+, аны ошол замат даңктайт. 33 Балдар+, силер менен дагы бир аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер. Бирок жүйүттөргө: „Мен бара турган жакка силер бара албайсыңар“+,— деп айткан сөздөрүмдү азыр силерге да айтам. 34 Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй+, силер да бири-бириңерди сүйгүлө+. 35 Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»+.
36 Симон Петир андан: «Мырзам, кайда баратасың?» — деп сурады. Иса: «Мен бараткан жакка сен азыр бара албайсың, кийин барасың»,— деп жооп берди+. 37 Буга Петир: «Мырзам, эмнеге азыр артыңдан бара албайм? Сен үчүн жанымды да кыюуга даярмын»,— деди+. 38 Ошондо Иса: «Мен үчүн жаныңды кыюуга да даярсыңбы? Сага чындыкты айтып коёюн, короз кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты

14 Иса: «Жүрөк заада болбогула+. Кудайга ишенгиле+, мага да ишенгиле+. 2 Атамдын үйүндө орун көп+. Болбосо минтип айтпайт болчумун. Мен силерге орун даярдаганы баратам+. 3 Барып, орун даярдаганымда кайра келем да+, силер да менин жанымда болушуңар үчүн+, силерди алып кетем+. 4 Мен бараткан жакка алып барчу жолду силер билесиңер»,— деди.
5 Томас+ ага: «Мырзам, биз сенин каякка баратканыңды билбейбиз+. Анан кантип ал жолду билмек элек?» — деди.
6 Иса: «Мен жолмун+, чындыкмын+ жана өмүрмүн+. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт+. 7 Эгерде мени билсеңер, анда Атамды да билесиңер. Ушул убактан тартып силер аны билесиңер. Силер аны буга чейин көргөнсүңөр»,— деп жооп берди+.
8 Ошондо Филип: «Мырзам, Атаңды көрсөтчү, бизге ошол эле жетиштүү»,— деп айтты.
9 Иса ага мындай деди: «Филип, мен ушунча убактан бери силер менен жүрөм, ошондо да мени биле элексиңби? Мени көргөн адам Атамды да көрдү+. „Атаңды көрсөтчү“,— дегениң кандай?+ 10 Же менин Атам менен, ал эми Атамдын мени менен биримдикте экенине ишенбейсиңби?+ Мен силерге өз оюман айтып жаткан жокмун. Мени менен биримдикте болгон Атам өзүнүн иштерин кылып жатат+. 11 Менин Атам менен, Атамдын мени менен биримдикте экенине ишенгиле. Мага ишенбесеңер, жасаган иштеримди көрүп ишенгиле+. 12 Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт+, анткени мен Атама баратам+. 13 Менин атыман эмне сурабагыла, Атасы Уулу аркылуу даңкталышы үчүн, баарын аткарам+. 14 Менин атыман эмне сурабагыла, аны аткарам.
15 Эгерде мени сүйсөңөр, осуяттарымды аткарасыңар+. 16 Мен Атамдан суранам, ошондо ал силерге башка жардамчыны* берет. Ал силер менен түбөлүккө болот+. 17 Ал жардамчыны — чындык рухун+ — бул дүйнө ала албайт+, анткени аны көрбөйт да, билбейт. Силер болсо билесиңер, себеби ал силер менен жана силердин ичиңерде+. 18 Мен силерди жетимсиретпейм+, сөзсүз кайра келем. 19 Бир аздан кийин дүйнө мени көрбөй калат+, ал эми силер көрөсүңөр+, анткени мен жашап жаткандыктан, силер да жашайсыңар+. 20 Ошол күнү Атам менен биримдикте экенимди, силер мени менен жана мен силер менен биримдикте экенимди билесиңер+. 21 Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт+. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт. Аны мен да сүйөм жана ага өзүмдү ачып берем».
22 Ошондо Жүйүт+ (Искариот эмес) Исадан: «Мырзам, эмнеге өзүңдү дүйнөгө эмес, бизге ачып бергени жатасың?» — деп сурады+.
23 Иса мындай деп жооп берди: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат+. Ошондуктан Атам аны сүйөт жана Атам экөөбүз келип, аны менен чогуу болобуз+. 24 Ал эми ким мени сүйбөсө, ал менин сөздөрүмдү аткарбайт. Силер угуп жаткан сөз меники эмес, мени жиберген Атамдыкы+.
