Матай 21:23 – 23:39
Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо
Матай
23 Иса ибадатканага кирип, элди окутуп жатканда, жанына жогорку дин кызматчылар менен эл аксакалдары келип+: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп сурашты+. 24 Иса аларга: «Мен да силерден бир нерсе сурайын. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам+. 25 Жакан чөмүлдүрүүгө бийликти каяктан алган эле? Асманданбы же адамдарданбы?» — деди+. Ошондо алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал бизге: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт+. 26 „Адамдардан“,— деп айталы десек, элден коркобуз+, анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет»+,— деп сүйлөшө башташты. 27 Анан Исага: «Билбейбиз»,— деп жооп беришти. Ошондо ал мындай деди: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм+.28 Кандай деп ойлойсуңар? Бир кишинин эки уулу болгон экен+. Ал биринчисине барып: „Балам, бүгүн жүзүмзарга барып иштеп кел“,— деп айтат. 29 Баласы: „Макул, мырзам“+,— дейт, бирок барбай коёт. 30 Атасы экинчисине да барып, ошондой дейт. Ал баласы: „Барбайм“,— дейт. Бирок кийин өкүнүп+, иштегени барат. 31 Экөөнүн кайсынысы атасынын эркин аткарды?»+ Алар: «Экинчиси»,— дешти. Ошондо Иса мындай деди: «Ишенип койгула, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышалыгына силерден мурун баратышат. 32 Анткени Жакан силерге адилдиктин жолун көрсөткөнү келген+, бирок ага ишенбей койдуңар+. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар болсо ишеништи+. Силер баарын көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ага ишенген да жоксуңар.33 Дагы бир мисалды уккула: бир киши жүзүм отургузат да+, жүзүмзарын айландыра тосот. Анын ичине жүзүм сыккыч орнотуп, мунара салат+. Анан жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, башка өлкөгө кетет+. 34 Түшүм жыйноо маалы келгенде, ал жүзүмзарынын жемишинен алыш үчүн кулдарын багбандарга жөнөтөт. 35 Бирок багбандар аларды кармап алып, бирин сабашат, башкасын таш бараңга алышат, дагы бирин өлтүрүп салышат+. 36 Жүзүмзардын ээси кийинки жолу мурункудан да көп кулдарын жөнөтөт, бирок багбандар аларга да ошондой мамиле кылышат+. 37 Акырында ал: „Уулумду сыйлашар“ — деп, уулун жөнөтөт. 38 Аны көрүп, багбандар бири-бирине: „Бул — мурасчы+. Жүргүлө, өлтүрүп, мурасын ээлеп алалы!“ — деп айтышат+. 39 Анан аны кармап алып, жүзүмзардын сыртына сүйрөп чыгып, өлтүрүп салышат+. 40 Кийин жүзүмзардын ээси келгенде, ал багбандарды эмне кылат?» 41 Алар: «Зулумдарды өлтүрүп+, жүзүмзарын түшүмүн өз убагында жыйнап бере турган башка багбандарга берет»,— дешти+.42 Ошондо Иса аларга мындай деди: «Ыйык Жазмадан: „Куруучулар жаратпай койгон таш+ бурчка коюлуучу негизги таш болуп калды+. Бул Жахабадан, биздин көзүбүзгө таң калыштуу көрүнөт“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер? 43 Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы силерден алынып, анын жемишин бере турган элге берилет+. 44 Ким ал ташка жыгылса — жанчылат. Ал эми таш кимдин үстүнө куласа, аны басып калат»+.45 Бул мисалдарды укканда жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер Исанын алар жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү+. 46 Алар аны кармаганга аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Исаны пайгамбар деп эсептечү
Matthew
22: 1-46
22 Иса аларга жооп берип жатып дагы мындай мисал келтирди+: 2 «Асман Падышалыгы уулунун үйлөнүү тоюн+ өткөргөн падышага окшош. 3 Ал өзүнүн кулдарын тойго келе тургандарды чакырганы жөнөтөт+, бирок алардын келгиси келбейт+. 4 Ал чакырылгандарга дагы башка кулдарын жиберип+: „Дасторконумду белендеп+, өгүздөрүм менен борго байланган малымды союп, баарын даярдап койдум. Тойго келгиле“,— деп айттырат+. 5 Бирок тигилер кайдыгерлик кылып, бири талаасына, экинчиси соода иштери менен кетип калат+. 6 Калгандары болсо кулдарды кармап алып, кордук көрсөтүп, өлтүрүп салышат+.7 Буга падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберет. Алар ошол киши өлтүргүчтөрдү кырып, шаарын өрттөп салышат+. 8 Анан падыша кулдарына: „Той даяр, бирок чакырылгандар татыксыз болуп калышты+. 9 Ошондуктан шаардын чоң көчөлөрүнө чыгып, кезиккендердин баарын тойго чакыргыла“,— дейт+. 10 Кулдар көчөлөргө чыгып, жолуккандардын баарын: жаманын да, жакшысын да чогултушат+. Ошентип, той өткөрүлчү жай конокко толот+.11 Падыша меймандарды көргөнү кирип, тойго ылайыксыз кийим+ кийип келген бирөөнү байкайт. 12 Анан андан: „Дос, бул жерге ылайыксыз кийим менен кантип кирдиң?“+ — деп сурайт. Ал үндөбөйт. 13 Ошондо падыша кызматчыларына: „Мунун колу-бутун байлап, сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат“,— дейт+.14 Чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз»+.15 Ошондо фарисейлер кетип, Исаны сөзүнөн кармаш үчүн+ өз ара кеңешишти. 