Skip to content

Благословения за послушание

Мыйзам 28:1 – 31:29

28 Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин алып, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын бардыгын кылдаттык менен аткарсаң+, Жахаба Кудайың сени жер бетиндеги башка элдердин баарынан жогору коёт+. 2 Эгерде Жахаба Кудайыңдын тилин алсаң, ал сага батасын төгөт+:
3 Ал сага шаарыңда да+, талааңда да батасын берет+.
4 Бала-бакыралуу кылып+, жериңден алган түшүмүңдү мол кылат+, малыңды, майда малың менен бодо малыңды көбөйтөт+.
5 Себетиңе+, камыр ачыткан идишиңе батасын берет+.
6 Кылган ишиңдин баарына батасын берет+.
7 Жахаба сага каршы чыккан душмандардын баарын кырып жок кылат+. Алар сага каршы бир жол менен келишет да, сенден качканда жети башка жол менен качышат+. 8 Жахаба кампаларыңа+, бардык иш-аракетиңе батасын берет+. Жахаба Кудайың өзү берген жерде сага батасын берет. 9 Эгер Жахаба Кудайыңдын осуяттарын аткарып+, анын жолдору менен жүрсөң, Жахаба өзү ант бергендей+, анын ыйык эли болосуң+. 10 Жер бетиндеги бардык элдер сенин Жахабанын ысмы менен аталганыңды көрүп+, сенден коркуп калышат+.
11 Жахаба сага берем деп ата-бабаларыңа убада кылган жерде+ Жахаба сага бардык жагынан батасын мол берет: бала-бакыраңды да+, малыңды да көбөйтүп, түшүмүңдү мол кылат+. 12 Убагында жамгыр жаадырып+, бардык ишиңе батасын бериш үчүн+ Жахаба өзүнүн берекелүү кампасын, асманын, ачат. Ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң болсо карыз албайсың+. 13 Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттарын аткарсаң+, Жахаба сени куйрук эмес, баш кылат: сени башкалардан жогору коёт+, алар сага үстөмдүк кыла алышпайт. 14 Мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттардан оңго да, солго да бурулбагыла+, башка кудайларды ээрчип, аларга кызмат кылбагыла+.
15 Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин албасаң, анын мен бүгүн буйрук кылган бардык осуяттары менен көрсөтмөлөрүн кылдаттык менен аткарбасаң, мындай каргыштарга каласың+:
16 Шаарыңда да+, талааңда да каргышка каласың+.
17 Себетиң+, камыр ачыткан идишиң каргышка калат+.
18 Балдарың+, жериңдин түшүмү+, бодо малың менен майда малыңдын төлү+ каргышка калат.
19 Эмне иш кылба, эч кандай ийгилик болбойт+.
20 Мени таштап, жаман иштерди кылганың үчүн кырылып, тез эле жок болуп кетмейин+, эмне иш кылба, Жахаба сени каргышка калтырат+, дүрбөлөңгө түшүрөт+, жазалайт+. 21 Ээлегени бараткан жерден сени кырып жок кылмайын, Жахаба сага жугуштуу ооруларды биринин артынан бирин жиберет+. 22 Жахаба сени кургак учук менен+, безгек менен жазалайт, денең оттой күйүп, чоктой ысыйт. Ал сени кылыч менен+, ысык шамал менен жазалайт+, өсүмдүктөрүң илдетке чалдыгат+. Кырылып жок болмоюн алардан арылбайсың. 23 Үстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот+. 24 Жахаба жериңе жамгырдын ордуна кум менен чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, алар үстүңө жаай берет. 25 Жахаба сени душмандарыңдын алдында кырып жок кылат+. Аларга каршы чыкканда бир жол менен барасың да, ал эми алардан качканда жети башка жол менен качасың. Жер бетиндеги падышалыктар башыңа түшкөн жамандыкты көрүп, коркуп калышат+. 26 Өлүгүңдү асманда учкан ар кандай канаттуулар менен талаа жаныбарлары жейт, аларды эч ким кубалабайт+.
