Skip to content

Матай 5-7

5 Калың элди көрүп, Иса тоого чыкты. Ал отургандан кийин, жанына шакирттери келди. 2 Ошондо ал мындай деп насаат айта баштады:
3 «Рухий муктаждыгын сезгендер* бактылуу+, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык+.
4 Кайгыргандар бактылуу, анткени алар сооронушат+.
5 Мүнөзү жумшактар* бактылуу+, анткени алар жерди мурасташат+.
6 Адилдикти эңсегендер* бактылуу+, анткени алар канааттанышат+.
7 Кайрымдуулар бактылуу+, анткени аларга кайрымдуулук көрсөтүлөт.
8 Жүрөгү тазалар бактылуу+, анткени алар Кудайды көрүшөт+.
9 Тынчтыкка умтулгандар* бактылуу+, анткени алар Кудайдын уулдары деп аталышат+.
10 Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу+, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык.
11 Мен үчүн кордук көрсөңөр+, куугунтукталсаңар+ жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар. 12 Кубанып-шаттангыла+, анткени асмандагы сыйлыгыңар+ чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан+.
13 Силер жердин тузусуңар+. Туз күчүн жоготсо, аны кантип калыбына келтирүүгө болот? Ал ыргытылып+, тепсендиде калгандан башка эч нерсеге жарабай калат.
14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар+. Тоонун үстүнө жайгашкан шаар көрүнбөй калбайт. 15 Адамдар чыракты күйгүзүп, үстүнө өлчөгүч идишти көмкөрүп коюшпайт+, аны чыракпаяга коюшат. Ошондо жарык үйдүн ичиндегилердин баарына тиет. 16 Башкалар жакшы иштериңерди көрүп+, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн+, силердин да жарыгыңар+ алардын алдында жаркырап турсун.
17 Мени Мыйзамды же пайгамбарлардын сөздөрүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула+. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим+. 18 Силерге айтып коёюн, асман менен жер жок болуп кеткен күндө да+, Мыйзамдын эң кичинекей тамгасы, атүгүл тамганын бир сызыгы да жок болбойт, баары аткарылат+. 19 Ошондуктан кимде-ким андагы эң кичинекей осуяттардын бирин бузса+ жана башкаларды да ошого үйрөтсө, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыксыз болот*+. Ал эми ким аларды аткарса жана башкаларды да ошого үйрөтсө+, ал асман Падышалыгына кирүүгө татыктуу деп табылат*+. 20 Силерге айтып коёюн, эгерде адилдигиңер китепчилер менен фарисейлердикинен жогору болбосо+, асман Падышалыгына кирбейсиңер+.
21 Байыркы убакта жашагандарга: „Киши өлтүрбө+. Ким киши өлтүрсө+, ал сот алдында жооп берет“+,— деп айтылганын уккансыңар. 22 Мен болсо силерге мындай дейм: бир тууганына каарданганын токтотпогон ар бир адам+ сот алдында жооп берет+; ким бир тууганын оозго алгыс сөздөр менен кордосо, ал Жогорку соттун* алдында жооп берет, ал эми ким бир тууганына: „Жеткен акылсызсың!“ — десе, ал оттуу гээнага* ташталат+.
23 Курмандык жайына* курмандык алып келгениңде+, ал жерден бир тууганыңдын сага нааразычылыгы бар экенин эстесең+, 24 курмандыгыңды ошол жерге калтыргын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш+, ошондон кийин гана курмандыгыңды чал+.
25 Сага каршы арызданган адам+ менен сотко баратканыңда эле элдешип ал, болбосо ал сени сотко, сот болсо өкүмдү ишке ашыруучуга өткөрүп берет да, түрмөгө түшөсүң. 26 Сага айтып коёюн, сокур тыйыныңа чейин төлөп бермейин, ал жерден чыкпайсың+.
27 Силер: „Ойноштук кылба“+,— деп айтылганын уккансыңар. 28 Мен болсо силерге мындай дейм: аялды кумарлануу менен карай берген ар бир адам+ жүрөгүндө+ аны менен ойноштук кылган болот+. 29 Ошондуктан сени оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер+. Себеби бүт денең гээнага ыргытылгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы+. 30 Ошондой эле оң колуң күнөөгө түртсө, аны кесип сал да, ыргытып жибер+. Себеби бүт денең гээнага ташталгандан көрө, мүчөлөрүңдүн биринен айрылганың жакшы.