16 Анан ага өз шакирттерин Ироддун жактоочулары менен бирге жөнөтүштү+. Алар келип: «Устат, сенин дайыма чындыкты сүйлөөрүңдү жана Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз. Сен эч кимге жагынбайсың, анткени адамдардын ээлеген абалына карабайсың+. 17 Ошондуктан, оюңду айтчы, падышага киши башына төлөнчү салыкты төлөө туурабы же туура эмеспи?» — дешти+. 18 Иса алардын арам оюн билип: «Мени эмнеге сынап жатасыңар, эки жүздүүлөр?+ 19 Салыкка төлөнчү тыйынды көрсөткүлөчү»,— деди. Ага бир динар алып келишти. 20 «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сурады Иса+. 21 Алар: «Падышанын»,— дешти. Ошондо Иса: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди+. 22 Муну укканда алар таң калышты, анан ал жерден кетишти+.23 Өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер ошол күнү Исага келип, мындай деп сурашты+: 24 «Устат, Муса: „Эгерде кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деген болчу+. 25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, тукумсуз өтүп кетти. Анын аялын экинчиси алды+. 26 Бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да, ошентип, жетөө тең бала көрбөй өтүп кетишти+. 27 Акырында аял да өлдү. 28 Өлгөндөр тирилгенде, ал жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары алышкан болчу»+.29 Иса мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүрөсүңөр+. 30 Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт+. Алар асмандагы периштелердей болушат. 31 Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Кудайдын силерге эмне деп айтканын окуган эмес белеңер?+ 32 Кудай: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген+. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы»+. 33 Муну уккан эл анын окутуусуна таң калды+.34 Исанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, фарисейлер чогула калышты. 35 Анан алардын арасынан Мыйзамды жакшы билген бирөө Исаны сынап+: 36 «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сурады+. 37 Ал мындай деди: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“+. 38 Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. 39 Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“+. 40 Бүт Мыйзам да, пайгамбарлардын айткандары да ушул эки осуятка негизделет»+.41 Фарисейлер чогуу турганда, Иса алардан+: 42 «Машаяк жөнүндө эмне деп ойлойсуңар? Ал кимдин уулу?» — деп сурады. Алар: «Дөөтүнүн»,— дешти+. 43 Ошондо Иса: «Анда эмне үчүн Дөөтү ыйык рухтун таасири менен+ аны „Мырзам“ деп атайт? 44 Ал: „Жахаба менин Мырзама: “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“+,— дебеди беле? 45 Эгерде Дөөтү аны „Мырзам“ деп атаса, анда Машаяк кантип Дөөтүнүн уулу болсун?» — деп сурады+. 46 Буга эч ким эч нерсе деп жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып ага суроо берүүгө эч ким даабай калды+
Matthew
23: 1-39
23 Анан Иса элге жана шакирттерине+ мындай деди: 2 «Мусанын ордуна китепчилер+ менен фарисейлер отурду+. 3 Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла+, бирок кылгандарын кылбагыла+. Анткени алар айтарын айтышат, бирок өздөрү аткарышпайт. 4 Алар оор жүктөрдү таңып, башкалардын ийнине артып коюшат+, өздөрү болсо колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт+. 5 Алар бардык иштерин элге көрүнүш үчүн жасашат+. Ошондуктан тагынып жүргөн тумарларынын+ көлөмүн чоңойтуп, кийимдеринин этегиндеги чачыларын+ узартышат. 6 Тойлордо төрдөн орун алууну+, синагогаларда алдыңкы орундарда отурганды+, 7 базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын+ жана „Устат“ деп атаганын жакшы көрүшөт+. 8 Бирок силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар+. Силер болсо бир туугансыңар. 9 Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“+ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. 10 „Жол башчы“ деп да аталбагыла+, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. 11 Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун+. 12 Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат+; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт+.13 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени башкалардын асман Падышалыгына киришине тоскоолдук кылып жатасыңар+. Өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарды да киргизбей жатасыңар+. 14 ——15 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Диниңерди бир киши болсо да кабыл алышы үчүн, жер-суунун баарын кыдырып чыгасыңар. Ал эми ал максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе жаман, гээнага таштала турган кишиге айлантасыңар.16 Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени: „Кимдир бирөө ибадаткананы оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми ибадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— дейсиңер+. 17 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү: алтынбы же аны ыйык кылган ибадатканабы?