25 Муну мен азыр араңарда жүргөнүмдө айтып жатам. 26 Кийин Атам менин атыман жибере турган жардамчы, ыйык рух, силерге баарын үйрөтүп, айткандарымдын бардыгын эсиңерге салат+. 27 Мен силерге тынчтык калтырып жатам+, өзүмдүн тынчтыгымды берип жатам. Аны дүйнө бергендей берип жаткан жокмун. Ошондуктан жүрөгүңөр түпөйүл болуп, коркунучтан кысылбасын. 28 Силерге: „Мен кетип баратам, кайра келем“,— деп айтканымды уктуңар. Эгерде мени чындап сүйсөңөр, Атама баратканыма сүйүнмөксүңөр, анткени Атам менден чоң+. 29 Булар аткарылганда, ишенишиңер үчүн, мен силерге алдын ала айттым+. 30 Эми силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу+ келатат. Менин үстүмөн анын бийлиги жок+. 31 Бирок дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса+, ошону аткарам. Тургула, бул жерден кетели.

15 Мен чыныгы жүзүм сабагымын+, Атам болсо багбан+. 2 Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал кыйып салат+, ал эми жемиш бергенин, дагы көбүрөөк жемиш бериши үчүн+, тазалап, бутайт+. 3 Силер мен айткан сөз аркылуу тазаландыңар+. 4 Мени менен биримдикте болгула, ошондо мен да силер менен биримдикте болом+. Бутак өз алдынча жемиш бере албагандай эле, силер да мени менен биримдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар+. 5 Мен жүзүм сабагымын, силер болсо бутактарсыңар. Ким мени менен биримдикте болсо жана мен да аны менен биримдикте болсом, ал көп жемиш берет+. Ал эми менсиз эч нерсе кыла албайсыңар. 6 Ким мени менен биримдикте болбосо, ал кыйылып ташталган, куурап калган бутакка окшош. Андай бутактар чогултулуп, отко ыргытылат+. 7 Эгер мени менен биримдикте болсоңор жана сөздөрүмдү жүрөгүңөрдө сактасаңар, каалаганыңарды сурагыла — орундалат+. 8 Силер көп жемиш берип, шакирттерим экениңерди далилдеп жатканыңардан улам Атам даңкталып жатат+. 9 Атам мени сүйгөндөй эле+, мен да силерди сүйөм. Менин сүйүүмдөн айрылбагыла. 10 Мен Атамдын осуяттарын аткарып+, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар+, сүйүүмдөн айрылбайсыңар.
11 Муну силерге менин кубанычымды толук сезишиңер үчүн айтып жатам+. 12 Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө+. 13 Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок+. 14 Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар+. 15 Эми силерди кул деп атабайм, анткени кул кожоюнунун эмне кылып жатканын билбейт. Мен силерди досторум деп атадым+, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим+. 16 Силер мени эмес, мен силерди тандадым жана дайыма көп жемиш беришиңер үчүн+, жемишиңер түбөлүккө сакталышы үчүн дайындадым. Ошондуктан Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал силерге берет+.
17 Буларды силерге бири-бириңерди сүйүшүңөр үчүн айтып жатам+. 18 Эгерде дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле+. 19 Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, дүйнө өзүнүкүн сүймөк+. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан+ жана мен силерди дүйнөдөн тандап алгандыктан, дүйнө силерди жек көрөт+. 20 Силерге айткан сөзүм эсиңерде болсун: кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат+. Эгер менин сөзүмдү сакташса, силердин да сөзүңөрдү сакташат. 21 Мунун баарын силерге менин шакирттерим болгонуңар үчүн кылышат, анткени мени жибергенди билишпейт+. 22 Эгер келбесем жана эч нерсе айтпасам, алар күнөөкөр болушмак эмес+. Азыр болсо аларда күнөөсүн актоого эч негиз жок+. 23 Ким мени жек көрсө, ал Атамды да жек көрөт+. 24 Эгерде менден башка эч ким көрсөтпөгөн кереметтерди алардын арасында көрсөтпөсөм+, күнөөкөр болушмак эмес+. Бирок кереметтеримди көрүшкөнүнө карабай алар мени да, Атамды да жек көрүшөт+. 25 Бул алардын Мыйзамындагы: „Мени себепсиз эле жек көрүштү“+,— деген сөздүн аткарылышы үчүн болду. 26 Мен силерге Атамдан жардамчы жиберем+. Атамдан келе турган ал чындык руху мен жөнүндө күбөлөндүрөт+. 27 Силер да мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр+, анткени башынан эле мени менен болдуңар.16 Бул сөздөрдү силерге ишенимден тайбашыңар үчүн айттым+. 2 Силерди синагогалардан чыгарышат+. Ал тургай, силерди өлтүрүп жаткандардын ар бири „Кудайга ыйык кызмат кылып жатам“ деп ойлой турган убак келет+. 3 Алар Атамды да, мени да таанып-билбегендиктен ошентишет+. 4 Ошол убак келгенде, айткан сөздөрүмдү эстешиңер үчүн, ушунун баарын алдын ала айтып жатам+.