27 Жахаба сени Мисирге жиберген жаралар менен+, көк баш* менен, сары карт* менен жана майда-майда жаралар менен жазалайт, алардан эч айыкпайсың. 28 Жахаба сени акылыңан адаштырып+, сокур+, деңдароо кылат+. 29 Чак түштө караңгыда сыйпалап баскан сокурга окшоп басасың+, жолуң болбойт. Сени алдашат, талап-тоношот, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 30 Сени менен убадалашкан кызды зордуктап кетишет+. Курган үйүңдө жашабайсың+, отургузган жүзүмзарыңдын үзүрүн көрбөйсүң+. 31 Букаңды көзүңчө союп алышат, бирок анын этинен бир кесим да жебейсиң. Эшегиңди каратып туруп эле уурдап кетишет, андан биротоло кол жууйсуң. Коюңду душмандарың алып кетет, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 32 Уул-кыздарыңды башка элдердин алып кетип баратканын+ өз көзүң менен көрөсүң. Аларды сагынып куса болосуң, бирок эч нерсе кыла албайсың+. 33 Жериңдин түшүмүн, бүт азык-түлүгүңдү сен тааныбаган эл жейт+. Сени дайыма алдашат, кысымга алышат+. 34 Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылыңан ажырайсың+.
35 Жахаба тизелериң менен сандарыңа, таманыңан төбөңө чейин коркунучтуу жара каптатат, алардан эч айыкпайсың+. 36 Жахаба сени, сен шайлаган падышаны+ өзүң да, ата-бабаларың да билбеген элдерге алып барат+. Ал жерде сен жыгачтан, таштан жасалган кудайларга кызмат кыласың+. 37 Жахаба алып барган жердеги элдер сенин абалыңды көрүп, үрөйлөрү учат+, аларга ылакап болосуң+, шылдың болосуң.
38 Талааңа көп үрөн сээп, аз түшүм аласың+, анткени баарын чегиртке жеп кетет+. 39 Жүзүмзар отургузуп, аны иштетесиң, бирок түшүмүн жыйнабайсың, шарабын ичпейсиң+, анткени баарын курт жейт+. 40 Жашаган жериңдин баарында зайтун дарактары өссө да, зайтун майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү күбүлүп калат+. 41 Уул-кыздарың төрөлөт, бирок сени менен жашашпайт, анткени аларды туткундап кетишет+. 42 Бак-дарактарың менен талааңдагы түшүмүңдү ызылдаган курт-кумурскалар жейт. 43 Араңарда жашаган келгин жогорулагандан жогорулайт, сен болсо 44 Ал сага карыз берет, сен болсо ага карыз бере албайсың+. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң+.
45 Жахаба Кудайыңдын тилин албай, анын сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарбаганың үчүн+ ушул каргыштарга калып+, акыры өлүп жок болосуң+. 46 Өзүң да, укум-тукумуң да каргышка калып, башкаларга эскертүү, сабак болосуң+. 47 Анткени баары мол болуп турса да+, Жахаба Кудайыңа кубанып, шаттанып кызмат кылган жоксуң+. 48 Жахаба сага каршы жиберген душмандарыңа ачка болуп+, суусап, жылаңач болуп, жокчулукта кызмат кыласың+. Ал сени кырып жок кылмайын, мойнуңан темир моюнтурук түшпөйт+.
49 Жахаба сага каршы алыс жактан, жердин түбүнөн сен тилин түшүнбөгөн+ элди алып келет+. Ал жемине шукшурулган бүркүттөй болуп келет+. 50 Ал эл — карыга да, жашка да ырайым кылбаган+ таш боор эл+. 51 Сени кырып жок кылмайын, алар малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн жешет+. Сени жок кылмайын, сага эгин да, май да, жаңы шарап да, майда малың менен бодо малыңдын төлүн да бербейт+. 52 Сен таянган бийик дубалдарыңдын баары куламайынча, алар шаарларыңдын бардыгын курчоого алышат, Жахаба Кудайың берген жердеги шаарларыңдын баарын курчап алышат+. 53 Душмандарыңдын курчоосунда калып кыйналганыңдан улам Жахаба Кудайың берген балдарыңды, уул-кыздарыңды, жейсиң+.
54 Атүгүл араңардагы жакшы жашоого көнгөн жумшак киши да өз бир тууганын, сүйгөн аялын, калган уулдарын жаман ниет менен карайт+. 55 Ал аларга өзү жеген уулдарынын этинен бир кесим да бербейт, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, анын жегенге башка эч нерсеси калбайт+. 56 Жакшы жашоого көнгөндүктөн+ бутун жерге койбогон назик аял сүйгөн күйөөсүн, уул-кызын жаман ниет менен карайт. 57 Атүгүл ичинен чыккан баласынын тонун да, өзү төрөгөн уулдарын да жаман ниет менен карайт+, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, ал жокчулуктун айынан кыйналып, аларды жашынып алып жейт+.