+ 18 Ошондой эле силер: „Кимдир бирөө курмандык жайын оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми анын үстүндөгү тартууну оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү“,— деп айтасыңар. 19 Сокурлар! Кайсынысы маанилүү: тартуубу же аны ыйык кылган курмандык жайыбы?+ 20 Курмандык жайын оозанып ант берген адам аны жана анын үстүндөгү нерселердин баарын оозанып ант берген болот. 21 Ибадаткананы оозанып ант берген адам аны жана анда жашаганды+ оозанып ант берген болот. 22 Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын+ жана анда отурганды оозанып ант берген болот.23 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени жалбыздын, ашкөктүн, зиренин ондон бир бөлүгүн бересиңер+, бирок Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө+, кайрымдуулукка+, ишенимдүүлүккө+ маани бербейсиңер. Тигини да кылышыңар керек болчу, бирок башкаларын да көз жаздымында калтырбашыңар керек эле. 24 Сокур жол көрсөтүүчүлөр+, чиркейди+ чыпкалайсыңар да, төөнү+ жутасыңар!25 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени чөйчөк менен табактын сыртын тазалайсыңар+, бирок алардын ичи ач көздүккө+, ооздукталбаган каалоолорго толгон. 26 Сокур+ фарисей, адегенде чөйчөк менен табактын ичин тазала+, ошондо сырты да таза болот.27 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени акталган мүрзөлөргө окшошсуңар+. Алар сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлгөндөрдүн сөөктөрүнө, ар кандай ыпыластыкка толгон. 28 Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан адил болуп көрүнөсүңөр+, бирок ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.29 Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр+, башыңарга каран түн түшөт! Анткени пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын мүрзөлөрүн кооздойсуңар да+: 30 „Ата-бабаларыбыздын күндөрүндө жашасак, аларга кошулуп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз“,— дейсиңер+. 31 Ошентип, пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди+ өзүңөр эле айтып жатасыңар. 32 Анда ата-бабаларыңардын кыянат иштерин уланта бергиле+.33 Жыландар, кара чаар жыландын тукумдары+, гээнага ташталуу өкүмүнөн кантип качып кутуласыңар?+ 34 Ошон үчүн мен силерге пайгамбарларды, акылман адамдарды, насаатчыларды+ жиберип жатам+. Алардын кээ бирлерин өлтүрөсүңөр+, устунга кадайсыңар, айрымдарын синагогаларыңарда уруп-сабап+, шаардан шаарга кууп, куугунтуктайсыңар. 35 Ошентип, адил Абылдан+ тартып ибадаткана менен курмандык жайынын ортосунда силер өлтүргөн Берехиянын уулу Закарыяга+ чейинки жер үстүндөгү бардык адил адамдардын төгүлгөн каны+ силердин мойнуңарда болот+. 36 Силерге айтып коёюн, бул муун ушунун бардыгы үчүн жоопко тартылат+.37 Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп+, өзүңө жиберилгендерди+ таш бараңга алган+ Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай+, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар+. 38 Мына, үйүңөр+ кароосуз калтырылат!+ 39 Силерге айтып коёюн, силер: „Жахабанын ысмы менен келатканга Анын батасы тийсин!“+ — деп айтканыңарга чейин мени көрбөйсүңөр».
Благословения за послушание
Мыйзам 28:1 – 31:29
28 Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин алып, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын бардыгын кылдаттык менен аткарсаң+, Жахаба Кудайың сени жер бетиндеги башка элдердин баарынан жогору коёт+. 2 Эгерде Жахаба Кудайыңдын тилин алсаң, ал сага батасын төгөт+:
3 Ал сага шаарыңда да+, талааңда да батасын берет+.
4 Бала-бакыралуу кылып+, жериңден алган түшүмүңдү мол кылат+, малыңды, майда малың менен бодо малыңды көбөйтөт+.
5 Себетиңе+, камыр ачыткан идишиңе батасын берет+.
6 Кылган ишиңдин баарына батасын берет+.
7 Жахаба сага каршы чыккан душмандардын баарын кырып жок кылат+. Алар сага каршы бир жол менен келишет да, сенден качканда жети башка жол менен качышат+. 8 Жахаба кампаларыңа+, бардык иш-аракетиңе батасын берет+. Жахаба Кудайың өзү берген жерде сага батасын берет. 9 Эгер Жахаба Кудайыңдын осуяттарын аткарып+, анын жолдору менен жүрсөң, Жахаба өзү ант бергендей+, анын ыйык эли болосуң+. 10 Жер бетиндеги бардык элдер сенин Жахабанын ысмы менен аталганыңды көрүп+, сенден коркуп калышат+.
11 Жахаба сага берем деп ата-бабаларыңа убада кылган жерде+ Жахаба сага бардык жагынан батасын мол берет: бала-бакыраңды да+, малыңды да көбөйтүп, түшүмүңдү мол кылат+. 12 Убагында жамгыр жаадырып+, бардык ишиңе батасын бериш үчүн+ Жахаба өзүнүн берекелүү кампасын, асманын, ачат. Ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң болсо карыз албайсың+. 13 Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттарын аткарсаң+, Жахаба сени куйрук эмес, баш кылат: сени башкалардан жогору коёт+, алар сага үстөмдүк кыла алышпайт. 14 Мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттардан оңго да, солго да бурулбагыла+, башка кудайларды ээрчип, аларга кызмат кылбагыла+.