Араңарда жүргөндүктөн буларды башында айткан эмесмин. 5 Азыр болсо мени жибергенге баратам+. Эч кимиңер менден: „Каякка баратасың?“ — деп сураган жоксуңар. 6 Бирок айткан сөздөрүмдөн улам жүрөгүңөрдү кайгы басты+. 7 Силерге чындыкты айтып жатам: менин кеткеним силер үчүн жакшы. Анткени кетпесем, жардамчы+ келбейт. Ал эми кетсем, аны силерге жиберем. 8 Ал келгенде дүйнөгө күнөө, адилдик, сот+ деген эмне экенин айкын көрсөтөт. 9 Адегенде күнөө деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени адамдар мага ишенбей жатышат+. 10 Анан адилдик деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени мен Атама баратам. Мени мындан ары көрбөйсүңөр. 11 Андан кийин болсо сот деген эмне экенин көрсөтөт+, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусуна өкүм чыгарылды+.
12 Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар+. 13 Ал эми жардамчы — чындык руху — келгенде+, чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт. Себеби ал өз атынан сүйлөбөйт, эмнени укса, ошону гана айтат жана алдыда эмне болорун билдирет+. 14 Ал мени даңктайт+, анткени менден алганын силерге билдирет+. 15 Атам өзү билген нерселердин баарын мага айткан+. Ошондуктан: „Менден алганын силерге билдирет“,— деп айттым. 16 Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр+, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр».
17 Ошондо кээ бир шакирттери: «Анын: „Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр“, „Анткени мен Атама баратам“,— деген сөздөрүн кандай түшүнсө болот?» — деп өз ара сүйлөшө башташты. 18 Алар: «„Бир аздан кийин“ дегени эмнеси? Эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнгөн жокпуз»,— деп жатышты. 19 Иса алардын суроо бергиси келип жатканын билип+, мындай деди: «„Бир аздан кийин мени көрбөйсүңөр, анан дагы бир аздан кийин кайра көрөсүңөр“,— деген сөздөрүмдү түшүнбөй, бири-бириңерден сурап жатасыңарбы? 20 Силерге чындыкты айтып коёюн, силер боздоп ыйлайсыңар+, дүйнө болсо кубанат. Кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат+. 21 Ай-күнү жетип, төрөп жатканда аял кыйналат+. Бирок төрөгөндөн кийин дүйнөгө адам келгенине кубанып, кыйналганын унутуп коёт. 22 Силер да азыр кайгырып жатасыңар, бирок мен силерди кайрадан көргөндө, жүрөгүңөр кубанычка толот+ жана ал кубанычыңарды эч ким тартып ала албайт. 23 Ошол күнү+ менден эч нерсе тууралуу сурабайсыңар. Силерге чындыкты айтып коёюн, Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла+, ал берет+. 24 Ушу кезге чейин менин атымдан эч нерсе сураган эмессиңер. Сурагыла — аласыңар. Ошондо кубанычыңар толук болот+.
25 Буларды силерге салыштыруулардын жардамы менен айтып жатам+. Бирок салыштырууларды колдонбой, Атам жөнүндө ачык айтып бере турган убак келатат. 26 Ошол күнү Атамдан менин атымдан сурайсыңар. Мен силер үчүн суранарымды айтып жаткан жокмун. 27 Себеби мени жакшы көрүп+, Атамдан келгениме ишенгениңер үчүн+, Атам да силерди жакшы көрөт. 28 Мен дүйнөгө Атамдан келгем. Азыр болсо дүйнөнү калтырып, Атама баратам»+.
29 Ошондо шакирттери: «Эми салыштырууларды колдонбой, ачык сүйлөп жатасың. 30 Азыр биз сенин баарын билериңди+, сага суроо берүүнүн зарылдыгы жок экенин билдик+. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз»,— дешти+. 31 Иса аларга мындай деди: «Азыр ишенип жатасыңарбы? 32 Мына, ар кимиңер өз үйүңөргө качып+, мени жалгыз калтырып кете турган убак келатат, атүгүл келип да калды. Бирок мен жалгыз эмесмин, анткени Атам мени менен+. 33 Мунун баарын мен аркылуу тынчтыкка ээ болушуңар үчүн айттым+. Дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»