58 Эгер бул китептеги мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарбасаң+, Жахаба Кудайыңдын даңктуу+, коркунучтуу+ ысмынан коркпосоң+, 59 анда Жахаба сени да, укум-тукумуңду да коркунучтуу, оңой менен айыкпаган чоң-чоң жаралар менен+, көпкө чейин кыйнаган катуу оорулар менен жазалайт+. 60 Ал сага кайрадан Мисирдеги сен корккон ооруларды жиберет, алардан эч арылбайсың+. 61 Сен кырылып жок болмоюнча, Жахаба сага мыйзам жазылган бул китепте айтылбаган башка оорулар менен жараларды да жиберет. 62 Асмандагы жылдыздардай көп эл болгон болсоңор да+, аз эле каласыңар+, анткени Жахаба Кудайыңардын тилин алган жоксуңар.
63 Жахаба силерге жакшылык кылганда, укум-тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса+, Жахаба силерди кырып жок кылганда да ошондой кубанат+. Силер ээлегени бараткан жерден түп-тамырыңар менен жок болосуңар+.
64 Жахаба силерди элдердин арасына, жердин бир четинен экинчи четине чейин чачыратып жиберет+. Силер ал жерде өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген кудайларга, жыгач менен ташка, кызмат кыласыңар+. 65 Ал элдердин арасында силерге тынчтык болбойт+, бутуңарды сунуп эс ала турган жер таппайсыңар. Ал жерде Жахаба жүрөгүңөрдү титиретип+, көзүңөрдү начарлатат+, жаныңарды кейитет. 66 Өз жаның үчүн коркуп, күнү-түнү титирейсиң, аман каларыңа да көзүң жетпейт+. 67 Жүрөгүңдүн үшүн алган коркунучтан, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам эртең менен: „Кеч кирсе экен!“ — дейсиң, кечинде болсо: „Таң атса экен!“ — дейсиң+. 68 Жахаба силерди кемелерге салып, мен силерге: „Аны мындан ары эч качан көрбөйсүңөр“,— деп айткан жол менен кайра Мисирге алып барат+. Ал жактан өзүңөрдү душмандарыңарга кулдукка, күңдүккө сатасыңар+, бирок силерди эч ким сатып албайт»

29 Хорепте түзгөн келишиминен сырткары, Жахаба Мусага Маап жеринде Ысрайыл уулдары менен мындай сөздөрдү камтыган келишим түзүүнү буйрук кылды+.
2 Муса бүт Ысрайылды чакырып, мындай деди: «Силер Мисирде Жахабанын фараонду, анын бардык кулдарын, бүт жерин эмне кылганын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр+. 3 Ошондой эле анын улуу иштери менен керемет-жышаандарына+ күбө болгонсуңар+. 4 Бирок ушул күнгө чейин Жахаба силерге түшүнгөнгө жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок+. 5 „Мен силерди кырк жыл бою чөлдө алып жүрдүм+, үстүңөрдөгү кийимиңер да, бутуңардагы сандалыңар да жыртылган жок+. 6 Силер нан жеген жоксуңар+, күчтүү ичимдик ичкен жоксуңар. Бирок менин Жахаба экенимди, силердин Кудайыңар экенимди, билишиңер үчүн, мен силерге кам көргөм“. 7 Акыры, силер бул жерге келдиңер. Ошондо Хешпон падышасы Сихон+ менен Башан падышасы Ок+ биз менен салгылашканы чыгышты, бирок биз аларды талкалап таштадык+. 8 Анан алардын жерин басып алып, Рубейин уруусуна, Гат уруусуна жана Менаше уруусунун жарымына үлүшкө бердик+. 9 Ошондуктан бардык жагынан ийгиликке жетиш үчүн бул келишимде айтылгандарды аткаргыла+.
10 Силер бүгүн Жахаба Кудайыңардын алдында турасыңар. Уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар, башчыларыңар, Ысрайылдагы бүт эркектер+, 11 балдарыңар менен аялдарыңар+, ошондой эле конушуңардагы келгиндер+, отун жыйнагандарынан тартып суу ташыгандарына+ чейин — баарыңар Кудайыңардын алдында турасыңар. 12 Ант берип, Жахаба Кудайыңар менен келишим түзүш үчүн+ силер анын алдында турасыңар. Жахаба Кудайыңар бүгүн бул келишимди+ силер менен, 13 өзү силерге убада кылгандай, ата-бабаларыңар Ыбрайымга+, Ыскакка+ жана Жакыпка ант бергендей+, силерди өзүнүн эли кылыш үчүн+, силердин Кудайыңар болушу үчүн+ түзүп жатат.