15 Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин албасаң, анын мен бүгүн буйрук кылган бардык осуяттары менен көрсөтмөлөрүн кылдаттык менен аткарбасаң, мындай каргыштарга каласың+:
16 Шаарыңда да+, талааңда да каргышка каласың+.
17 Себетиң+, камыр ачыткан идишиң каргышка калат+.
18 Балдарың+, жериңдин түшүмү+, бодо малың менен майда малыңдын төлү+ каргышка калат.
19 Эмне иш кылба, эч кандай ийгилик болбойт+.
20 Мени таштап, жаман иштерди кылганың үчүн кырылып, тез эле жок болуп кетмейин+, эмне иш кылба, Жахаба сени каргышка калтырат+, дүрбөлөңгө түшүрөт+, жазалайт+. 21 Ээлегени бараткан жерден сени кырып жок кылмайын, Жахаба сага жугуштуу ооруларды биринин артынан бирин жиберет+. 22 Жахаба сени кургак учук менен+, безгек менен жазалайт, денең оттой күйүп, чоктой ысыйт. Ал сени кылыч менен+, ысык шамал менен жазалайт+, өсүмдүктөрүң илдетке чалдыгат+. Кырылып жок болмоюн алардан арылбайсың. 23 Үстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот+. 24 Жахаба жериңе жамгырдын ордуна кум менен чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, алар үстүңө жаай берет. 25 Жахаба сени душмандарыңдын алдында кырып жок кылат+. Аларга каршы чыкканда бир жол менен барасың да, ал эми алардан качканда жети башка жол менен качасың. Жер бетиндеги падышалыктар башыңа түшкөн жамандыкты көрүп, коркуп калышат+. 26 Өлүгүңдү асманда учкан ар кандай канаттуулар менен талаа жаныбарлары жейт, аларды эч ким кубалабайт+.
27 Жахаба сени Мисирге жиберген жаралар менен+, көк баш* менен, сары карт* менен жана майда-майда жаралар менен жазалайт, алардан эч айыкпайсың. 28 Жахаба сени акылыңан адаштырып+, сокур+, деңдароо кылат+. 29 Чак түштө караңгыда сыйпалап баскан сокурга окшоп басасың+, жолуң болбойт. Сени алдашат, талап-тоношот, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 30 Сени менен убадалашкан кызды зордуктап кетишет+. Курган үйүңдө жашабайсың+, отургузган жүзүмзарыңдын үзүрүн көрбөйсүң+. 31 Букаңды көзүңчө союп алышат, бирок анын этинен бир кесим да жебейсиң. Эшегиңди каратып туруп эле уурдап кетишет, андан биротоло кол жууйсуң. Коюңду душмандарың алып кетет, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 32 Уул-кыздарыңды башка элдердин алып кетип баратканын+ өз көзүң менен көрөсүң. Аларды сагынып куса болосуң, бирок эч нерсе кыла албайсың+. 33 Жериңдин түшүмүн, бүт азык-түлүгүңдү сен тааныбаган эл жейт+. Сени дайыма алдашат, кысымга алышат+. 34 Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылыңан ажырайсың+.
35 Жахаба тизелериң менен сандарыңа, таманыңан төбөңө чейин коркунучтуу жара каптатат, алардан эч айыкпайсың+. 36 Жахаба сени, сен шайлаган падышаны+ өзүң да, ата-бабаларың да билбеген элдерге алып барат+. Ал жерде сен жыгачтан, таштан жасалган кудайларга кызмат кыласың+. 37 Жахаба алып барган жердеги элдер сенин абалыңды көрүп, үрөйлөрү учат+, аларга ылакап болосуң+, шылдың болосуң.
38 Талааңа көп үрөн сээп, аз түшүм аласың+, анткени баарын чегиртке жеп кетет+. 39 Жүзүмзар отургузуп, аны иштетесиң, бирок түшүмүн жыйнабайсың, шарабын ичпейсиң+, анткени баарын курт жейт+. 40 Жашаган жериңдин баарында зайтун дарактары өссө да, зайтун майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү күбүлүп калат+. 41 Уул-кыздарың төрөлөт, бирок сени менен жашашпайт, анткени аларды туткундап кетишет+. 42 Бак-дарактарың менен талааңдагы түшүмүңдү ызылдаган курт-кумурскалар жейт. 43 Араңарда жашаган келгин жогорулагандан жогорулайт, сен болсо 44 Ал сага карыз берет, сен болсо ага карыз бере албайсың+. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң+.