31 Андан сырткары: „Аялы менен ажырашкан адам+ ага талак кат жазып берсин“+,— деп айтылган. 32 Мен болсо силерге мындай дейм: аялы менен бузуктуктан+ башка себеп менен ажырашкан ар бир адам анын ойноштук кылышына себепкер болот+ жана ажырашкан аялга* үйлөнгөн адам ойноштук кылган болот+.
33 Ошондой эле байыркы убакта жашагандарга: „Антыңды бузба+, Жахабага берген антыңды аткар“+,— деп айтылганын уккансыңар. 34 Мен болсо силерге мындай дейм: такыр ант бербе+; асманды оозанып ант бербе, анткени ал — Кудайдын тактысы+, 35 жерди оозанып да ант бербе, анткени ал — Анын таман асты+, Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал — улуу Падышанын шаары+. 36 Башыңды оозанып да ант бербе, анткени чачыңдын бир талын да кара же ак кыла албайсың. 37 „Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин+, мындан башканын баары кара өзгөйдөн*+.
38 Силер: „Көзгө көз, тишке тиш“+,— деп айтылганын уккансыңар. 39 Мен болсо силерге мындай дейм: жаман адамга каршылык көрсөтпө, тескерисинче, оң жаагыңа чапканга сол жаагыңды тосуп бер+. 40 Ошондой эле кимдир бирөө сени менен соттошуп, ички кийимиңди алгысы келсе, ага сырт кийимиңди да бер+. 41 Бийлиги бар бирөө сени бир чакырым* жол жүрүүгө мажбурласа, аны менен эки чакырым жол жүр+. 42 Сураган адамга бер, карыз алгысы келгенден жүзүңдү бурба+.
43 Силер: „Жакыныңды сүй+, душманыңды жек көр“+,— деп айтылганын уккансыңар. 44 Мен болсо силерге мындай дейм: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү+ жана силе45 Ошондо асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар+, себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат+. 46 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык?+ Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи. 47 Ошондой эле бир туугандарыңар менен гана учурашсаңар, кандай өзгөчө иш кылган болосуңар? Башка элдер деле ошентишет эмеспи. 48 Андыктан асмандагы Атаңар жеткилең болгондой, силер да жеткилең болгула

6 Башкаларга көрүнүш үчүн эле адил+ болуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар. 2 Ошондуктан кайыр берип жатканыңда+, элге жарыялап, сурнай тартпа+. Башкалар даңктасын деп, синагогаларда жана көчөлөрдө сурнай тарткан эки жүздүүлөрдөй болбо. Силерге айтып коёюн, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты. 3 Кайыр бергениңде, оң колуңдун эмне кылып жатканын сол колуң билбесин. 4 Кайыр-садагаңды көрсөтпөй бер, ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың+.
5 Тиленип жатканыңарда да эки жүздүүлөрдөй болбогула, анткени алар башкаларга көрүнүш үчүн+ синагогаларда, чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп алып тиленгенди+ жакшы көрүшөт. Ишенип койгула, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты. 6 Сен болсо тиленерде өз бөлмөңө кирип, эшикти жап да+, көрүнбөгөн жайдагы Атаңан тилен+. Ошондо көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың. 7 Бирок тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайталай бербе+, себеби алар көп сөз айтканда Кудай угат деп ойлошот. 8 Силер алардай болбогула, анткени Кудай, асмандагы Атаңар, эмнеге муктаж экениңерди сурай элегиңерде эле билет+.
9 Ошондуктан мындай деп тиленгиле+:
„Асмандагы Атабыз, ысмың+ ыйыкталсын+. 10 Падышалыгың+ келсин. Асмандагыдай эле, жерде+ да сенин эркиң+ аткарылсын. 11 Бүгүнкү күнгө керектүү наныбызды бере көр+. 12 Биз башкалардын күнөөлөрүн* кечиргенибиздей эле, биздин да күнөөлөрүбүздү кечире көр+. 13 Ошондой эле азгырылышыбызга жол бербе+, кара өзгөйдөн* сакта“+.
14 Эгерде башкалардын катасын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет+. 15 Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт+.