14 Анттын негизинде түзүлүп жаткан бул келишимди+ мен силер менен гана эмес, 15 бул жерде биз менен бирге Жахаба Кудайыбыздын алдында тургандар менен, ошондой эле бүгүн биздин арабызда турбагандар менен да түзүп жатам+. 16 (Анткени Мисирде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кантип өткөнүбүздү+ өзүңөр жакшы билесиңер. 17 Силер алардын жийиркеничтүү нерселерин, заңдай жийиркеничтүү буркандарын+, жыгач менен таштан, күмүш менен алтындан жасалган буркандарын көргөнсүңөр.) 18 Силердин араңарда бүгүн жүрөгү Жахаба Кудайыбыздан четтеп, ошол элдердин кудайларына кызмат кылып кеткен+ эркек же аял, үй-бүлө же уруу болбошу үчүн, араңарда уулуу чөп же эрмен өсүп чыга турган тамыр пайда болбошу үчүн+, мен ушул келишимди түзүп жатам.
19 Эгер кимдир бирөө бул анттын+ сөздөрүн угуп, жакшы сугарылганды да, сууга чаңкаганды да жок кылыш үчүн ичинен: „Жүрөгүмдүн каалоосун аткара берсем деле+, эч нерсе болбойм“+,— деп мактанса, 20 Жахаба андай кишини кечиргиси келбейт+. Ага Жахабанын каары+ менен жаалы+ оттой жалындайт+, бул китепте жазылган каргыштын баары тиет+. Жахаба анын атын жер үстүнөн өчүрөт. 21 Ошентип, Жахаба аны келишимде, мыйзам китебинде айтылган каргыштарга калтырып, башына мүшкүл түшүрүш үчүн Ысрайылдын бүт урууларынан бөлүп коёт+.
22 Кийинки муундарыңар, келечекте төрөлө турган балдарыңар, ошондой эле алыс жактан келген келгин Жахабанын ал жерге кандай каргашаларды, ооруларды жибергенин көрүп+, 23 ал жердин Жахаба ачуусу, каары менен талкалаган+ Содом менен Амордой+, Адма+ менен Себоимдей+ болуп өрттүн+, күкүрт менен туздун+ айынан айдалбай калганын, эч нерсе өнбөй, эч нерсе өспөй калганын көрүп, 24 алар да, башка элдер да: „Жахаба бул жерди эмнеге ушинтип салды?+ Эмнеге ушунчалык каарданды?“ — дешет. 25 Ошондо аларга мындай дешет: „Анткени алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын аларды Мисир жеринен алып чыкканда түзгөн келишиминин+ шарттарын аткарбай коюшту+. 26 Алар башка кудайларга — өзүлөрү тааныбаган, Кудай сыйынбагыла деген кудайларга — таазим кылып, кызмат кылып кетишти+. 27 Ошондо бул жерге Жахабанын каары кайнап, аны бул китепте айтылган каргыштарга калтырды+. 28 Жахаба катуу каары, ачуусу, жаалы менен аларды өздөрүнүн жеринен түп-тамыры менен жулуп алып+, башка жерге, азыр алар жашап жаткан жерге, таштап койду“+.
29 Жашыруун нерселер+ Жахаба Кудайыбызга таандык, ал эми ачылган нерселер+, ушул мыйзамда жазылгандардын баарын аткарышыбыз үчүн, түбөлүккө бизге, балдарыбызга таандык

30 Бул сөздөрдүн баары — мен сага айткан баталар+ менен каргыштар+ — аткарылганда, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасында жашап жатып+ ушуларды эстесең,+ 2 өзүң да, уулдарың да Жахаба Кудайыңа кайрылып келип+, мен бүгүн буйрук кылгандардын баарын бүт жүрөгүң, бүт жаның менен аткарып+, анын тилин алсаң, 3 Жахаба Кудайың сени туткундан бошотуп+, сага ырайым кылат+, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайра чогултуп алат+. 4 Чачырап кеткен элиң жердин түбүндө жашаса да, Жахаба Кудайың сени ошол жактан алып келип, чогултуп алат+. 5 Жахаба Кудайың сени ата-бабаларыңдын жерине алып келет, сен аны ээлейсиң+. Ал сага жакшылык кылып, укум-тукумуңду ата-бабаларыңан да көп кылат. 6 Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң, бүт жаның менен сүйүшүң үчүн+ жана өмүр сүрүшүң үчүн, Жахаба Кудайың сенин жана тукумдарыңдын+ жүрөгүн сүннөткө отургузат+. 7 Ал эми сени жек көргөн, куугунтуктаган душмандарыңдын баарын Жахаба Кудайың ушул каргыштарга калтырат+.