45 Жахаба Кудайыңдын тилин албай, анын сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарбаганың үчүн+ ушул каргыштарга калып+, акыры өлүп жок болосуң+. 46 Өзүң да, укум-тукумуң да каргышка калып, башкаларга эскертүү, сабак болосуң+. 47 Анткени баары мол болуп турса да+, Жахаба Кудайыңа кубанып, шаттанып кызмат кылган жоксуң+. 48 Жахаба сага каршы жиберген душмандарыңа ачка болуп+, суусап, жылаңач болуп, жокчулукта кызмат кыласың+. Ал сени кырып жок кылмайын, мойнуңан темир моюнтурук түшпөйт+.
49 Жахаба сага каршы алыс жактан, жердин түбүнөн сен тилин түшүнбөгөн+ элди алып келет+. Ал жемине шукшурулган бүркүттөй болуп келет+. 50 Ал эл — карыга да, жашка да ырайым кылбаган+ таш боор эл+. 51 Сени кырып жок кылмайын, алар малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн жешет+. Сени жок кылмайын, сага эгин да, май да, жаңы шарап да, майда малың менен бодо малыңдын төлүн да бербейт+. 52 Сен таянган бийик дубалдарыңдын баары куламайынча, алар шаарларыңдын бардыгын курчоого алышат, Жахаба Кудайың берген жердеги шаарларыңдын баарын курчап алышат+. 53 Душмандарыңдын курчоосунда калып кыйналганыңдан улам Жахаба Кудайың берген балдарыңды, уул-кыздарыңды, жейсиң+.
54 Атүгүл араңардагы жакшы жашоого көнгөн жумшак киши да өз бир тууганын, сүйгөн аялын, калган уулдарын жаман ниет менен карайт+. 55 Ал аларга өзү жеген уулдарынын этинен бир кесим да бербейт, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, анын жегенге башка эч нерсеси калбайт+. 56 Жакшы жашоого көнгөндүктөн+ бутун жерге койбогон назик аял сүйгөн күйөөсүн, уул-кызын жаман ниет менен карайт. 57 Атүгүл ичинен чыккан баласынын тонун да, өзү төрөгөн уулдарын да жаман ниет менен карайт+, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, ал жокчулуктун айынан кыйналып, аларды жашынып алып жейт+.
58 Эгер бул китептеги мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарбасаң+, Жахаба Кудайыңдын даңктуу+, коркунучтуу+ ысмынан коркпосоң+, 59 анда Жахаба сени да, укум-тукумуңду да коркунучтуу, оңой менен айыкпаган чоң-чоң жаралар менен+, көпкө чейин кыйнаган катуу оорулар менен жазалайт+. 60 Ал сага кайрадан Мисирдеги сен корккон ооруларды жиберет, алардан эч арылбайсың+. 61 Сен кырылып жок болмоюнча, Жахаба сага мыйзам жазылган бул китепте айтылбаган башка оорулар менен жараларды да жиберет. 62 Асмандагы жылдыздардай көп эл болгон болсоңор да+, аз эле каласыңар+, анткени Жахаба Кудайыңардын тилин алган жоксуңар.
63 Жахаба силерге жакшылык кылганда, укум-тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса+, Жахаба силерди кырып жок кылганда да ошондой кубанат+. Силер ээлегени бараткан жерден түп-тамырыңар менен жок болосуңар+.
64 Жахаба силерди элдердин арасына, жердин бир четинен экинчи четине чейин чачыратып жиберет+. Силер ал жерде өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген кудайларга, жыгач менен ташка, кызмат кыласыңар+. 65 Ал элдердин арасында силерге тынчтык болбойт+, бутуңарды сунуп эс ала турган жер таппайсыңар. Ал жерде Жахаба жүрөгүңөрдү титиретип+, көзүңөрдү начарлатат+, жаныңарды кейитет. 66 Өз жаның үчүн коркуп, күнү-түнү титирейсиң, аман каларыңа да көзүң жетпейт+. 67 Жүрөгүңдүн үшүн алган коркунучтан, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам эртең менен: „Кеч кирсе экен!“ — дейсиң, кечинде болсо: „Таң атса экен!“ — дейсиң+. 68 Жахаба силерди кемелерге салып, мен силерге: „Аны мындан ары эч качан көрбөйсүңөр“,— деп айткан жол менен кайра Мисирге алып барат+. Ал жактан өзүңөрдү душмандарыңарга кулдукка, күңдүккө сатасыңар+, бирок силерди эч ким сатып албайт»
29 Хорепте түзгөн келишиминен сырткары, Жахаба Мусага Маап жеринде Ысрайыл уулдары менен мындай сөздөрдү камтыган келишим түзүүнү буйрук кылды+.
