Skip to content

Башталыш 1-2

 Башында+ Кудай+ асман менен жерди+ жаратты+. Жер даана көрүнө элек болчу жана ээн эле. Суу туңгуюктарын+ караңгылык каптап турган, Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү*+ суунун+ үстүнөн жылып жүргөн. Кудай: «Жарык болсун»,— деди+. Ошондо жарык пайда болду+.  Кудай жарыктын жакшы экенин көрдү жана аны караңгылыктан бөлдү+.  Ал жарыкты күн+ деп, караңгылыкты түн+ деп атады. Кеч кирди, таң атты; биринчи күн өттү. Анан Кудай: «Суулардын ортосунда мейкиндик+ болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун»,— деди+.  Ошентип, Кудай мейкиндик жаратып, анын астындагы сууларды анын үстүндөгү суулардан бөлдү+. Анан ошондой болду.  Кудай ал мейкиндикти асман+ деп атады. Кеч кирди, таң атты; экинчи күн өттү. Андан кийин Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун»,— деди+. Анан ошондой болду. 10  Кудай кургактыкты жер+ деп, чогулган сууларды деңиз+ деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү+. 11  Андан кийин Кудай: «Жер үстүндө чөп, уруктуу өсүмдүктөр+, өз түрү боюнча уруктуу жемиш бере турган+ дарактар өссүн»,— деди. Анан ошондой болду. 12  Жер үстүндө чөп, уруктуу өсүмдүктөр, өз түрү+ боюнча уруктуу жемиш берген+ дарактар өсө баштады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 13  Кеч кирди, таң атты; үчүнчү күн өттү.14  Анан Кудай: «Күн менен түндү бөлүп турушу үчүн асман мейкиндигинде чырактар пайда болсун+. Алар белги катары кызмат кылып, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды көрсөтүп турат+ жана 15  жерге жарык берип турушу үчүн асман мейкиндигинде чырак катары кызмат кылат»,— деди+. Анан ошондой болду. 16  Кудай эки чоң чыракты: күндү башкарышы үчүн чоңураак чыракты, түндү башкарышы үчүн кичирээк чыракты жарата баштады*, ошондой эле жылдыздарды жаратты+. 17  Кудай аларды асман мейкиндигине жайгаштырды. Аларды жерге жарык берип турушу үчүн+, 18  күн менен түндү башкарышы үчүн жана жарык менен караңгылыкты бөлүп турушу үчүн жайгаштырды+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү+. 19  Кеч кирди, таң атты; төртүнчү күн өттү.20  Анан Кудай: «Суулар көптөгөн тирүү жандыктарга* толсун+, жер үстүндө, асман мейкиндигинде, канаттуулар* учсун»,— деди+. 21  Ал чоң деңиз жаныбарларын+, сууда сүзүүчү көптөгөн тирүү жандыктарды*+, ошондой эле бардык канаттууларды түр-түрү менен жарата баштады+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 22  Анан аларга: «Тукумдап, көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула+. Жер үстүндө канаттуулар көп болсун»,— деп батасын берди. 23  Кеч кирди, таң атты; бешинчи күн өттү.24  Андан кийин Кудай: «Жер+ үстүндө тирүү жандыктар*: үй айбанаттары+, майда жан-жаныбарлар*+, жапайы жаныбарлар+ түр-түрү менен пайда болсун»,— деди. Анан ошондой болду. 25  Кудай жапайы жаныбарларды, үй айбанаттарын, майда жан-жаныбарларды* түр-түрү менен жарата баштады+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.26  Андан кийин Кудай: «Өзүбүздөй+ кылып, өзүбүзгө окшоштуруп+, адам жараталы+. Ал деңиздеги балыктардын, асманда учкан канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын, бүт жердин үстүнөн бийлик кылсын»,— деди+. 27  Кудай өзүндөй кылып адам жаратты+, аны өзүнө окшош кылып жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты+. 28  Анан аларга: «Укумдап-тукумдагыла+, жер бетин толтургула, аны иштеткиле+ жана деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»+,— деп батасын берди+.29  Андан кийин Кудай: «Жер жүзүндөгү уруктуу өсүмдүктөрдүн, мөмөсүндө уругу бар дарактардын баарын силерге бердим+. Алар силерге азык болсун+. 30  Жер бетиндеги жапайы жаныбарлардын, асмандагы канаттуулардын, жерде жашаган тирүү жандын баарына өсүмдүктөрдү азык катары бердим»,— деди+. Анан ошондой болду.31  Ошондон кийин Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көрдү+. Кеч кирди, таң атты; алтынчы күн өттү.Башталыш
1:1—31