8 Сен болсо Жахабага кайрылып келип, анын тилин аласың, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын баарын аткарасың+. 9 Жахаба Кудайың кылган иштериңдин баарына батасын берет+, балдарың, малың+, түшүмүң көп болот+, бардык жагынан гүлдөйсүң+, себеби Жахаба сага жакшылык кылып, ата-бабаларың үчүн кубангандай эле, сен үчүн да кайрадан кубанат+. 10 Анткени сен Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кайрылып келип+, Жахаба Кудайыңдын тилин аласың, анын бул мыйзам китебинде жазылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарасың+.
11 Мен бүгүн сага буйрук кылган осуят сен аткара албагыдай оор эмес, алыс да эмес+. 12 „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны асманга чыгып, ким алып келип берет?“ — дегидей, ал асманда эмес+. 13 Же: „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны деңиздин ары жагынан ким алып келип берет?“ — дегидей, ал деңиздин ары жагында да эмес. 14 Ал сөз сага жакын: сен аткара алышың үчүн+, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө+.
15 Мына, мен сага эки жолду сунуш кылып жатам: бири өмүр менен жакшылыкка, экинчиси өлүм менен жамандыкка алып барат+. 16 Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн буйрук кылган осуяттарын аткарсаң, Жахаба Кудайыңды сүйүп+, анын жолдору менен жүрсөң+, осуяттарын, көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарсаң+, өмүрүң узун болуп+, укум-тукумуң көбөйөт. Жахаба Кудайың сага ээлегени бара жаткан жериңде батасын берет+.
17 Эгер жүрөгүңдү тескери буруп, анын тилин албай койсоң+, азгырылып, башка кудайларга таазим этип, аларга кызмат кыла баштасаң+, 18 анда, айтып коёюн, кырылып жок болосуңар+. Иордандан өтүп, ээлегени бараткан жерде көпкө жашабайсыңар. 19 Мен сага өмүр менен өлүмдү+, бата+ менен каргышты+ сунуш кылдым. Асман менен жер кылган иштериңдин баарына күбө болот+. Өзүң да, тукумуң да+ өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда+. 20 Жахаба Кудайыңды сүй+, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал+. Анткени Жахаба сага өмүр берет, ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган+ жерде өмүрүңдү узун кылат»

31  Андан кийин Муса бүт Ысрайылга мындай деди:  «Мен азыр 120 жаштамын+. Мындан ары силердин алдыңарда кирип-чыга албайм+, анткени Жахаба мага: „Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң“,— деп айткан+.  Сени дарыянын аркы өйүзүнө Жахаба Кудайың өзү жетектеп барат+. Ал бул элдердин баарын сенин алдыңда кырып жок кылат, сен аларды кууп чыгасың+. Жахаба айткандай, дарыянын аркы өйүзүнө сени Жашыя алып барат+.  Жахаба аморлуктардын падышасы Сихон+ менен Октун жерин талкалап+, аларды кандай кылса, бул элдерди да ошондой кылат+.  Жахаба аларды силердин колуңарга салып берди+. Аларды, мен буйрук кылган осуяттарда кандай айтылса, ошондой кылгыла+.  Кайраттуу, бекем болгула+. Алардан коркпогула, жүрөгүңөр түшпөсүн+, анткени Жахаба Кудайыңар силер менен баратат. Ал силерди эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт»+. Анан Муса Жашыяны чакырып, бүт ысрайыл элинин алдында ага мындай деди: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени бул элди Жахаба алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерге сен алып барасың, ал жерди үлүшкө сен бөлүштүрүп бересиң+.  Жахаба сенин алдыңда барат, ал сени менен болот+. Ал сени эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт. Андыктан коркпо, үрөйүң учпасын»+. Андан кийин Муса бул мыйзамды жазып+, дин кызматчыларга, Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөн+ Леби уулдарына+ жана бүт Ысрайыл аксакалдарына берип, 10  аларга мындай деп буйрук кылды: «Ар бир жетинчи жылдын аягында, карызды кечүү жылынын+ белгилүү бир убагында, алачык майрамында+, 11  бүт ысрайыл эли Жахаба Кудайыңардын алдына+, ал тандаган жерге келгенде+, бул мыйзамды бүт Ысрайылдын алдында үн чыгара окуп бергиле+. 