2 Муса бүт Ысрайылды чакырып, мындай деди: «Силер Мисирде Жахабанын фараонду, анын бардык кулдарын, бүт жерин эмне кылганын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр+. 3 Ошондой эле анын улуу иштери менен керемет-жышаандарына+ күбө болгонсуңар+. 4 Бирок ушул күнгө чейин Жахаба силерге түшүнгөнгө жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок+. 5 „Мен силерди кырк жыл бою чөлдө алып жүрдүм+, үстүңөрдөгү кийимиңер да, бутуңардагы сандалыңар да жыртылган жок+. 6 Силер нан жеген жоксуңар+, күчтүү ичимдик ичкен жоксуңар. Бирок менин Жахаба экенимди, силердин Кудайыңар экенимди, билишиңер үчүн, мен силерге кам көргөм“. 7 Акыры, силер бул жерге келдиңер. Ошондо Хешпон падышасы Сихон+ менен Башан падышасы Ок+ биз менен салгылашканы чыгышты, бирок биз аларды талкалап таштадык+. 8 Анан алардын жерин басып алып, Рубейин уруусуна, Гат уруусуна жана Менаше уруусунун жарымына үлүшкө бердик+. 9 Ошондуктан бардык жагынан ийгиликке жетиш үчүн бул келишимде айтылгандарды аткаргыла+.
10 Силер бүгүн Жахаба Кудайыңардын алдында турасыңар. Уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар, башчыларыңар, Ысрайылдагы бүт эркектер+, 11 балдарыңар менен аялдарыңар+, ошондой эле конушуңардагы келгиндер+, отун жыйнагандарынан тартып суу ташыгандарына+ чейин — баарыңар Кудайыңардын алдында турасыңар. 12 Ант берип, Жахаба Кудайыңар менен келишим түзүш үчүн+ силер анын алдында турасыңар. Жахаба Кудайыңар бүгүн бул келишимди+ силер менен, 13 өзү силерге убада кылгандай, ата-бабаларыңар Ыбрайымга+, Ыскакка+ жана Жакыпка ант бергендей+, силерди өзүнүн эли кылыш үчүн+, силердин Кудайыңар болушу үчүн+ түзүп жатат.
14 Анттын негизинде түзүлүп жаткан бул келишимди+ мен силер менен гана эмес, 15 бул жерде биз менен бирге Жахаба Кудайыбыздын алдында тургандар менен, ошондой эле бүгүн биздин арабызда турбагандар менен да түзүп жатам+. 16 (Анткени Мисирде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кантип өткөнүбүздү+ өзүңөр жакшы билесиңер. 17 Силер алардын жийиркеничтүү нерселерин, заңдай жийиркеничтүү буркандарын+, жыгач менен таштан, күмүш менен алтындан жасалган буркандарын көргөнсүңөр.) 18 Силердин араңарда бүгүн жүрөгү Жахаба Кудайыбыздан четтеп, ошол элдердин кудайларына кызмат кылып кеткен+ эркек же аял, үй-бүлө же уруу болбошу үчүн, араңарда уулуу чөп же эрмен өсүп чыга турган тамыр пайда болбошу үчүн+, мен ушул келишимди түзүп жатам.
19 Эгер кимдир бирөө бул анттын+ сөздөрүн угуп, жакшы сугарылганды да, сууга чаңкаганды да жок кылыш үчүн ичинен: „Жүрөгүмдүн каалоосун аткара берсем деле+, эч нерсе болбойм“+,— деп мактанса, 20 Жахаба андай кишини кечиргиси келбейт+. Ага Жахабанын каары+ менен жаалы+ оттой жалындайт+, бул китепте жазылган каргыштын баары тиет+. Жахаба анын атын жер үстүнөн өчүрөт. 21 Ошентип, Жахаба аны келишимде, мыйзам китебинде айтылган каргыштарга калтырып, башына мүшкүл түшүрүш үчүн Ысрайылдын бүт урууларынан бөлүп коёт+.
22 Кийинки муундарыңар, келечекте төрөлө турган балдарыңар, ошондой эле алыс жактан келген келгин Жахабанын ал жерге кандай каргашаларды, ооруларды жибергенин көрүп+, 23 ал жердин Жахаба ачуусу, каары менен талкалаган+ Содом менен Амордой+, Адма+ менен Себоимдей+ болуп өрттүн+, күкүрт менен туздун+ айынан айдалбай калганын, эч нерсе өнбөй, эч нерсе өспөй калганын көрүп, 24 алар да, башка элдер да: „Жахаба бул жерди эмнеге ушинтип салды?+ Эмнеге ушунчалык каарданды?“ — дешет. 25 Ошондо аларга мындай дешет: „Анткени алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын аларды Мисир жеринен алып чыкканда түзгөн келишиминин+ шарттарын аткарбай коюшту+. 26 Алар башка кудайларга — өзүлөрү тааныбаган, Кудай сыйынбагыла деген кудайларга — таазим кылып, кызмат кылып кетишти+. 27 Ошондо бул жерге Жахабанын каары кайнап, аны бул китепте айтылган каргыштарга калтырды+. 28 Жахаба катуу каары, ачуусу, жаалы менен аларды өздөрүнүн жеринен түп-тамыры менен жулуп алып+, башка жерге, азыр алар жашап жаткан жерге, таштап койду“+.