16 Орозо кармаганыңарда+ эки жүздүүлөргө окшоп кабак бүркөгөнүңөрдү койгула. Анткени алар, орозо кармап жатышканын башкалар көрсүн деп+, өздөрүн байкуш кылып көрсөтүшөт. Ишенип койгула, алар өз сыйлыгын толугу менен алышты. 17 Сен болсо орозо кармаганда башыңды майлап, бетиңди жуу+. 18 Ошондо орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн жайдагы Атаңа+ көрсөткөн болосуң жана көрүнбөгөн жайдан баарын көрүп турган Атаңдан сыйлык аласың.
19 Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула+. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет. 20 Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула+. Ал жакта аны күбө жебейт, дат баспайт+, уурулар кирип, уурдап кетишпейт. 21 Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.
22 Дененин чырагы — көз+. Эгер көзүң бир эле нерсеге багытталса*, бүт денең жарык болот. 23 Эгер көзүң жаман нерсеге багытталса*+, бүт денең караңгы болот. Сендеги жарык, чынында, караңгылык болсо, анда ал караңгылык кандай гана коюу!+
24 Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт+ же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар+.
25 Ошондуктан силерге айтарым, эмне жеп, эмне ичериңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп+ денеңер үчүн тынчсызданбагыла*+. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи?!+ 26 Көктө учкан канаттууларды карагылачы+: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага да жыйнабайт, ошентсе да асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Силер алардан алда канча баалуу эмессиңерби?!+ 27 Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга* болсо да узарта аласыңар?+ 28 Кийимди ойлоп эмнеге тынчсызданасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы+: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. 29 Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун+, алардын бириндей да кийинген эмес. 30 Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар?+ 31 Ошондуктан „эмне жейбиз?“, „эмне ичебиз?“ же „эмне киебиз?“ деп эч качан тынчсызданбагыла+. 32 Мунун баарын ойлоп дүйнөнүн адамдары түйшүк тартышат. Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет+.
33 Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын жана адилдигин издегиле+, ошондо силерге мунун баары берилет+. 34 Андыктан эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла+, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү.

7 Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла+. 2 Себеби башкаларды кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар+. Башкаларга кандай мамиле кылсаңар, силерге да ошондой мамиле кылышат*+. 3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?+ 4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: „Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын“,— деп кантип айтасың?+ 5 Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып салыш керектигин көрөсүң.
6 Ыйык нерсени иттерге бербегиле+, берметиңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны тебелеп-тепсеп салат да+, анан кайра келип, өзүңөрдү качырат.
7 Сураганыңарды токтотпогула+, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула+, ошондо силерге эшик ачылат. 8 Анткени ар бир сураган адам алат+, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат. 9 Араңардан ким, уулу нан сураса+, таш берет? 10 Же балык сураса, жылан берет? 11 Эгер силер күнөөкөр болуп туруп+ балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерселерди кантип бербей койсун?!+
12 Ошентип, башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар+, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла. Мыйзамдын да, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн да маңызы ушунда+.
13 Тар дарбазадан киргиле+, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. 14 Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз+.
15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула+. Алар силерге кой терисин жамынып келишет+, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар+. 16 Аларды иштеринен* билесиңер+. Тикенектен жүзүм, коко тикенден анжир жыйнамак беле?+ 17 Ошо сыяктуу эле, ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет+. 18 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт. 19 Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат+. 20 Ошентип, ал адамдарды иштеринен билесиңер+.
21 Мага „Мырзам*, Мырзам“ деп кайрылгандардын баары эле асман Падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар+ гана кирет+. 22 Ошол күнү көптөр мага: „Мырзам, Мырзам+, биз сенин ысмың менен пайгамбарлык кылбадык беле? Сенин ысмың менен жиндерди* кууп чыгарбадык беле? Сенин ысмың менен көптөгөн кереметтерди жасабадык беле?“ — деп айтышат+. 23 Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин!+ Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам+.
24 Ушул сөздөрүмдү угуп, аткаргандардын баары үйүн аска таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош+. 25 Шамал согуп, жамгыр төгүп, сел жүрүп, ал үйдү каптады. Бирок ал ураган жок, анткени аска таштын үстүнө курулган болчу. 26 Ал эми сөздөрүмдү угуп, аткарбагандардын баары+ үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош+. 27 Шамал согуп, жамгыр төгүп, сел жүрүп, ал үйдү каптады+. Ошондо ал урап, чоң кыйроого учурады»+.
28 Иса сөзүн аяктаганда, эл анын окутуусуна абдан таң калды