12  Бүт элди: эркектер менен аялдарды, балдарды, шаарыңарда жашаган келгиндерди чогулткула+. Алар бул мыйзамды угуп, Жахаба Кудайыңардан коркууга+ жана бул мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарууга үйрөнүшсүн+. 13  Алардын бул мыйзамды билбеген уулдары да аны угуп+, Иордандын аркы өйүзүндөгү силер ээлегени бараткан жерде+ өмүр бою Жахаба Кудайыңардан коркууга үйрөнүшсүн».14  Анан Жахаба Мусага: «Мына, көз жумарыңа аз калды+. Жашыяны чакыр да, экөөң жыйын чатырына келип, ошол жерде тургула. Мен аны жол башчы кылып дайындайм»+,— деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырына барып+, ошол жерде турушту. 15  Ошондо Жахаба булут мамынын ичинде жыйын чатырына келди. Булут мамы жыйын чатырынын кире беришине келип туруп калды+.16  Жахаба Мусага мындай деди: «Мына, сен эми ата-бабаларыңа кошуласың+. Бул эл болсо өздөрү бараткан жердеги элдердин кудайлары менен бузуктук кылышат+, алар менен түзгөн келишимимди бузуп+, мени таштап кетишет+. 17  Ошондо каарым кайнап+, аларды таштап салам+, алардан жүзүмдү жашырам+. Алар кыйрап, көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылышат+. Анан ошол күнү: „Ушул кырсыктын баарына Кудайыбыз биз менен болбогондуктан кабылып жаткан жокпузбу?“ — дешет+. 18  Алар башка кудайларга кайрылып, жаман иштерди кылышкандыктан, алардан жүзүмдү жашырам+.19  Ошондуктан бул ырды жазып алып+, Ысрайыл уулдарына үйрөткүлө+. Алар муну жаттасын, анткени бул ыр Ысрайыл уулдарына Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетип турат+. 20  Мен аларды ата-бабаларына убада кылган жерге+, бал менен сүт аккан жерге+, алып барам. Алар тойгончо жеп+, семиргенден кийин+ башка кудайларды ээрчип кетишет+. Аларга кызмат кылып, мени баркка албай, келишимимди бузушат+. 21  Алардын урпактары бул ырды дайыма ырдап жүрүшөт, ошондуктан алар көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылганда+, бул ыр Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетет. Мен алардын жүрөктөрүндө азыртадан эле, аларды убада кылган жерге алып барганга чейин эле, кандай ой өрчүп жатканын көрүп турам»+.22  Ошентип, Муса Ысрайыл уулдарына үйрөтүш үчүн ал ырды жазып алды+.23  Кудай Нундун уулу Жашыяны жол башчы кылып дайындап+: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени Ысрайыл уулдарын мен аларга берем деп убада кылган жерге сен алып барасың+. Мен сени менен болом»,— деди.24  Мыйзамдын баарын китепке жазып+ бүткөндөн кийин Муса 25  Жахабанын келишиминин сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге+ мындай деп буйрук кылды: 26  «Бул мыйзам китебин+ алып, Жахаба Кудайыңардын келишиминин сандыгынын+ жанына коюп койгула. Ал силерге каршы күбө болот+. 27  Силердин козголоңчул+, тоң моюн+ экениңерди жакшы билем. Көзүмдүн тирүүсүндө эле, Жахабага каршы чыгып жатсаңар, көзүм өткөндөн кийин ого бетер каршы чыгасыңар да!+ 28  Уруу аксакалдары менен башчыларыңардын+ баарын чогултуп келгиле. Мен аларга бул сөздөрдүн бардыгын айтып, асман менен жердегинин баарын аларга каршы күбө болууга чакырам+. 29  Анткени менин көзүм өткөндөн кийин, мен көрсөткөн жолдон чыгып, жийиркеничтүү иштерди кыларыңарды билем+. Силер Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, колуңар менен жасаган нерселериң менен аны капалантасыңар+, ошондуктан башыңарга мүшкүл түшөт»