Башталыш2:1—25

 Асман менен жер жана алардагынын бардыгы* ушундайча жаратылып бүттү+.  Жетинчи күнгө оогондо Кудай өзүнүн ишин бүтүрдү. Жасап жаткан иштеринин бардыгын бүтүрүп, жетинчи күндөн тартып эс ала баштады+.  Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени ошол күнү ал ниет кылган иштеринин баарын бүтүрүп, эс ала баштады+. Бул — асман менен жер жаратылган убакта, Жахаба* Кудай+ асман менен жерди жараткан күнү, алардын кантип пайда болгону жөнүндөгү билдирүү. Ал кезде жер бетинде бир да бадал, бир да өсүмдүк жок болчу, анткени Жахаба Кудай жерге жамгыр жаадыра элек эле+, ошондой эле жерди иштеткенге адам да жок болчу.  Жерден туман көтөрүлүп+, жер бетин сугарып турчу+. Анан Жахаба Кудай топурактан адам жаратып+, таноосуна өмүр демин үйлөдү+, ошондо ал тирүү жан болуп калды+.  Жахаба Кудай чыгышка, Эйденге+, бак отургузуп, өзү жараткан+ адамды ошол жерге жайгаштырды.  Жахаба Кудай жерден мөмөсүн жегенге боло турган, көрүнүшү жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү, ошондой эле бактын ортосуна өмүр дарагын+ жана жакшы менен жаманды таанытып билдире турган даракты+ өстүрдү.10  Эйденде бакты сугара турган дарыя агып турчу, ал төрт дарыяга бөлүнчү. 11  Биринчисинин аты — Пишон. Ал бүт Хабила+ жерин айланып агат. Ал жерде алтын бар. 12  Ал жактын алтыны таза+. Ошондой эле ал жерде жыпар жыттуу чайыр+ менен оникс ташы+ да бар. 13  Экинчи дарыянын аты — Гихон. Ал бүт Куш* жерин айланып агат. 14  Үчүнчү дарыянын аты — Хидекел*+. Ал Ашурдан*+ чыгышты көздөй агат. Төртүнчү дарыянын аты — Эфрат+.15  Жахаба Кудай адамды Эйден багына+ аны иштетсин, карасын деп жайгаштырды+. 16  Анан Жахаба Кудай адамга мындай деп буйрук берди: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот+. 17  Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»+.18  Анан Жахаба Кудай: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»+,— деди. 19  Жахаба Кудай топурактан ар кандай жапайы жаныбарларды, асманда учкан канаттууларды жаратып, аларды эмне деп атай турганын көрүш үчүн адамга алып келе баштады. Адам ар бир тирүү жанды+ эмне деп атаса, ал ошентип аталып калды+. 20  Адам бардык үй айбанаттарына, асманда учкан канаттууларга жана жапайы жаныбарлардын баарына ат койду, бирок ага өзүн толуктап тура турган жардамчы табылган жок. 21  Ошондо Жахаба Кудай адамды катуу уктатып койду да+, ал уктап жатканда, бир кабыргасын алып, ал жерин кайра бүтөп койду. 22  Анан Жахаба Кудай адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди+.23  Ошондо адам:«Мына, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк,Денемден алынган дене+.Бул аял деп аталат,Анткени эркектен* алынды»+,— деди.24  Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып+, аялы менен биригет* да, экөө бир дене болот+. 25  Ал экөө тең: эркек да, аялы да жылаңач эле+, бирок уялышкан эмес+