29 Жашыруун нерселер+ Жахаба Кудайыбызга таандык, ал эми ачылган нерселер+, ушул мыйзамда жазылгандардын баарын аткарышыбыз үчүн, түбөлүккө бизге, балдарыбызга таандык
30 Бул сөздөрдүн баары — мен сага айткан баталар+ менен каргыштар+ — аткарылганда, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасында жашап жатып+ ушуларды эстесең,+ 2 өзүң да, уулдарың да Жахаба Кудайыңа кайрылып келип+, мен бүгүн буйрук кылгандардын баарын бүт жүрөгүң, бүт жаның менен аткарып+, анын тилин алсаң, 3 Жахаба Кудайың сени туткундан бошотуп+, сага ырайым кылат+, Жахаба Кудайың сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайра чогултуп алат+. 4 Чачырап кеткен элиң жердин түбүндө жашаса да, Жахаба Кудайың сени ошол жактан алып келип, чогултуп алат+. 5 Жахаба Кудайың сени ата-бабаларыңдын жерине алып келет, сен аны ээлейсиң+. Ал сага жакшылык кылып, укум-тукумуңду ата-бабаларыңан да көп кылат. 6 Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң, бүт жаның менен сүйүшүң үчүн+ жана өмүр сүрүшүң үчүн, Жахаба Кудайың сенин жана тукумдарыңдын+ жүрөгүн сүннөткө отургузат+. 7 Ал эми сени жек көргөн, куугунтуктаган душмандарыңдын баарын Жахаба Кудайың ушул каргыштарга калтырат+.
8 Сен болсо Жахабага кайрылып келип, анын тилин аласың, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын баарын аткарасың+. 9 Жахаба Кудайың кылган иштериңдин баарына батасын берет+, балдарың, малың+, түшүмүң көп болот+, бардык жагынан гүлдөйсүң+, себеби Жахаба сага жакшылык кылып, ата-бабаларың үчүн кубангандай эле, сен үчүн да кайрадан кубанат+. 10 Анткени сен Жахаба Кудайыңа бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кайрылып келип+, Жахаба Кудайыңдын тилин аласың, анын бул мыйзам китебинде жазылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарасың+.
11 Мен бүгүн сага буйрук кылган осуят сен аткара албагыдай оор эмес, алыс да эмес+. 12 „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны асманга чыгып, ким алып келип берет?“ — дегидей, ал асманда эмес+. 13 Же: „Биз угуп, аткарышыбыз үчүн, аны деңиздин ары жагынан ким алып келип берет?“ — дегидей, ал деңиздин ары жагында да эмес. 14 Ал сөз сага жакын: сен аткара алышың үчүн+, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө+.
15 Мына, мен сага эки жолду сунуш кылып жатам: бири өмүр менен жакшылыкка, экинчиси өлүм менен жамандыкка алып барат+. 16 Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн буйрук кылган осуяттарын аткарсаң, Жахаба Кудайыңды сүйүп+, анын жолдору менен жүрсөң+, осуяттарын, көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарсаң+, өмүрүң узун болуп+, укум-тукумуң көбөйөт. Жахаба Кудайың сага ээлегени бара жаткан жериңде батасын берет+.
17 Эгер жүрөгүңдү тескери буруп, анын тилин албай койсоң+, азгырылып, башка кудайларга таазим этип, аларга кызмат кыла баштасаң+, 18 анда, айтып коёюн, кырылып жок болосуңар+. Иордандан өтүп, ээлегени бараткан жерде көпкө жашабайсыңар. 19 Мен сага өмүр менен өлүмдү+, бата+ менен каргышты+ сунуш кылдым. Асман менен жер кылган иштериңдин баарына күбө болот+. Өзүң да, тукумуң да+ өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда+. 20 Жахаба Кудайыңды сүй+, анын тилин ал, ага ишенимдүү бойдон кал+. Анткени Жахаба сага өмүр берет, ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган+ жерде өмүрүңдү узун кылат»
31 Андан кийин Муса бүт Ысрайылга мындай деди: 2 «Мен азыр 120 жаштамын+. Мындан ары силердин алдыңарда кирип-чыга албайм+, анткени Жахаба мага: „Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң“,— деп айткан+. 3 Сени дарыянын аркы өйүзүнө Жахаба Кудайың өзү жетектеп барат+. Ал бул элдердин баарын сенин алдыңда кырып жок кылат, сен аларды кууп чыгасың+. Жахаба айткандай, дарыянын аркы өйүзүнө сени Жашыя алып барат+. 4 Жахаба аморлуктардын падышасы Сихон+ менен Октун жерин талкалап+, аларды кандай кылса, бул элдерди да ошондой кылат+. 5 Жахаба аларды силердин колуңарга салып берди+. Аларды, мен буйрук кылган осуяттарда кандай айтылса, ошондой кылгыла+. 6 Кайраттуу, бекем болгула+. Алардан коркпогула, жүрөгүңөр түшпөсүн+, анткени Жахаба Кудайыңар силер менен баратат. Ал силерди эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт»+.7 Анан Муса Жашыяны чакырып, бүт ысрайыл элинин алдында ага мындай деди: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени бул элди Жахаба алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерге сен алып барасың, ал жерди үлүшкө сен бөлүштүрүп бересиң+. 8 Жахаба сенин алдыңда барат, ал сени менен болот+. Ал сени эч качан калтырбайт, эч убакта таштабайт. Андыктан коркпо, үрөйүң учпасын»+.9 Андан кийин Муса бул мыйзамды жазып+, дин кызматчыларга, Жахабанын келишим сандыгын көтөрүп жүргөн+ Леби уулдарына+ жана бүт Ысрайыл аксакалдарына берип, 10 аларга мындай деп буйрук кылды: «Ар бир жетинчи жылдын аягында, карызды кечүү жылынын+ белгилүү бир убагында, алачык майрамында+, 11 бүт ысрайыл эли Жахаба Кудайыңардын алдына+, ал тандаган жерге келгенде+, бул мыйзамды бүт Ысрайылдын алдында үн чыгара окуп бергиле+. 12 Бүт элди: эркектер менен аялдарды, балдарды, шаарыңарда жашаган келгиндерди чогулткула+. Алар бул мыйзамды угуп, Жахаба Кудайыңардан коркууга+ жана бул мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарууга үйрөнүшсүн+. 13 Алардын бул мыйзамды билбеген уулдары да аны угуп+, Иордандын аркы өйүзүндөгү силер ээлегени бараткан жерде+ өмүр бою Жахаба Кудайыңардан коркууга үйрөнүшсүн».14 Анан Жахаба Мусага: «Мына, көз жумарыңа аз калды+. Жашыяны чакыр да, экөөң жыйын чатырына келип, ошол жерде тургула. Мен аны жол башчы кылып дайындайм»+,— деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырына барып+, ошол жерде турушту. 15 Ошондо Жахаба булут мамынын ичинде жыйын чатырына келди. Булут мамы жыйын чатырынын кире беришине келип туруп калды+.16 Жахаба Мусага мындай деди: «Мына, сен эми ата-бабаларыңа кошуласың+. Бул эл болсо өздөрү бараткан жердеги элдердин кудайлары менен бузуктук кылышат+, алар менен түзгөн келишимимди бузуп+, мени таштап кетишет+. 17 Ошондо каарым кайнап+, аларды таштап салам+, алардан жүзүмдү жашырам+. Алар кыйрап, көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылышат+. Анан ошол күнү: „Ушул кырсыктын баарына Кудайыбыз биз менен болбогондуктан кабылып жаткан жокпузбу?“ — дешет+. 18 Алар башка кудайларга кайрылып, жаман иштерди кылышкандыктан, алардан жүзүмдү жашырам+.19 Ошондуктан бул ырды жазып алып+, Ысрайыл уулдарына үйрөткүлө+. Алар муну жаттасын, анткени бул ыр Ысрайыл уулдарына Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетип турат+. 20 Мен аларды ата-бабаларына убада кылган жерге+, бал менен сүт аккан жерге+, алып барам. Алар тойгончо жеп+, семиргенден кийин+ башка кудайларды ээрчип кетишет+. Аларга кызмат кылып, мени баркка албай, келишимимди бузушат+. 21 Алардын урпактары бул ырды дайыма ырдап жүрүшөт, ошондуктан алар көптөгөн кырсык-каргашаларга кабылганда+, бул ыр Кудайдын тилин албаганда эмне болорун эстетет. Мен алардын жүрөктөрүндө азыртадан эле, аларды убада кылган жерге алып барганга чейин эле, кандай ой өрчүп жатканын көрүп турам»+.22 Ошентип, Муса Ысрайыл уулдарына үйрөтүш үчүн ал ырды жазып алды+.23 Кудай Нундун уулу Жашыяны жол башчы кылып дайындап+: «Кайраттуу, бекем бол+, анткени Ысрайыл уулдарын мен аларга берем деп убада кылган жерге сен алып барасың+. Мен сени менен болом»,— деди.24 Мыйзамдын баарын китепке жазып+ бүткөндөн кийин Муса 25 Жахабанын келишиминин сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге+ мындай деп буйрук кылды: 26 «Бул мыйзам китебин+ алып, Жахаба Кудайыңардын келишиминин сандыгынын+ жанына коюп койгула. Ал силерге каршы күбө болот+. 27 Силердин козголоңчул+, тоң моюн+ экениңерди жакшы билем. Көзүмдүн тирүүсүндө эле, Жахабага каршы чыгып жатсаңар, көзүм өткөндөн кийин ого бетер каршы чыгасыңар да!+ 28 Уруу аксакалдары менен башчыларыңардын+ баарын чогултуп келгиле. Мен аларга бул сөздөрдүн бардыгын айтып, асман менен жердегинин баарын аларга каршы күбө болууга чакырам+. 29 Анткени менин көзүм өткөндөн кийин, мен көрсөткөн жолдон чыгып, жийиркеничтүү иштерди кыларыңарды билем+. Силер Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылып, колуңар менен жасаган нерселериң менен аны капалантасыңар+, ошондуктан башыңарга мүшкүл түшөт»